бөлүм Ниса - النساء

161 وَأَخْذِهِمُ الرِّبَا وَقَدْ نُهُوا عَنْهُ وَأَكْلِهِمْ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ مِنْهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

Алар өздөрүнө тыйуу салынганына карабастан сүткордукту алгандыктары, акысы жок болсо да адамдардын мал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты дайардадык!

a. Риба - пайыз, үстөк алуу, сүткордук кылуу.

162 لَكِنِ الرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ مِنْهُمْ وَالْمُؤْمِنُونَ يُؤْمِنُونَ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ وَالْمُقِيمِينَ الصَّلَاةَ وَالْمُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَالْمُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أُولَئِكَ سَنُؤْتِيهِمْ أَجْرًا عَظِيمًا

Бирок, алардын ичинен илимге бекем туруктууларына, сага жөнөтүлгөнгө ишенгендерине, намаз окугандарына, зекет берүүчүлөрүнө, Аллахка жана Кыйамат күнүнө ишенүүчүлөрүнө Биз жакында зор сыйлыктарды ыйгарабыз!

a. Иудейлердин. b. Ыйык Куранга. c. Пайгамбарыбыздын учурунда иудейлердин арасынан Исламга киргендер болгон. Алардын бири - Абдулла ибн Салам. Алардын окумуштууларынын бир даары Курандын жана Пайгамбардын Аллахтан жөнөтүлгөндүгүнө ишенишкен.

163 إِنَّا أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ كَمَا أَوْحَيْنَا إِلَى نُوحٍ وَالنَّبِيِّينَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَوْحَيْنَا إِلَى إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَعِيسَى وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَارُونَ وَسُلَيْمَانَ وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا

Биз, Нухка жана кийинки пайгамбарларга вахий кылгандай эле сага да вахий жибердик. Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына – Исага, Айупка, Йунуска, Харунга, Сулайманга жашыруун кабар кылдык. Даудга Забурду бердик.

a. Бул дүйнөгө көптөгөн пайгамбарлар келип кеткен жана алардын баары тең бир эле Кудайдын бар экендигин жарыйалап, адамдарды ыйманга чакырган. b. "Вахий" - Кудайдан келген кабар, жашыруун кабар. c. Бул Исраил уулдарынын урпактарынан чыккан пайгамбарлар.

164 وَرُسُلًا قَدْ قَصَصْنَاهُمْ عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ وَرُسُلًا لَمْ نَقْصُصْهُمْ عَلَيْكَ وَكَلَّمَ اللَّهُ مُوسَى تَكْلِيمًا

Сага алар жөнүндө мурунтадан айтылган элчилерди жана Биз сага алар жөнүндө айтпаган элчилерди (да жөнөткөнбүз). А Аллах Муса менен чындап сүйлөшкөн.

a. Абу Зарр р.а. айткан хадисте 124 миң пайгамбар деп эскертилген. Алардын ичинен 31Зү элчилер болгон. Бул маалымат Тафсир ибну Касир жана Тафсир Аль-Насафиден алынды. Ал эми Тафсир Ал-Жалалайнде сегиз миң пайгамбар жөнөтүлгөн, төрт миңи Исраил коомунан, төрт миңи башка адамдар арасынан деп берилген. Демек, Аллах Таала сүйүктүү Пайгамбары Мухаммед (с.а.в.) кабар берген пайгамбарлардын саны 124 миң. Ал эми айатта кабар берилгендей Аллах Таала Мухаммед (а.с.)га кабарлабаган да пайгамбарлар бардай. Андыктан пайгамбарлардын санын чектебегенибиз абзел экени, канча болсо да баарына ыйман келтирүүбүз керек экени Тафсир Аль-Насафиде берилген. b. Ортомчу жок, түздөн-түз сүйлөшкөн.

165 رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

Элчилерди жөнөткөндөн кийин адамдар үчүн Аллахка доо койбостуктары үчүн жакшы кабарларды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү элчилерди (жөнөттүк). Акыйкатта, Аллах Мартабалуу, Даанышман.

a. «Күнөөнү билбестиктен кылдык. Аллах жөнүндө бизге эч ким эскертип, жө билдиргөн эмес дөп айтпастары үчүн».

166 لَكِنِ اللَّهُ يَشْهَدُ بِمَا أَنْزَلَ إِلَيْكَ أَنْزَلَهُ بِعِلْمِهِ وَالْمَلَائِكَةُ يَشْهَدُونَ وَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيدًا

Бирок Аллах сага түшүргөн нөрсеге Өзү күбө. Анткени Ал аны Өзүнүн илими менен түшүрдү. Периштелер да буга күбө. Аллах (буга) күбөлүккө өзү жетиштүү.

167 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا ضَلَالًا بَعِيدًا

Акыйкатта каапырлар ишенишпеди. Башкаларды да Аллахтын жолунан тосушту жана өтө узак адашууда калышты.

168 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَظَلَمُوا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا

Чындыгында каапырлар жана заалымдарды Аллах кечирбейт жана түз жолго да баштабайт.

