бөлүм Сааффат - الصافات

101 فَبَشَّرْنَاهُ بِغُلَامٍ حَلِيمٍ

Аны назик бир уул менен кубанттык.

102 فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ السَّعْيَ قَالَ يَا بُنَيَّ إِنِّي أَرَى فِي الْمَنَامِ أَنِّي أَذْبَحُكَ فَانْظُرْ مَاذَا تَرَى قَالَ يَا أَبَتِ افْعَلْ مَا تُؤْمَرُ سَتَجِدُنِي إِنْ شَاءَ اللَّهُ مِنَ الصَّابِرِينَ

Уулу (Исмайил) аны менен бирге жүрүүгө жарап калган кезде: “Уулум! Сени түшүмдө мууздап жатыпмын. Ойлонуп көрчү. Буга кандай карайсың?”, – деди. Ал: “Оо, Атаке! Сага (Аллахтан) кандай буйрук келсе, ошону аткар. Аллах кааласа, менин сабырдуулардан экенимди табасың”, – деди.

a. Көрөсүң

103 فَلَمَّا أَسْلَمَا وَتَلَّهُ لِلْجَبِينِ

Ошентип экөө тең Аллахка мойун сунушуп, атасы аны чекеси менен жаткызды.

a. Пайгамбарлар тарыхын караңыз

104 وَنَادَيْنَاهُ أَنْ يَا إِبْرَاهِيمُ

Биз ага: “Эй, Ибрахим!”, – деп үн салдык.

105 قَدْ صَدَّقْتَ الرُّؤْيَا إِنَّا كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ

“Ырасында сен, түшүңдү чындыкка чыгардың. Албетте, Биз жакшы иштерди жасагандарды ушундай сыйлайбыз”(дедик).

106 إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْبَلَاءُ الْمُبِينُ

Чындыгында, бул ачык сыноо эле.

107 وَفَدَيْنَاهُ بِذِبْحٍ عَظِيمٍ

Аны бир чоң курмандык менен алмаштырдык.

a. Исмайилди b. Ордуна кочкор түшүрдүк

108 وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِي الْآخِرِينَ

Кийинки муундарга ал тууралуу жакшы атак калтырдык.

109 سَلَامٌ عَلَى إِبْرَاهِيمَ

Ибрахимге тынчтык!

110 كَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ

Акыйкатта, жакшы иштерди жасагандарды ушундай кылып сыйлайбыз.

111 إِنَّهُ مِنْ عِبَادِنَا الْمُؤْمِنِينَ

Анткени ал (Аллахка) ыйман кетирген пенделерибизден болчу.

112 وَبَشَّرْنَاهُ بِإِسْحَاقَ نَبِيًّا مِنَ الصَّالِحِينَ

Аны (келечекте) пайгамбарлардын жакшыларынын бири (боло турган) Исхак аттуу уулу менен кубанттык.

a. Уулдуу болору тууралуу кабар жибердик

113 وَبَارَكْنَا عَلَيْهِ وَعَلَى إِسْحَاقَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِهِمَا مُحْسِنٌ وَظَالِمٌ لِنَفْسِهِ مُبِينٌ

Анын өзүнө да, Исхакка да береке бердик. Ошентип, экөөнүн урпактарынын арасында жакшылары да, өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар.

a. момундары b. каапырлары

114 وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَى مُوسَى وَهَارُونَ

Чындыгында, Мусага да, Харунга да жакшылык бердик.

a. пайгамбарлык

115 وَنَجَّيْنَاهُمَا وَقَوْمَهُمَا مِنَ الْكَرْبِ الْعَظِيمِ

Экөөнү жана алардын элин чоң кайгыдан куткардык.

116 وَنَصَرْنَاهُمْ فَكَانُوا هُمُ الْغَالِبِينَ

Аларга жардам бердик эле, алар жеңүүчүлөрдөн болушту.

117 وَآتَيْنَاهُمَا الْكِتَابَ الْمُسْتَبِينَ

Экөөнө түшүнүктүү Китеп бердик.

a. Тооратты

118 وَهَدَيْنَاهُمَا الصِّرَاطَ الْمُسْتَقِيمَ

Экөөнү түз жолго багыттадык.

119 وَتَرَكْنَا عَلَيْهِمَا فِي الْآخِرِينَ

Экөө тууралуу кийинки урпактарга (жакшы даңк) калтырдык.

120 سَلَامٌ عَلَى مُوسَى وَهَارُونَ

Муса менен Харунга тынчтык!