121 أُولَئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنْهَا مَحِيصًا
Алардын жайы – тозок жана андан кутула алышпайт.
121 أُولَئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنْهَا مَحِيصًا
Алардын жайы – тозок жана андан кутула алышпайт.
122 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ قِيلًا
А ыймандууларды жана жакшылык иш кылгандарды Биз алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына жакында киргизебиз. Алар анда түбөлүккө болушат. Аллахтын убадасы чын. Аллахтан башка кимдин сөзү туурараак.
a. Шайтандын убадалары бүтүндөй жалган болсо, Аллахтын убадалары андан айырмаланып: бүтүндөй чындык болуп, ишке сөзсүз ашат.
123 لَيْسَ بِأَمَانِيِّكُمْ وَلَا أَمَانِيِّ أَهْلِ الْكِتَابِ مَنْ يَعْمَلْ سُوءًا يُجْزَ بِهِ وَلَا يَجِدْ لَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Силердин каалооңорго же Китеп ээлеринин каалоосуна көз каранды эмес. Ким жамандык кылса ошонусуна жараша жазаланат. Ал өзүнө Аллахтан башка жакын колдоочуну да, жардамчыны да таба албайт.
a. Аллахтан убада кылынган сыйлыктар. b. Иудейлер жана христиандар.
124 وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقِيرًا
Жакшы иштерди жасаган эркекпи, айалбы, эгер алар ыймандуу болушса, Бейишке киришет. Аларга кымындай да зулум кылынбайт.
125 وَمَنْ أَحْسَنُ دِينًا مِمَّنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ وَاتَّبَعَ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَاتَّخَذَ اللَّهُ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا
Аллахка жүзүн буруп, жакшылык иштерди кылган жана Ибрахимдин динине берилип ээрчигенден да дини мыкты бирөө барбы? АллахИбрахимди Өзүнө жакын дос кылып алган.
126 وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ مُحِيطًا
Аллахка асмандагылар менен жердегилердин баары таандык. Аллах бардык нерселерди камтуучу болгон.
a. Эзелтеден билүүчү жана кудуреттүү.
127 وَيَسْتَفْتُونَكَ فِي النِّسَاءِ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِيهِنَّ وَمَا يُتْلَى عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ فِي يَتَامَى النِّسَاءِ اللَّاتِي لَا تُؤْتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرْغَبُونَ أَنْ تَنْكِحُوهُنَّ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الْوِلْدَانِ وَأَنْ تَقُومُوا لِلْيَتَامَى بِالْقِسْطِ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِهِ عَلِيمًا
Алар сенден айалдар жөнүндө өздөрүнө эмнелер буйурулганын сурашат. Айткын: «Аллах силерге алар жөнүндө Китептин аяттарында, буйрулган нерселерди бербей койуу менен силер үйлөнүүнү каалаган жетим кыздар, ошондой эле алсыз балдар жана жетимдерге адилеттүү мамиле кылууңар жөнүндө чечим чыгарат. Силер кандай жакшы иш кылсаңар да, Аллах аны билүүчү.
128 وَإِنِ امْرَأَةٌ خَافَتْ مِنْ بَعْلِهَا نُشُوزًا أَوْ إِعْرَاضًا فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا أَنْ يُصْلِحَا بَيْنَهُمَا صُلْحًا وَالصُّلْحُ خَيْرٌ وَأُحْضِرَتِ الْأَنْفُسُ الشُّحَّ وَإِنْ تُحْسِنُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا
Эгерде айал өзүнүн күйөөсү өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарбайт деп, же ал андан баш тартуусунан корксо, анда алар өз ара макулдашуу түзүүлөрүндө күнөө жок. Албетте тынчтык келишими - жакшы. Көңүлдөр сараңдыкка тартылган. Эгер силер айалдарга жакшы мамиле кылсаңар, такыба болсоңор, анда албетте Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
a. Жаман мамиле кылып айалынан оолактаса, келбей койсо, ж.б.у.с. b. Алардын тигил же бул тарабы кандайдыр өз талаптарын койуп, ошого келишим түзүүгөшариат жол берет. c. Напсилер. d. Ар кимдер өз напсинин каалаганын жасагысы келет.
129 وَلَنْ تَسْتَطِيعُوا أَنْ تَعْدِلُوا بَيْنَ النِّسَاءِ وَلَوْ حَرَصْتُمْ فَلَا تَمِيلُوا كُلَّ الْمَيْلِ فَتَذَرُوهَا كَالْمُعَلَّقَةِ وَإِنْ تُصْلِحُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا
Канчалык кызыгып, умтулсаңар да айалдардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт. Аны арсар кылып таштап салып (тигинисине) такыр ооп кетпегиле! А эгер силер оңолсоңор жана такыба болсоңор, анда албетте Аллах Кечиримдүү, Мээрбан!
a. Бул жерде кеп: бирөөнүн бир нече айалы болсо, алардын баарын бирдей абалдажактырып же сүйө албастыгы, же баарына бирдей мамиле жасай албастыгы, антүүгөмүмкүн эместиги жөнүндө сөз болууда. Ошондуктан айалдары менен айрым нерселердечамасына жараша келишим түзүү абзел. А эгерде келишим түзүүгө макулдаша алышпаса,анда ажырашууга туура келиши ыктымал. Аллах Таала ажырашууну каргыштаган. Демек,ажырашкандар Аллахтын каргышына калуусу толук мүмкүн. Андыктан эки, же андан көпайал алуудан мурун ар бир эркек өзүнүн чамасына карасын. 4-сүрөнүн 3-айатын караңыз! b. Же күйөөсү бар эмес, же ажырашкан айал эмес өңдүү болуп. c. «Айалдарыңарга карата өзүңөрдүн милдетиңерди жана мамилеңерди».
