141 الَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ فَتْحٌ مِنَ اللَّهِ قَالُوا أَلَمْ نَكُنْ مَعَكُمْ وَإِنْ كَانَ لِلْكَافِرِينَ نَصِيبٌ قَالُوا أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُمْ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
Силердин эмне болоруңарды аңдып тургандар эгер, силерге Аллахтан жеңиш келсе: «Ырасында, биз силер менен бирге болбодук беле?" - дешет. А эгер каапырлардын үлүшү келсе, алар: "Биз силерге жардам кылууга аракеттенип жана силерди ыймандуулардан коргободук беле?" - дешет. Бирок силердин ортоңордо Кыйамат күнү Аллах өкүм чыгарат. Аллах эч качан момундардын зыйанына каапырларга жол бербейт.
a. Эки жүздүүлөр. b. Ийгилик.