бөлүм Ниса - النساء

1 يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًا كَثِيرًا وَنِسَاءً وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي تَسَاءَلُونَ بِهِ وَالْأَرْحَامَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَيْكُمْ رَقِيبًا

Эй адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан зайыбын жараткан. Ал экөөнөн көптөгөн эркек жана айалдарды жараткан Эгеңден корккула! Силер (ант ичүүдө атын колдонуу) менен бири бириңден сураган Аллахтан жана карым-катнаштан корккула! Албетте, Аллах силерди көзөмөлдөгөн эле.

a. Адам атадан. b. Туугандык карым-катнашты үзүүдөн корккула. Анткени бул чоң күнөө.

2 وَآتُوا الْيَتَامَى أَمْوَالَهُمْ وَلَا تَتَبَدَّلُوا الْخَبِيثَ بِالطَّيِّبِ وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَهُمْ إِلَى أَمْوَالِكُمْ إِنَّهُ كَانَ حُوبًا كَبِيرًا

Жетимдердин мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!

a. Бойго жетсе.

3 وَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تُقْسِطُوا فِي الْيَتَامَى فَانْكِحُوا مَا طَابَ لَكُمْ مِنَ النِّسَاءِ مَثْنَى وَثُلَاثَ وَرُبَاعَ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ذَلِكَ أَدْنَى أَلَّا تَعُولُوا

А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка айалдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.

a. Исламга чейинки доордо ондон, жыйырмадан, ал турсун элүү, алтымышка чейин айал алгандар болгон. Бирок, айалдарына адилеттүү мамиле жасаган эмес. Андыктан Аллах Таала төрт айалга кыскартып, Ыйык Куранда чек койгон. А эгерде көп айал алып, бирок алардын ортосунда адилет мамиле жасабаса, бул чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан адилет мамиле жасоого алы жетпегендер бир айал менен чектелүүсүн Аллах Таала буйруп жатат. Баса Аллах: «Канчалык кызыгып умтулсаңар да, айалдарыңардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт» - деп эскерткен. (Ниса-129). b. Күңдөр.

4 وَآتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً فَإِنْ طِبْنَ لَكُمْ عَنْ شَيْءٍ مِنْهُ نَفْسًا فَكُلُوهُ هَنِيئًا مَرِيئًا

(үйлөнгөн) айалдарыңарга калыңын чын дилден бергиле. Эгерде ал (айал) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле! Тамагыңар таттуу болсун.

a. “Махр” деп аталып, кыздын акысы катары анын өзүнө берилет.

5 وَلَا تُؤْتُوا السُّفَهَاءَ أَمْوَالَكُمُ الَّتِي جَعَلَ اللَّهُ لَكُمْ قِيَامًا وَارْزُقُوهُمْ فِيهَا وَاكْسُوهُمْ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَعْرُوفًا

Кем акылдарга Аллах силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!

a. Акылы толо элек жетимдерге.

6 وَابْتَلُوا الْيَتَامَى حَتَّى إِذَا بَلَغُوا النِّكَاحَ فَإِنْ آنَسْتُمْ مِنْهُمْ رُشْدًا فَادْفَعُوا إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ وَلَا تَأْكُلُوهَا إِسْرَافًا وَبِدَارًا أَنْ يَكْبَرُوا وَمَنْ كَانَ غَنِيًّا فَلْيَسْتَعْفِفْ وَمَنْ كَانَ فَقِيرًا فَلْيَأْكُلْ بِالْمَعْرُوفِ فَإِذَا دَفَعْتُمْ إِلَيْهِمْ أَمْوَالَهُمْ فَأَشْهِدُوا عَلَيْهِمْ وَكَفَى بِاللَّهِ حَسِيبًا

Жана жетимди сынап көргүлө, алар качан үйлөнүү куракка келгенде алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана аны (мал-мүлктү) алар (жетимдер) акылы толгон куракка жашы жетүүсүнөн коркуп, (андан мурун) ысырап кылып, шашылыш түрдө жеп койбогула! А ким бай болсо, анда жетимдин мал-мүлкүнөн өзүн кармасын. А эгер кедей болсо, анда жакшылык менен жесин. А силер жетимдин мал-мүлкүн өзүнө тапшырганда аларга күбө катыштыргыла. Эсепте Аллах өзү жетиштүү.

a. Акылы толгон, же толбогонун. b. Жетимдин мал-мүлкүн пайдалануунун себебинен. c. Кепил. d. Пенделеринин амалдарынын эсебин өзү билет.