130 وَإِنْ يَتَفَرَّقَا يُغْنِ اللَّهُ كُلًّا مِنْ سَعَتِهِ وَكَانَ اللَّهُ وَاسِعًا حَكِيمًا
А эгер жубайлар ажырашса, анда Аллах өзүнүн жоомарттыгы менен алардын ар биринин ырысын бере берет. Акыйкатта Аллах Ырайымдуу, Даанышман!
a. Айалдын да, эркектин да Аллах бере турган жакшылык, ырыскы, шыбагалары тагдырынажазылган.
131 وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ اتَّقُوا اللَّهَ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَكَانَ اللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًا
Аллахка асмандардагы жана жердегилердин баары таандык. Биз чынында силерге чейинки Китеп берилгендерге да, силерге да Аллахтан коркууңарды насаат кылдык. Эгер силер каапыр болсоңор, албетте асмандар менен жердегилердин баарысы Аллахка гана таандык. Аллах Бай, Даңазалуу!
a. «Силердин каапыр болушуңар Аллахка зыйан бербейт».
132 وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَكَفَى بِاللَّهِ وَكِيلًا
Аллахка асмандагылар жана жердегилердин баары таандык. Аллах Өзү жетиштүү Күбө!
a. Кайтаруучу, сактоочу.
133 إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا النَّاسُ وَيَأْتِ بِآخَرِينَ وَكَانَ اللَّهُ عَلَى ذَلِكَ قَدِيرًا
Эй адамдар, эгер Ал кааласа анда силерди жок кылат да, башкаларды алып келет. Акыйкатта, Аллах буга кудурети жетүүчү!
a. «Силердин ордуңарга башка бир коомду».
134 مَنْ كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ الدُّنْيَا فَعِنْدَ اللَّهِ ثَوَابُ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَكَانَ اللَّهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Ким бул дүйнөнүн сыйлыктарын кааласа, анда бул дүйнөнүн да, акыреттин да сыйлыктары Аллахтын алдында. Аллах Угуучу, Көрүүчү!
135 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ بِالْقِسْطِ شُهَدَاءَ لِلَّهِ وَلَوْ عَلَى أَنْفُسِكُمْ أَوِ الْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ إِنْ يَكُنْ غَنِيًّا أَوْ فَقِيرًا فَاللَّهُ أَوْلَى بِهِمَا فَلَا تَتَّبِعُوا الْهَوَى أَنْ تَعْدِلُوا وَإِنْ تَلْوُوا أَوْ تُعْرِضُوا فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا
Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы, же ата-энеңер, же жакын туугандар болсо да Аллах үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула! А эгер бай же кедей болсо, Аллах экөөнөн тең артыгыраак. Адилеттүү болууңарда көңүлүңөргө ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар же баш тартсаңар, анда Аллах силердин эмне кылганыңардан толук кабардар.
a. Күбөлөнүп жаткан киши - соттолуп жаткан киши. b. “Бай экен, мага пайдасы тийээр деп, же кедей экен деп, ага боор ооруп калыстыктан тайбоо керек”. c. Аллахтын буйругун аткаруу бул экөөнө жан тарткандан алда канча жогору жана зарыл. Аллах ал экөөнө силерге караганда күйүмдүүрөөк. d. Напсиңердин каалоосун.
136 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي نَزَّلَ عَلَى رَسُولِهِ وَالْكِتَابِ الَّذِي أَنْزَلَ مِنْ قَبْلُ وَمَنْ يَكْفُرْ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا
Эй ыймандуулар! Аллахка, Анын элчисине, Ал Өзүнүн элчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине жана Кыйамат Күнүнө ишенбесе ал узак адашууда болот.
137 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا ثُمَّ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا ثُمَّ ازْدَادُوا كُفْرًا لَمْ يَكُنِ اللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ سَبِيلًا
Акыйкатта, ыйман келтиргендер, анан каапыр болгондор, андан соң (дагы) ыйман келтирип, анан (кайра) каапыр болгондор өздөрүнө каапырлыкты гана күчөтүштү. Аллах (эми) алардын күнөөлөрүн кечирип, же туура жолго салбас!
138 بَشِّرِ الْمُنَافِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
Эки жүздүүлөргө алар үчүн кор кылуучу азап бар экенин кабарла!
139 الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا
Момундардын ордуна каапырлар менен достошуп жаткандар, алар каапырлардан сый-урмат издеп жатышабы? Акыйкатта, бардык урмат- сый Аллахка гана таандык!
140 وَقَدْ نَزَّلَ عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ أَنْ إِذَا سَمِعْتُمْ آيَاتِ اللَّهِ يُكْفَرُ بِهَا وَيُسْتَهْزَأُ بِهَا فَلَا تَقْعُدُوا مَعَهُمْ حَتَّى يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ إِنَّكُمْ إِذًا مِثْلُهُمْ إِنَّ اللَّهَ جَامِعُ الْمُنَافِقِينَ وَالْكَافِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا
«Эгер силер Аллахтын айаттарына каршы чыгып жана шылдыңдапжаткандарын уксаңар, алар башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен бирге отурбагыла деп силерге Аллах Өз Китебинде түшүрдү эле.Антпесеңер, силер (да) алар өңдүүсүңөр». Албетте, Аллах эки жүздүүлөр менен каапырлардын баарысын тозокко жыйнайт!
a. Кабарлады эле. b. Алар менен отуруп алсаңар. c. Чогуу күнөөгө батасыңар.