169 إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا وَكَانَ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

Ал аларды тозокко алып барат, алар анда түбөлүккө болушат! Бул Аллах үчүн жеңил.

170 يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الرَّسُولُ بِالْحَقِّ مِنْ رَبِّكُمْ فَآمِنُوا خَيْرًا لَكُمْ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

Эй адамдар! Силерге силердин Эгеңерден акыйкат менен элчи келди. Ишенгиле! Бул өзүңөр үчүн жакшы. А эгер каапыр болсоңор, анда Аллахка асмандагылар менен жердегинин баары таандык. Акыйкатта Аллах Билүүчү, Даанышман.

a. Чындык.

171 يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَى مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَهٌ وَاحِدٌ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَكَفَى بِاللَّهِ وَكِيلًا

Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла! Аллах тууралуу чындыктан башканы айтпагыла! Анткени Марйам уулу Иса – Аллахтын Элчиси гана. Жана да Марйамга салган Анын («Бол» – деген) сөзү жана Андан келген жан. Аллахка жана Анын элчилерине ишенгиле! «үчөө», – деп айтпагыла! (Аллахны үчөө деп айтуудан) токтонгула! Бул силер үчүн жакшы. Акыйкатта Аллах жалгыз Кудай. Ал перзенттүү болуудан таза. Ага асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Аллах өзү жетиштүү күбө!

a. Аллахтын кудуреттүү сөзүнөн гана, атасыз жаралган. Анткени Аллах бир нерсени каалаган учурда: "Бол!" - деп гана буйрук берет. Заматта болуп калат. b. Аллах Таала Адам атабызга да өз Рухунан салган. Демек Адам атабыз өңдүү эле Иса да жаратылган адам, пайгамбар. Ал христиандар жаңылышып айтып жүрүшкөндөй Кудай эмес. c. Кудай ата, Кудайдын уулу жана Ыйык Рух.

172 لَنْ يَسْتَنْكِفَ الْمَسِيحُ أَنْ يَكُونَ عَبْدًا لِلَّهِ وَلَا الْمَلَائِكَةُ الْمُقَرَّبُونَ وَمَنْ يَسْتَنْكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًا

Масих (Иса) да, Аллахка эң жакын периштелер да Аллахка кул болууда бой көтөрүшпөйт. А ким Ага сыйынууда бойун көтөрүп текеберденсе, Ал алардын баарын жакын арада Өзүнө жыйнап алат.

a. Эсеп алып, ар бирине тиешелүү жазасын берет. Эч ким сураксыз, жазасыз калбайт.

173 فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ وَأَمَّا الَّذِينَ اسْتَنْكَفُوا وَاسْتَكْبَرُوا فَيُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

Ыйман келтирген жана жакшылык иш кылгандардын сыйлыктарын Ал өзүнүн жоомарттыгы менен көбөйтүп толук берет. Ал эми менменсинип бой көтөргөндөрдү жана текеберденгендерди Ал катуу азап менен жазалайт. Ошондо алар өздөрүнө Аллахтан башка досту да, жардамчыны да таба алышпайт!

174 يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ نُورًا مُبِينًا

Эй адамдар! Силерге Эгеңерден далил келди жана Биз силерге айкын Нур түшүрдүк.

a. Мухаммед (а.с.). b. Ыйык Куран.

175 فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَاعْتَصَمُوا بِهِ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِي رَحْمَةٍ مِنْهُ وَفَضْلٍ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا

Ал эми Аллахка ыйман келтиргендерди, Аны тутунгандарды Ал Өз мээрими жана жакшылыгына жакын арада киргизет жана Өзүнө карай түз жолго багыттайт.

a. Анын динин бекем туткандар.

176 يَسْتَفْتُونَكَ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِي الْكَلَالَةِ إِنِ امْرُؤٌ هَلَكَ لَيْسَ لَهُ وَلَدٌ وَلَهُ أُخْتٌ فَلَهَا نِصْفُ مَا تَرَكَ وَهُوَ يَرِثُهَا إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهَا وَلَدٌ فَإِنْ كَانَتَا اثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا الثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَ وَإِنْ كَانُوا إِخْوَةً رِجَالًا وَنِسَاءً فَلِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ أَنْ تَضِلُّوا وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Сенден чечим чыгарууңду талап кылышат. Айткын: "Аллах Өзү силерге атасы да, баласы да жок (киши) жөнүндө чечим чыгарып берет. Баласыз бир адам өлүп, анын кыз бир тууганы болсо, анда ага (маркум) калтыргандын жарымы берилет. Ошондой эле, ал (эркек) да, эгер ал айалдын баласы болбосо (айал) калтыргандын баарын мураска алат. Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн эки бөлүгүн алышат. А эгер алар эркек, ургаачы бир туугандар болсо, эркекке эки айалдын үлүшү тийет. Аллах силерге туура жолдон адашпас үчүн (Өз көрсөтмөлөрүн) байандайт. Аллах бардык нерселерди Билүүчү!»

a. Көргөзмө. b. Атасы да жок. c. Мурастын.