7 لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنْهُ أَوْ كَثُرَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا

Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан үлүш бар. Айалга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз кылынган үлүш (болуп эсептелет).

a. Мурастан. b. Муну Аллах Таала тигилердин насиби кылып койгон. Демек, өз ээлерине берилүүгө тийиш.

8 وَإِذَا حَضَرَ الْقِسْمَةَ أُولُو الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينُ فَارْزُقُوهُمْ مِنْهُ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَعْرُوفًا

Туугандары, жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө келип калса, андан аларга да бергиле, аларга жакшы сөз айткыла!

a. Мурас алууга укугу жок тууганы. b. Мурас бөлүштүрүлүп жаткан кезде.

9 وَلْيَخْشَ الَّذِينَ لَوْ تَرَكُوا مِنْ خَلْفِهِمْ ذُرِّيَّةً ضِعَافًا خَافُوا عَلَيْهِمْ فَلْيَتَّقُوا اللَّهَ وَلْيَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا

Артында жаш наристелерин калтыруучулар коркушсун! Аллахтан сактанышсын! (Алар) туура сөз айтышсын!

a. Жетимдер ишинде кылдат жана коркуу менен иш алып баруу зарыл. Келме кезек дегендей, бүгүн кепил болгон адам өлүп кетсе, артындагы балдары жетим болуп, бирөөнүн колунда калышы толук мүмкүн. Андыктан ар бир адам терең ойлонууга тийиш. b. Өлүм алдында жаткан адам туура осуят кылсын. Мураскерлерге да үлүш калтырсын.

10 إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَى ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا

Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат.

11 يُوصِيكُمُ اللَّهُ فِي أَوْلَادِكُمْ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ فَإِنْ كُنَّ نِسَاءً فَوْقَ اثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ وَإِنْ كَانَتْ وَاحِدَةً فَلَهَا النِّصْفُ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِنْ كَانَ لَهُ وَلَدٌ فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُ وَلَدٌ وَوَرِثَهُ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ الثُّلُثُ فَإِنْ كَانَ لَهُ إِخْوَةٌ فَلِأُمِّهِ السُّدُسُ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِي بِهَا أَوْ دَيْنٍ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ لَا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعًا فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا

Аллах силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: (алуучу)Эркек бала болсо эки кыздын үлүшүнө барабар (алат). А эгер – айалдар экиден ашык болсо, анда ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет). А эгер анын баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). Керээз кылып калтырган осуйатын (аткаргандан) кийин, же карызын берген соң. Силердин ата-энеңердин, же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Аллах (мурасты) парз кылып койгон. Аллах Билүүчү, Даанышман.

a. Эркеги жок жалаң кыздар болсо. b. Маркум. c. Маркумдун. d. Жогоруда айтылган мурастар. e. Айтылган мурастар берилет.

12 وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَاجُكُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُنَّ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌ فَلَكُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِينَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَكُمْ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ وَلَدٌ فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُمْ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ تُوصُونَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَإِنْ كَانَ رَجُلٌ يُورَثُ كَلَالَةً أَوِ امْرَأَةٌ وَلَهُ أَخٌ أَوْ أُخْتٌ فَلِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ فَإِنْ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ فَهُمْ شُرَكَاءُ فِي الثُّلُثِ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصَى بِهَا أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَارٍّ وَصِيَّةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌ

Эгер (ал айалдардын) баласы жок болсо, анда силерге айалыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган айалдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). Эгерде эркекте же аялда ата да, бала да болбосо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскерлер) бирден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Аллахтын көрсөтмөсү бойунча эч кимге зыйан келтирбей карыздарды төлөп бүткөн соң(берилет). Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Жумшак.

a. Өлүк көмүүгө кеткен чыгымдар жана мурасты бөлүштүрүү адилдик, калыстык, ишти билгендик менен эч кимди таарынтпагандай жүргүзүлүүсү керек.

