бөлүм Ниса - النساء

61 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا

Качан аларга: «Аллах түшүргөн нерселерге жана Аллахтын элчисине кайрылгыла!» – деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн сенден жүзүн буруп, кеткенин көрөсүң.

a. Талаш-тартышыңарды чечүү үчүн. b. Мединалык эки жүздүүлөр (мунафыктар).

62 فَكَيْفَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَاءُوكَ يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا إِحْسَانًا وَتَوْفِيقًا

Качан аларга өз колдору менен кылган мурунку иштери үчүн кырсык келсе кандай (кыла алышат.) Андан соң сага келишет да, Аллахтын аты менен ант ичип: "Биз сага жакшылык жана ийгилик гана каалаган элек", – дешет.

63 أُولَئِكَ الَّذِينَ يَعْلَمُ اللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُلْ لَهُمْ فِي أَنْفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا

Аллах алардын жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан жүзүңдү үйрү. Насаат кылып, таасирдүү сөз айт.

64 وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ اللَّهِ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ جَاءُوكَ فَاسْتَغْفَرُوا اللَّهَ وَاسْتَغْفَرَ لَهُمُ الرَّسُولُ لَوَجَدُوا اللَّهَ تَوَّابًا رَحِيمًا

Биз пайгамбарды Аллахтын уруксаты менен гана мойун сунсун үчүн жөнөткөнбүз. Эгерде алар өздөрүнө зулум кылган соң сага келишсе (анан), Аллахтан кечирим сурашса, алар үчүн Элчи да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тооболорду Кабыл Кылуучу, Мээримдүү экендигин табышаар элө.

65 فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

Оо, жок! Сенин Эгеңе ант, алар өздөрүндөгү талаш-тартышка сени калыс кылмайынча, андан соң алар сен кылган өкүмгө бушайман болбой, ага толугу менен мойун сунушмайынча момун-мусулман боло алышпайт.

66 وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ اقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ أَوِ اخْرُجُوا مِنْ دِيَارِكُمْ مَا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌ مِنْهُمْ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا مَا يُوعَظُونَ بِهِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًا

А эгер Биз аларга: «Өз өмүрүңөрдү бергиле!», же: «Турагыңардан чыккыла!» – десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак. А, эгер алар өздөрүнө айтылган насаатты аткарышса, анда өздөрү үчүн абдан жакшы жана ыйманы бекемирээк болмок.

a. Аллах жолунда курман болууга дайар болгула!

67 وَإِذًا لَآتَيْنَاهُمْ مِنْ لَدُنَّا أَجْرًا عَظِيمًا

Анда Биз аларга Өзүбүздүн алдыбыздан улуу сыйлыктарды берээр элек

68 وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُسْتَقِيمًا

жана аларды түз жолго салмакпыз.

69 وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَأُولَئِكَ مَعَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ وَالصِّدِّيقِينَ وَالشُّهَدَاءِ وَالصَّالِحِينَ وَحَسُنَ أُولَئِكَ رَفِيقًا

А ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийсе, анда алар Аллах Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн: пайгамбарлар, ишенгендер, шейит болгондор менен бирге (болушат). Алар эң сонун шериктер!

70 ذَلِكَ الْفَضْلُ مِنَ اللَّهِ وَكَفَى بِاللَّهِ عَلِيمًا

Мына ушулар – Аллахтын мээримдүүлүгүнөн. Аллах бүт бардыгын билип тургандыгы - жетиштүү.

71 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا خُذُوا حِذْرَكُمْ فَانْفِرُوا ثُبَاتٍ أَوِ انْفِرُوا جَمِيعًا

Эй ыймандуулар! Этийат болгула! Жана чакан топ болуп, же чогуу бирге аттангыла.

a. Согуш майданына.

72 وَإِنَّ مِنْكُمْ لَمَنْ لَيُبَطِّئَنَّ فَإِنْ أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَالَ قَدْ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيَّ إِذْ لَمْ أَكُنْ مَعَهُمْ شَهِيدًا

Силердин араңарда согуштан калып калуучулар да бар. Эгер силерге кырсык жетсе алар: «Аллах мага мээримдүүлүк көргөздү, алар менен бирге бар болгон жокмун» – деп айтар.

a. Ыйык согуштан. b. Эгерде согушка чыкканымда мен да өлүп калмакмын, демек чыкпаганым жакшы болуптур.

