бөлүм Сааффат - الصافات

41 أُولَئِكَ لَهُمْ رِزْقٌ مَعْلُومٌ

Мына ошолор үчүн белгилүү бир ырыскылар бар.

42 فَوَاكِهُ وَهُمْ مُكْرَمُونَ

Мөмө-жемиштер да (ошолор үчүн). Алар урматка бөлөнүшөт,

43 فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ

жакшылык бактарында,

44 عَلَى سُرُرٍ مُتَقَابِلِينَ

(Алар) мамыктардын үстүндө бетме-бет олтурушат.

45 يُطَافُ عَلَيْهِمْ بِكَأْسٍ مِنْ مَعِينٍ

Аларга суусундук булагынан чынылар менен тегерете сунулат.

46 بَيْضَاءَ لَذَّةٍ لِلشَّارِبِينَ

Ал ичүүчүлөр үчүн аппак жана таттуу.

47 لَا فِيهَا غَوْلٌ وَلَا هُمْ عَنْهَا يُنْزَفُونَ

Анда акылдан адашуу болбойт, андан мас да болушпайт.

a. Бул дүйнөнүн арагындай эмес

48 وَعِنْدَهُمْ قَاصِرَاتُ الطَّرْفِ عِينٌ

Алардын кашында капкара көздүү сулуулар болот.

a. Бейиште

49 كَأَنَّهُنَّ بَيْضٌ مَكْنُونٌ

Чындыгында, алар оролгон жумуртка сыйактуу.

a. Аздектелип сакталган b. Таптаза жана туптунук

50 فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ يَتَسَاءَلُونَ

Алар бетме-бет олтурушуп (ал-абал) сурашат.

51 قَالَ قَائِلٌ مِنْهُمْ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٌ

Алардын бири: “Чындыгында, бир таанышым бар болчу.

52 يَقُولُ أَإِنَّكَ لَمِنَ الْمُصَدِّقِينَ

Ошол мага: “Сен чындыгында эле ишенүүчүлөрдөнсүңбү?

53 أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَدِينُونَ

Өлүп, топуракка жана сөөккө айлансак да жазаланабызбы?”

54 قَالَ هَلْ أَنْتُمْ مُطَّلِعُونَ

(деп, анан) жанында тургандарга карап: “Аны көргүңөр келеби?”,– деп айтчу.

a. Бейишти, Тозокту

55 فَاطَّلَعَ فَرَآهُ فِي سَوَاءِ الْجَحِيمِ

Ошондо өзү чыгып карап, аны Тозоктун ортосунан көрөт да:

a. айланасын b. Ошол сөз болуп аткан таанышын

56 قَالَ تَاللَّهِ إِنْ كِدْتَ لَتُرْدِينِ

“Аллахка ант! Мени да жок кыла жаздадың”,– дейт.

57 وَلَوْلَا نِعْمَةُ رَبِّي لَكُنْتُ مِنَ الْمُحْضَرِينَ

“Эгер Эгемдин жакшылыгы болбогондо, албетте, мен да тозокко жөнөтүлгөндөрдөн болмокмун”.

58 أَفَمَا نَحْنُ بِمَيِّتِينَ

“Биз өлбөйбүзбү?”

59 إِلَّا مَوْتَتَنَا الْأُولَى وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

“Оболку өлүмүбүз гана (жетиштүү). Биз (эми) азапка да дуушар болбойбуз”, – (дешип Бейиштегилер өз ара маектешет).

60 إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Чындыгында Бейиш – өтө зор ийгилик!