12
وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَاجُكُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُنَّ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌ فَلَكُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِينَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَكُمْ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ وَلَدٌ فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُمْ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ تُوصُونَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَإِنْ كَانَ رَجُلٌ يُورَثُ كَلَالَةً أَوِ امْرَأَةٌ وَلَهُ أَخٌ أَوْ أُخْتٌ فَلِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ فَإِنْ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ فَهُمْ شُرَكَاءُ فِي الثُّلُثِ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصَى بِهَا أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَارٍّ وَصِيَّةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌ
Эгер (ал айалдардын) баласы жок болсо, анда силерге айалыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган айалдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). Эгерде эркекте же аялда ата да, бала да болбосо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскерлер) бирден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Аллахтын көрсөтмөсү бойунча эч кимге зыйан келтирбей карыздарды төлөп бүткөн соң(берилет). Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Жумшак.