61 لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ
Амал кылуучулар мына ушундайча амал кылышсын.
61 لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ
Амал кылуучулар мына ушундайча амал кылышсын.
62 أَذَلِكَ خَيْرٌ نُزُلًا أَمْ شَجَرَةُ الزَّقُّومِ
Ушул (Бейиштеги) сыйлуу орун жакшыбы? Же (Тозоктогу) Заккум дарагы жакшыбы?
a. Заккум – тозоктогуларга жемиши бериле турган уулуу, сасык дарактын бир түрү.
63 إِنَّا جَعَلْنَاهَا فِتْنَةً لِلظَّالِمِينَ
Чындыгында, заккум дарагын заалымдар үчүн балээ кылдык.
64 إِنَّهَا شَجَرَةٌ تَخْرُجُ فِي أَصْلِ الْجَحِيمِ
Чындыгында, ал Тозоктун түбүнөн чыккан дарак.
65 طَلْعُهَا كَأَنَّهُ رُءُوسُ الشَّيَاطِينِ
Анын чанагы шайтандардын башы сыйактуу.
a. Жемишинин чанагы
66 فَإِنَّهُمْ لَآكِلُونَ مِنْهَا فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ
Албетте, алар ошондон жеп курсактарын толтурушат.
a. тозоктогулар
67 ثُمَّ إِنَّ لَهُمْ عَلَيْهَا لَشَوْبًا مِنْ حَمِيمٍ
Анан аларга кайнап турган суудан аралашма берилет.
68 ثُمَّ إِنَّ مَرْجِعَهُمْ لَإِلَى الْجَحِيمِ
Андан соң, кийин алардын кайтар жери, кайра эле Тозок болот.
a. Демек, бул суу Тозоктун сыртында, аны ичүү үчүн чыгарылып, анан кайра киргизилет
69 إِنَّهُمْ أَلْفَوْا آبَاءَهُمْ ضَالِّينَ
Ырасында, алар ата-бабаларын адашкан абалда табышкан (жана ошолорду ээрчишкен)..
70 فَهُمْ عَلَى آثَارِهِمْ يُهْرَعُونَ
Ошондо алар ата-бабаларынын (адашкан) жолу менен шашылып кетишкен болчу.
71 وَلَقَدْ ضَلَّ قَبْلَهُمْ أَكْثَرُ الْأَوَّلِينَ
Алардан мурун да, алгачкы адамдардын көбү адашкандар эле.
72 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا فِيهِمْ مُنْذِرِينَ
Чындыгында, аларга да эскертүүчү (пайгамбар) жиберген элек.
73 فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُنْذَرِينَ
Эскертилгендердин акыбети кандай болгонун көрүп ал!
a. Эскертүүчүгө кулак салбаганы үчүн аларды кыйратып, жер менен жексен кылып салдык
74 إِلَّا عِبَادَ اللَّهِ الْمُخْلَصِينَ
Бирок, Аллахтын ыкластуу пенделери үчүн башка (орундар камдалган).
75 وَلَقَدْ نَادَانَا نُوحٌ فَلَنِعْمَ الْمُجِيبُونَ
Акыйкатта, Нух Бизге жалбарды. Биз кандай жакшы жооп берүүчүбүз!
76 وَنَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ مِنَ الْكَرْبِ الْعَظِيمِ
Аны да, үй бүлөсүн да зор кайгыдан куткардык.
77 وَجَعَلْنَا ذُرِّيَّتَهُ هُمُ الْبَاقِينَ
Нухтун урпактарын (аман) калуучулардан кылдык.
78 وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِي الْآخِرِينَ
Аны кийинкилерге калтырдык.
a. Нух тууралуу байандарды
79 سَلَامٌ عَلَى نُوحٍ فِي الْعَالَمِينَ
Нухка бүткүл ааламдардан салам болсун!
80 إِنَّا كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Чындыгында, Биз жакшы иштерди жасагандарды ушинтип сыйга бөлөйбүз.