41 فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ بِشَهِيدٍ وَجِئْنَا بِكَ عَلَى هَؤُلَاءِ شَهِيدًا
Эгер Биз ар бир элден күбө алып келсек, а сени буларга каршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?
41 فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ بِشَهِيدٍ وَجِئْنَا بِكَ عَلَى هَؤُلَاءِ شَهِيدًا
Эгер Биз ар бир элден күбө алып келсек, а сени буларга каршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?
42 يَوْمَئِذٍ يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَعَصَوُا الرَّسُولَ لَوْ تُسَوَّى بِهِمُ الْأَرْضُ وَلَا يَكْتُمُونَ اللَّهَ حَدِيثًا
Ошол күндө ишенбей каапыр болгондор жана пайгамбарды укпагандар (өздөрүнүн) жер менен жексен болуп кетүүсүн каалашат да, Аллахтан бир да сөзүн жашыра албай калышат.
43 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقْرَبُوا الصَّلَاةَ وَأَنْتُمْ سُكَارَى حَتَّى تَعْلَمُوا مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِي سَبِيلٍ حَتَّى تَغْتَسِلُوا وَإِنْ كُنْتُمْ مَرْضَى أَوْ عَلَى سَفَرٍ أَوْ جَاءَ أَحَدٌ مِنْكُمْ مِنَ الْغَائِطِ أَوْ لَامَسْتُمُ النِّسَاءَ فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا فَامْسَحُوا بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا
Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! Ошондой эле, силер булганыч абалыңарда да жуунганга чейин (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, тайамум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө, же айалыңар менен катнашсаңар, анан жуунганга суу таппасаңар, таза топуракка тайаммум жасагыла: жүзүңөрдү жана колуңарды (ошол сүртүлгөн чаң менен) сылагыла! Албетте, Аллах Кечирүүчү!
a. Куранда аракка байланышкан үч түрдүү айат түшкөн. Арак арам экенине далил айат дарооэле түшкөн эмес. Биринчи айат Бакара сүрөсүндө эскертилди. Бул экинчи айат. Ал эмиүчүнчү айат арактын арам экенине далил болгон негизги айат болуп, ал Мааида сүрөсүн 90-91-аяттарныда b. Жуунуу тийиш (жунуб) болгон учурда. c. Ажатканада болуп кайтса. d. Тайамумдун терт парзы бар: 1. Тайамумга ниет кылуу; 2. Таза топурак, же жер жынысынанболгон таза нерсе; 3. Колун ошол нерсеге, же топуракка сүртүп, жүзүн эч жеринкалтырбай сылап өтүү; 4. Колун экинчи жолу топуракка уруп, эки колун чыканагы мененкошуп сылап чыгуу.
44 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يَشْتَرُونَ الضَّلَالَةَ وَيُرِيدُونَ أَنْ تَضِلُّوا السَّبِيلَ
Ырас эле Китептен бир үлүш берилгендер адашууну сатып алышканын жана силердин жолдон адашууңарды каалашканын карап көрбөйсүңбү?
a. Иудейлер.
45 وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِأَعْدَائِكُمْ وَكَفَى بِاللَّهِ وَلِيًّا وَكَفَى بِاللَّهِ نَصِيرًا
Аллах силердин душманыңарды жакшы билет. Аллах жетиштүү коргоочу жана Аллах жетиштүү жардамчы.
46 مِنَ الَّذِينَ هَادُوا يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ عَنْ مَوَاضِعِهِ وَيَقُولُونَ سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَاسْمَعْ غَيْرَ مُسْمَعٍ وَرَاعِنَا لَيًّا بِأَلْسِنَتِهِمْ وَطَعْنًا فِي الدِّينِ وَلَوْ أَنَّهُمْ قَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَاسْمَعْ وَانْظُرْنَا لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ وَأَقْوَمَ وَلَكِنْ لَعَنَهُمُ اللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًا
Иудейлерден сөздү мындай деп бурмалап-бузуп сүйлөгөндөр бар: "Биз уктук жана баш ийбедик", "уга элегиңди угуп ал (укпа)", "рооинаа" - деп, сөздү бузуп, динге доо келтиришкен. А эгерде алар: "Биз уктук жана баш ийдик", "ук" жана "бизге кара", – деп сүйлөшсө, анда алар үчүн жакшы, ары туура болмок. Бирок Аллах аларды каапыр болгондуктары үчүн каргышка калтырды. Алардын азыраагынан башкасы каапыр бойунча калды.
a. Иудейлердин тилинде тилдөөгө колдонулган жаман сөз.
47 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ آمِنُوا بِمَا نَزَّلْنَا مُصَدِّقًا لِمَا مَعَكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَطْمِسَ وُجُوهًا فَنَرُدَّهَا عَلَى أَدْبَارِهَا أَوْ نَلْعَنَهُمْ كَمَا لَعَنَّا أَصْحَابَ السَّبْتِ وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ مَفْعُولًا
Эй, Китеп берилгендер! Биз бетиңерди түздөп, артына түрүп салуудан мурда, же Биз аларды «ишемби ээлерин» наалаттагандай, каргышка калтыргандан эртерээк силердегини (Тоорат, Инжил) тастыктоо үчүн силерге жөнөткөнүбүзгө ишенгиле! Аллахтын буйругу ар дайым ишке ашат.
a. Иудейлер жана христиандар. b. Куранга.
