бөлүм Сааффат - الصافات

81 إِنَّهُ مِنْ عِبَادِنَا الْمُؤْمِنِينَ

Анткени ал Биздин ыйман келтирген пенделерибизден болчу.

82 ثُمَّ أَغْرَقْنَا الْآخَرِينَ

Анан, калгандарын (топон) сууга чөктүрүп жибердик.

83 وَإِنَّ مِنْ شِيعَتِهِ لَإِبْرَاهِيمَ

Ырасында, Ибрахим да анын (Нухтун) туура жолунда (жүрдү).

84 إِذْ جَاءَ رَبَّهُ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ

Анткени, Ибрахим Эгесине таза жүрөк менен келген болчу.

85 إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ مَاذَا تَعْبُدُونَ

Ошол убакта, ал атасына да, элине да: “Эмнелерге сыйынып жатасыңар?”,–деди:

a. Ибрахим

86 أَئِفْكًا آلِهَةً دُونَ اللَّهِ تُرِيدُونَ

“Аллахтан башка, жалган кудайларга сыйынууну каалайсыңарбы?”

87 فَمَا ظَنُّكُمْ بِرَبِّ الْعَالَمِينَ

“Ааламдардын Эгеси тууралуу эмне ойдосуңар?” (деди).

88 فَنَظَرَ نَظْرَةً فِي النُّجُومِ

Ошондо Ибрахим жылдыздар жакка назар таштап,

89 فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٌ

“Мен оорулуумун”, – деди.

90 فَتَوَلَّوْا عَنْهُ مُدْبِرِينَ

Эл андан бурду да, кетип калды.

91 فَرَاغَ إِلَى آلِهَتِهِمْ فَقَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ

Ибрахим тигилердин кудайларынын жанына жакын барып: “Жебейсиңерби?”, – деди:

a. Буд-сөлөкөттөрүнүн

92 مَا لَكُمْ لَا تَنْطِقُونَ

“Эмнеге сүйлөбөйсүңөр?”.

93 فَرَاغَ عَلَيْهِمْ ضَرْبًا بِالْيَمِينِ

Анан акмалап барып, оң колу менен урду.

a. Сөлөкөттөрдү оң колундагы балта менен барчалап чаап таштады

94 فَأَقْبَلُوا إِلَيْهِ يَزِفُّونَ

Алар ага чуркап келишти.

a. Буд-сөлөкөттөргө сыйынган мушриктер

95 قَالَ أَتَعْبُدُونَ مَا تَنْحِتُونَ

(Ибрахим): “Кол менен жасап алганыңарга сыйынасыңарбы?”,–деди:

96 وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ وَمَا تَعْمَلُونَ

“Аллах силерди да, силер жасап алгандарды да жараткан”.

a. Буд-сөлөкөттөрдү

97 قَالُوا ابْنُوا لَهُ بُنْيَانًا فَأَلْقُوهُ فِي الْجَحِيمِ

Алар: “Ага бир курулуш кургула да, отко таштагыла!”, – дешти.

98 فَأَرَادُوا بِهِ كَيْدًا فَجَعَلْنَاهُمُ الْأَسْفَلِينَ

Ошондо алар ага бир айлакерлик кылууну ойлошту эле, Биз аларды төмөн (шерменде) кылып койдук.

99 وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَى رَبِّي سَيَهْدِينِ

Ибрахим: Эгем жакка кетемин. Ал мага жол көрсөтөт” , – деди.

100 رَبِّ هَبْ لِي مِنَ الصَّالِحِينَ

(Ал): “Эгем! Мага бир жакшы уул бер”, – деди.