73 وَلَئِنْ أَصَابَكُمْ فَضْلٌ مِنَ اللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَنْ لَمْ تَكُنْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُ مَوَدَّةٌ يَا لَيْتَنِي كُنْتُ مَعَهُمْ فَأَفُوزَ فَوْزًا عَظِيمًا

А эгерде силерге Аллахтын ырайымы жетсе, анда алар силер менен (мурун) эч кандай байланышы болбогон өңдүү: «Аттиң, мен да алар менен чогуу болгонумда, зор ийгиликке жетмек экенмин» – демек.

74 فَلْيُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ الَّذِينَ يَشْرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ وَمَنْ يُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَيُقْتَلْ أَوْ يَغْلِبْ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا

Акыретти бул дүйнө жашоосуна сатып алуучулар Аллах жолунда согушка аттанышсын! Эгер ким Аллах жолунда согушуп өлтүрүлсө, же жеңишке жетишсе, Биз ага жакында улуу сыйлыктарды ыйгарабыз.

75 وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرًا

"Оо, Эгебиз! Бизди залим кишилер жашаган бул калаадан чыгаргын! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир башчы жана жардамчы кыл (жөнөт)" - деп айтып жаткан эркек, айал, балдардан болгон алсыздар үчүн эмнеликтен Аллахтын жолунда согушка чыкпайсыңар?!

76 الَّذِينَ آمَنُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ كَفَرُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ الطَّاغُوتِ فَقَاتِلُوا أَوْلِيَاءَ الشَّيْطَانِ إِنَّ كَيْدَ الشَّيْطَانِ كَانَ ضَعِيفًا

Ыймандуулар алар Аллах жолунда согушкандар, а ыймансыздар - шайтандын жолунда согушкандар. Шайтандын тарапкерлери мененсогушкула, анткени шайтандын айлакерлиги алсыз!

a. Шайтан адам пендесин азгыруу үчүн зордук-зомбулук же кандайдыр бир кара күч колдоно албайт, колдонууга мүмкүнчүлүк, дарамети да дээрлик жок. Бирок пендени азгырат, ыймансыздык, күнөөгө түрткүлөгөн ар кандай жаман ой-сезимдерди ойготот.

77 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَخْشَوْنَ النَّاسَ كَخَشْيَةِ اللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةً وَقَالُوا رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا الْقِتَالَ لَوْلَا أَخَّرْتَنَا إِلَى أَجَلٍ قَرِيبٍ قُلْ مَتَاعُ الدُّنْيَا قَلِيلٌ وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ لِمَنِ اتَّقَى وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا

"Колуңарды тарткыла! Намаз окугула, зекет бергиле", - деп айтылгандарга карабайсыңбы?! Качан аларга согушууга буйрук берилгенде алардын арасынан бир бөлүгү адамдардан Аллахтан корккондой коркушат, же андан да катуураак коркушат. Алар: "Оо, Эгебиз! Бул согушту бизге эмне үчүн буйурдуң, аны (согушту) жакынкы мөөнөткө коё турсаң болмок?!" – дешет. (Аларга:) "Бул дүйнөнүн жыргалы аз. А акырет такыбалар үчүн эң жакшы. Кымындай да зулум кылынбайсыңар".

a. Каапырлар менен согушуудан. b. Мурун каапырлар менен согушууну каалап жүргөндөрдүн. c. Адилетсиздик.

78 أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَوْ كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِكَ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثًا

Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Аллахтан», – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден», – дешет. (Аларга:) «Баары Аллахтан» – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт.

a. Эй, Мухаммед!

79 مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولًا وَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيدًا

Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Аллахтан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн. Биз сени элдер үчүн элчи кылып жөнөттүк. Аллах жетиштүү Күбө.

a. Эй, Мухаммед!

80 مَنْ يُطِعِ الرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ اللَّهَ وَمَنْ تَوَلَّى فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا

Ким пайгамбарга баш ийсе, албетте ал Аллахка баш ийгени. А ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып жөнөткөн эмеспиз.