бөлүм Ниса - النساء

101 وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ إِنْ خِفْتُمْ أَنْ يَفْتِنَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنَّ الْكَافِرِينَ كَانُوا لَكُمْ عَدُوًّا مُبِينًا

Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!

a. Алардын күтүүсүз жерден кол салуусунан же артыңардан жетип келүүсүнөн корксоңор. b. Терт ирекеттин (терт жолкунун) ордуна эки ирекет кылып.

102 وَإِذَا كُنْتَ فِيهِمْ فَأَقَمْتَ لَهُمُ الصَّلَاةَ فَلْتَقُمْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا أَسْلِحَتَهُمْ فَإِذَا سَجَدُوا فَلْيَكُونُوا مِنْ وَرَائِكُمْ وَلْتَأْتِ طَائِفَةٌ أُخْرَى لَمْ يُصَلُّوا فَلْيُصَلُّوا مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا حِذْرَهُمْ وَأَسْلِحَتَهُمْ وَدَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُمْ مَيْلَةً وَاحِدَةً وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِنْ كَانَ بِكُمْ أَذًى مِنْ مَطَرٍ أَوْ كُنْتُمْ مَرْضَى أَنْ تَضَعُوا أَسْلِحَتَكُمْ وَخُذُوا حِذْرَكُمْ إِنَّ اللَّهَ أَعَدَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا

Сен качан алар менен бирге болуп намаз окусаң, (колуна куралын) алган бир топ силер менен кошо турсун. А качан биринчи топ намазды окуп бүткөн соң, баары туруп арт жакка кетишсин, алардын ордуна намаз окуй элек экинчи топ келип, сени менен намазды бирге окушсун. Бирок, алар да сак болушуп, курал-жарактарын жанында тутсун. Каапырлар силердин куралыңарга, азыгыңарга бейкапар болушуңарды жана өздөрү күтүүсүздөн келип силерге кол салууну каалашат. Эгер силер жамгырдан улам кыйынчылыкка кептелип, же оору себептүү куралыңарды койуп койсоңор, андан күнөөлүү болбойсуңар. Бирок, сак болгула! Акыйкатта, Аллах каапырлар үчүн кордоочу азапты дайардап койгон!

103 فَإِذَا قَضَيْتُمُ الصَّلَاةَ فَاذْكُرُوا اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَى جُنُوبِكُمْ فَإِذَا اطْمَأْنَنْتُمْ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ إِنَّ الصَّلَاةَ كَانَتْ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ كِتَابًا مَوْقُوتًا

А качан силер намазыңарды окуп бүткөн соң туруп, олтуруп, же жаткан абалда Аллахны эстегиле. А силер качан коркунучсуз, бейкут абалга жетсеңер намазыңарды окугула. Акыйкатта намаз белгиленген убакыттарга дайындалган.

a. Каалаган абалда.

104 وَلَا تَهِنُوا فِي ابْتِغَاءِ الْقَوْمِ إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ وَتَرْجُونَ مِنَ اللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

Душман менен болгон күрөштө алсырабагыла! Эгер силер запкы жеп кыйналып жатсаңар, алар да дал силер өңдүү эле запкы чегүүдө! Баса, силер Аллахтан алар күтпөгөндү күтүп жатасыңар! Албетте, Аллах – Билүүчү, Даанышман!

a. Жарадар болуп.

105 إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ وَلَا تَكُنْ لِلْخَائِنِينَ خَصِيمًا

Биз адамдар арасында Аллах көргөзгөндөй кылып өкүм жүргүзүүң үчүн сага акыйкаттык менен Китеп түшүрдүк. Сен кыйанаткерлерди колдоочу болбо!

106 وَاسْتَغْفِرِ اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا

Аллахтан кечирим сура! Анткени Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

107 وَلَا تُجَادِلْ عَنِ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنْفُسَهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا

Өздөрүнө кыйанат кылгандар жөнүндө талашып-тартышпа! Акыйкатта, Аллах кыйанаткер, күнөөкөрлөр болгондорду жакшы көрбөйт!

108 يَسْتَخْفُونَ مِنَ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَى مِنَ الْقَوْلِ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا

Алар адамдардан жашырышат. Бирок аларды Аллахтан жашыра алышпайт. Ал (Аллах) алар ага жакпаган сөздөрдү жашыруун сүйлөшүп жатышканда алар менен бирге эле. Анткени Аллах баарысын камтып, эмне кылгандарын камтуучу.

a. Өздөрүнүн күнөөлүү иштерин. b. Аллах көрүп турган эле. c. Баарын билүүчү.

109 هَا أَنْتُمْ هَؤُلَاءِ جَادَلْتُمْ عَنْهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فَمَنْ يُجَادِلُ اللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْ مَنْ يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا

Силер бул дүйнөдө алар жөнүндө талашып тартышасыңар. А Кыйамат күнүндө Аллах менен алар жөнүндө ким талашып тартыша алат? Же ким алар үчүн өкүл боло алат?

110 وَمَنْ يَعْمَلْ سُوءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ اللَّهَ يَجِدِ اللَّهَ غَفُورًا رَحِيمًا

Ким күнөө иш жасап, же өз жанына зулумдук кылса, андан соң Аллахтан кечирим сураса, анда ал Аллахтын Кечиримдүү, Мээримдүү экендигин табат.

