92
وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ أَنْ يَقْتُلَ مُؤْمِنًا إِلَّا خَطَأً وَمَنْ قَتَلَ مُؤْمِنًا خَطَأً فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ وَدِيَةٌ مُسَلَّمَةٌ إِلَى أَهْلِهِ إِلَّا أَنْ يَصَّدَّقُوا فَإِنْ كَانَ مِنْ قَوْمٍ عَدُوٍّ لَكُمْ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ وَإِنْ كَانَ مِنْ قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ مِيثَاقٌ فَدِيَةٌ مُسَلَّمَةٌ إِلَى أَهْلِهِ وَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ تَوْبَةً مِنَ اللَّهِ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
Силерге момундар момундарды каталык менен гана болбосо өлтүрүүгө тыйуу салынат. А ким эгер каталык менен өлтүрүп алса, ал адам мусулман кулду эркиндикке чыгаруу жана туугандарына бериле турган кун төлөөгө тийиш. Бирок алар кечирип жиберишсе (төлөбөйт). Өлтүрүлгөн силерге душман элдин арасынан келген болсо, анда өлтүргөн адам бир мусулман кулду азаттыкка чыгарууга милдеттүү. А, эгер ал (өлтүрүлгөн) силер менен тынчтык келишим кылган элден болсо, анда өлгөндүн туугандарына кун төлөп, бир мусулман кулду азаттыккачыгарууга тийиш. Эгер өлтүргөн адам кулду таба албаса, анда Аллахтын алдында тообо кылган катары үзгүлтүксүз түрдө эки ай бойу орозо тутууга тийиш. Акыйкатта Аллах Билүүчү, Даанышман.