13 تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Булар Аллахтын чек аралары. Эгер ким Аллахка жана Анын элчисине мойун сунса, Ал аларды алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө калышат. Бул – зор ийгилик!

a. Жогоруда айтылгандар. b. Мыйзамдары.

14 وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُ يُدْخِلْهُ نَارًا خَالِدًا فِيهَا وَلَهُ عَذَابٌ مُهِينٌ

А ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбесе жана Анын чектеринен өтүп кетсе, Ал аларды отко киргизет. Алар анда түбөлүккө болушат жана алар үчүн кордоочу азап бар!

15 وَاللَّاتِي يَأْتِينَ الْفَاحِشَةَ مِنْ نِسَائِكُمْ فَاسْتَشْهِدُوا عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةً مِنْكُمْ فَإِنْ شَهِدُوا فَأَمْسِكُوهُنَّ فِي الْبُيُوتِ حَتَّى يَتَوَفَّاهُنَّ الْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ اللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًا

Силердин айалдарыңардан бузуктук ишти кылгандарга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлөндүргүлө! Эгер алар күбөлүк беришсе, анда айалыңарды өлүм келгенге чейин, же Аллах аларга башка бир жолду көргөзмөйүнчө үйүңөрдө кармагыла.

a. Ойноштук кылса.

16 وَاللَّذَانِ يَأْتِيَانِهَا مِنْكُمْ فَآذُوهُمَا فَإِنْ تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا عَنْهُمَا إِنَّ اللَّهَ كَانَ تَوَّابًا رَحِيمًا

А (эгер) силердин араңардан экөө бул бузук ишти кылышса, аларды жазалагыла, эгер алар өкүнүп, оңолушса, жазаны (кордоону) токтоткула! Албетте, Аллах Кечирүүчү, Мээримдүү.

a. Эркектерден

17 إِنَّمَا التَّوْبَةُ عَلَى اللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِنْ قَرِيبٍ فَأُولَئِكَ يَتُوبُ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

Күнөөнү билбестиктен жасап, кайра тезинен тообо кылып, өкүнгөндөргө, Аллахтын кечирими болот. Акыйкатта Аллах Билүүчү, Даанышман.

18 وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّى إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ وَلَا الَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ أُولَئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

Күнөөлөрдү жасап, анан алардын ичинен бирөөнө өлүм келген учурда ал: “Мен азыр өкүндүм, тообо кылдым!” – деп айтса,ага тообо жок. Ошондой эле каапыр бойдон өлүп калгандарга да (кечирим) жок. Аларга Биз катуу азапты дайардадык.

19 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَنْ تَرِثُوا النِّسَاءَ كَرْهًا وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا بِبَعْضِ مَا آتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ فَإِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَى أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَيَجْعَلَ اللَّهُ فِيهِ خَيْرًا كَثِيرًا

Эй ыйман келтиргендер! Силерге айалдарды күч менен мураска алуу дурус эмес жана аларга (айалдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды (башка эрге тийүүдөн) тосуп турбагыла! Бирок алар ачык эле бузук ишке барышса, анда калыңыңарды кайтарып ала аласыңар. Алар (айалдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула! Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла)! Силер жаман көргөн нерседен мүмкүн Аллах андан көп жакшылыкты берээр.

a. Исламга чейинки доордо күйөөсү өлгөн айалдарды өлгөндүн туугандары күч менен мураска алышкан, же кетирбей кармап калган (дүйнөсүн алып калуу үчүн) учурлар көп болгон. Аларга калыңсыз (махрсыз) үйлөнүшкөн же башка бирөөгө күйөөгө берип, калыңын өздөрү алышкан (Тафсир Ал-Жалалайн). Ислам болсо айалдарды антип буйум катары мураска алууга тыйуу салган.

20 وَإِنْ أَرَدْتُمُ اسْتِبْدَالَ زَوْجٍ مَكَانَ زَوْجٍ وَآتَيْتُمْ إِحْدَاهُنَّ قِنْطَارًا فَلَا تَأْخُذُوا مِنْهُ شَيْئًا أَتَأْخُذُونَهُ بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا

Эгер силер бир айалды башка айал менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө (калыңга)мал-мүлк берген болсоңор, андан эч нерсени кайтарып албагыла! Ырасында, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?