111 وَمَنْ يَكْسِبْ إِثْمًا فَإِنَّمَا يَكْسِبُهُ عَلَى نَفْسِهِ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

А ким күнөө жасаса ал өзүнө кылат. Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Даанышман!

a. Азабын өзү гана тартат.

112 وَمَنْ يَكْسِبْ خَطِيئَةً أَوْ إِثْمًا ثُمَّ يَرْمِ بِهِ بَرِيئًا فَقَدِ احْتَمَلَ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا

А ким эгер кичине күнөө, же чоң күнөө жасап, андан соң күнөөсүздү аны менен күнөөлөсө, ал өзүнө жалааны жана ачык күнөөнү жүктөгөнү.

a. Каталык b. Тиги күнөө.

113 وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ وَرَحْمَتُهُ لَهَمَّتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ أَنْ يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِنْ شَيْءٍ وَأَنْزَلَ اللَّهُ عَلَيْكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُنْ تَعْلَمُ وَكَانَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ عَظِيمًا

Эгерде сага Аллахтын ырайымы жана мээрими болбогондо алардан бир тайпа сени туура жолдон чыгарууга камынмак. Бирок алар өздөрүн гана жолдон адаштырышат. Сага эч кандай зыйан кыла алышпайт. Анткени Аллах сага Китепти жана даанышмандыкты берди. Сага билбеген нерселерди үйрөттү. Аллахтын сага көргөзгөн ырайымдуулугу улуу!

114 لَا خَيْرَ فِي كَثِيرٍ مِنْ نَجْوَاهُمْ إِلَّا مَنْ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوْ مَعْرُوفٍ أَوْ إِصْلَاحٍ بَيْنَ النَّاسِ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا

Кайыр-садага кылуу, же жакшылык иштерди жасоо, же адамдарды элдештирүү жөнүндө сүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгүнөн жакшылык жок. Ал эми ким бул иштерди Аллахтын ыразылыгына жетүүгө аракет кылып жасаган болсо, ага Биз зор сыйлык тартуулайбыз.

115 وَمَنْ يُشَاقِقِ الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ الْهُدَى وَيَتَّبِعْ غَيْرَ سَبِيلِ الْمُؤْمِنِينَ نُوَلِّهِ مَا تَوَلَّى وَنُصْلِهِ جَهَنَّمَ وَسَاءَتْ مَصِيرًا

Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин пайгамбарга каршы чыгып, ыймандуулардын жолунан башканы ээрчигендерди ал өзү кай тарапка бурулган болсо, ошол тарапка багыттайбыз, анан аны тозокко ыргытабыз. Ал кандай жаман жай!

116 إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا

Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. А ким Аллахка шерик кошсо, ал аныгында узак адашууда болот.

a. Аллахтан башка да кудайлар бар деп ишенген, же аларга сыйынгандар. b. Иудейлер жана христиандар тууралуу Ыйык Куранда: "Алар өздөрүнүн окумуштууларын жана кечилдерин Аллахтан башка кудайлар кылып алышкан", - деп айтылат. 9-сүрө, 31-айат.

117 إِنْ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا إِنَاثًا وَإِنْ يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَانًا مَرِيدًا

Алар Андан башка айал затына жана ээнбаштанган шайтанга табынышат.

a. Аллахтан. b. Лат, Узза, Манат аттуу сөлөкөттөргө табынышып, бир топтору аларды: Аллахтын кыздары, ушулар бизди Ага жакындатат деп эсептешкен. c. Шайтанга ачык сыйынбаса да, анын азгырыгына кирип, аларга жетеленгендер жана ыймандан ажырагандар ага сыйынган болуп эсептелет.

118 لَعَنَهُ اللَّهُ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا

Аллах аны каргышына калтырды. Ошондо шайтан айтты: «Мен Сенин пенделериңден токтоосуз өз үлүшүмдү аламын.

a. Шайтанды..

119 وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ وَمَنْ يَتَّخِذِ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا

Аларды чындыктын жолунан кечиктирбестен чыгарам жана аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгырам, аларга малдын кулагын тешип койууга буйурам жана аларга Аллахтын жараткан нерсесин өзгөртүүгө буйрамын», – (деди). Ким Аллахны таштап шайтанды өзүнө дос кылып алса, ал анык зыйанга учурайт.

a. Исламга чейинки арабдар малдарынын айрымдарын кулагына эн салып, кудай деп санаган сөлөкөттөргө арнап, минбестен, иштетпестен бош койуп жиберишчү. А бул шайтандын айтып кеткен убадасы эле. b. Шайтандын өзүнө жакын дос болуп алганын ага азгырылган пенде өзү да билбей калуусу мүмкүн. Андыктан ар бир пенде сак болуп, кайсы туура, кайсы туура эмөс экенин жана байкабай күнөөгө кириптер болбоо үчүн илим үйрөнүүгө тийиш.

120 يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا

Ал (шайтан) аларга убада берип, аларды үмүттөндүрөт. Бирок, шайтандын убадалары – болгону азгырык гана!