48 إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدِ افْتَرَى إِثْمًا عَظِيمًا
Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. А ким Аллахка шерик кошсо, ал зор күнөөнү ойлоп тапканы.
49 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يُزَكُّونَ أَنْفُسَهُمْ بَلِ اللَّهُ يُزَكِّي مَنْ يَشَاءُ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا
Чын эле, сен өздөрүн «өтө тазабыз» деп билгендерди көрбөйсүңбү?! Жок, Аллах кимди кааласа, аны тазалайт. Аларга кымындай да зулум кылынбайт.
50 انْظُرْ كَيْفَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَكَفَى بِهِ إِثْمًا مُبِينًا
Алар Аллахка кандай жалгандарды айткандарын карачы! Бул айкын күнөө болууга жетиштүү.
a. «Биз, иудейлер Кудай тандаган элбиз, андыктан биз тозок азабын тартпайбыз» дегендей же «Кудайдын баласы бар» дегендей ж.б.у.с.
51 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُؤْمِنُونَ بِالْجِبْتِ وَالطَّاغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا هَؤُلَاءِ أَهْدَى مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا سَبِيلًا
Сен Китептин бөлүгү берилгендердин "Жибт", менен "Таагуутка" ишенишкендиктерин жана каапырларга: "Ыйман келтиргендердин жолунан силердин жол туура дешкендерин көрбөйсүңбү?"
a. Курейш каапырларына таандык эки сөлөкөттүн, жалган кудайлардын аты. Куранга.
52 أُولَئِكَ الَّذِينَ لَعَنَهُمُ اللَّهُ وَمَنْ يَلْعَنِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ نَصِيرًا
Булар Аллахтын каргышына калгандар. Ким Аллахтын каргышына калса, ага жардамчыны таппайсың!
a. Коргоочуну.
53 أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذًا لَا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيرًا
Же аларда мүлктөн үлүшү барбы? (Алардын колунда эч кандай бийликтен үлүш жок. Кокус болуп калса,) анда деле адамдарга кымындай да беришмек эмес.
a. бийликтен
54 أَمْ يَحْسُدُونَ النَّاسَ عَلَى مَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ فَقَدْ آتَيْنَا آلَ إِبْرَاهِيمَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَآتَيْنَاهُمْ مُلْكًا عَظِيمًا
Мүмкүн алар Аллах өз жакшылыгы менен адамдарга берген нерселери үчүн көрө албастык кылып жатышпасын? Анткени, Биз Ибрахимдин урпактарына Китеп жана акылмандык берип, аларга зор бийлик тартууладык.
55 فَمِنْهُمْ مَنْ آمَنَ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ صَدَّ عَنْهُ وَكَفَى بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا
Ошолордун ичинен ага ишенгендер да, алардын арасынан андан баш тарткандар да болду. Аларга тозоктун азабы жетиштүү!
a. Мухаммед (а.с.)ге
56 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا سَوْفَ نُصْلِيهِمْ نَارًا كُلَّمَا نَضِجَتْ جُلُودُهُمْ بَدَّلْنَاهُمْ جُلُودًا غَيْرَهَا لِيَذُوقُوا الْعَذَابَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمًا
Акыйкатта, айаттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта, Аллах Ызаттуу, Даанышман.
57 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا لَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَنُدْخِلُهُمْ ظِلًّا ظَلِيلًا
А ыймандууларды Биз алдында дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизебиз, алар анда түбөлүккө болушат. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар жана аларды дайыма көлөкөлүү жайларга киргизебиз.
a. Өтө сулуу жубайлары келишкен сулуу үр кыздары.
58 إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ إِنَّ اللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِهِ إِنَّ اللَّهَ كَانَ سَمِيعًا بَصِيرًا
Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууга буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Аллах силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Аллах Угуучу, Көрүүчү!
a. Ишеним көргөзүлүп тапшырылган иш, жумуш, тапшырма, же кандайдыр мал-мүлк, буйум-тайым. b. Аман-эсен, кечиктирбей, бузуп, кемитип, жок кылып, өзгөртүп, же аткарбай койбой, жеткирүү.
59 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
Эй ыймандуулар, Аллахка баш ийгиле! Аллахтын элчисине баш ийгиле! Ошондой эле силердин араңардагы колуна бийлик берилгендерге баш ийгиле! Эгер бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, анда Аллахка жана пайгамбарга кайтаргыла, эгер силер Аллахка жана акырет Күнүнө ишенсеңер. Мына ушул эң жакшы жана мыкты көрсөтмө!
a. Куранга. b. Сүннөткө. c. Куран менен Сүннөткө карап, ошонун негизинде өкүм чыгаргыла.
60 أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلَالًا بَعِيدًا
Сага (эй, Мухаммед!) жана сага чейинкилерге да ишенебиз деп ойлогондор өкүм чыгартуу үчүн адашкан таагутка кайрылууну каалашканын көрбөйсүңбү? Алар ага ишенбөөгө буйрулушкан эле! Шайтан аларды жолдон азгырып, терең адашууга алып барууну каалайт.
a. Мурунку китептерге, пайгамбарларга. b. Кааб ибну Ал-Ашраф. Тафсир Ал-Жалалайн. c. Аллахтан башкага.