бөлүм Тавба - التوبة

1 بَرَاءَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Силер тараптан эки жактуу келишим түзүлгөн мушриктерге Аллахтан жана Анын элчисинен (келишимди) токтотуу жарыйасы!

a. Төрт айлык мөөнөттүн соңунда

2 فَسِيحُوا فِي الْأَرْضِ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ وَأَنَّ اللَّهَ مُخْزِي الْكَافِرِينَ

(Эй, мушриктер!) Жер бетинде төрт ай бою кыдыргыла! Ырасында, Аллахты алсырата албашыңарды жана Аллах каапырларды кордоорун билгиле!

3 وَأَذَانٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى النَّاسِ يَوْمَ الْحَجِّ الْأَكْبَرِ أَنَّ اللَّهَ بَرِيءٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ وَرَسُولُهُ فَإِنْ تُبْتُمْ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ وَبَشِّرِ الَّذِينَ كَفَرُوا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Чоң ажылык күнү Алладан жана Анын элчисинен элге бир жарыйа: Чындыгында Алла, Анын элчиси мушриктерди четке кагат. Эгер тообо кылсаңар өзүңөр үчүн жакшы, ал эми баш тартсаңар Алладан эч кутула албайсыңар. (Эй, Мухаммед!) Каапырларга сыздатуучу азап бар экенин кабарла.

a. Курбандык к\н\

4 إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ثُمَّ لَمْ يَنْقُصُوكُمْ شَيْئًا وَلَمْ يُظَاهِرُوا عَلَيْكُمْ أَحَدًا فَأَتِمُّوا إِلَيْهِمْ عَهْدَهُمْ إِلَى مُدَّتِهِمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ

Бирок, келишим түзүшкөн мушриктерден кийин силерге бир да кемчилик каалабаса, бирөөгө көмөк кылбаса, анда алардын келишимдерин мөөнөтүнө чейин бүтүргүлө. Чындыгында, Алла такыбаларды жакшы көрөт.

a. Мусулмандарга башкалардын жамандык кылуусуна къмък кылбаса, жардам беришпесе

5 فَإِذَا انْسَلَخَ الْأَشْهُرُ الْحُرُمُ فَاقْتُلُوا الْمُشْرِكِينَ حَيْثُ وَجَدْتُمُوهُمْ وَخُذُوهُمْ وَاحْصُرُوهُمْ وَاقْعُدُوا لَهُمْ كُلَّ مَرْصَدٍ فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَخَلُّوا سَبِيلَهُمْ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Ыйык айлар чыккандан кийин, мушриктерди кай жерде көрсөңөр да өлтүргүлө. Аларды туткундагыла жана курчоого алгыла. Аларды кармоодо ар бир жолго тургула. Эгер алар тообо кылышса, намазды толук аткарышса, зекет беришсе, анда алардын жолун бош койгула. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

6 وَإِنْ أَحَدٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ اسْتَجَارَكَ فَأَجِرْهُ حَتَّى يَسْمَعَ كَلَامَ اللَّهِ ثُمَّ أَبْلِغْهُ مَأْمَنَهُ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْلَمُونَ

Эгер мушриктерден бирөөсү сенден башбаанек сураса, анда ага Алланын сөзүн тыңшаганга чейин башбаанек бер. Анан аны коопсуз жерге жеткир. Бул – алардын билбей турган коом экендигинен.

a. Сенин исламга чакырган съз\ёъ кулак салып, Аллага гана ибадат кылууга ниеттенгенин ачык айтканга чейин b. Алланын алдында кайсыл дин съзс\з кабыл болоорун

7 كَيْفَ يَكُونُ لِلْمُشْرِكِينَ عَهْدٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعِنْدَ رَسُولِهِ إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ فَمَا اسْتَقَامُوا لَكُمْ فَاسْتَقِيمُوا لَهُمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ

Алла жана Анын элчисинин алдында мушриктер менен кандай келишим болушу мүмкүн?! Бирок Ыйык Мечитте силер менен келишим түзгөндөрдөн башкалары менен. Алар силерге жакшы мамиле кылса, силер да алар менен жакшы мамиледе болгула. Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт.

a. Ушулар менен гана келишим болушу м\мк\н

8 كَيْفَ وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً يُرْضُونَكُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَى قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ

Кантип? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдерге да карап олтурбайт. Алар силерди оозу менен гана ыраазы кылат. Бирок жүрөктөрү (өздөрү) айтканын чанат жана алардын көпчүлүгү бузукулар.

a. Алар менен кантип келишим т\з\\гъ болот

9 اشْتَرَوْا بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِهِ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Алар – Алланын айаттарын арзыбаган баага сатып, анын (ислам дининин) жолуна тоскоол болушат. Алардын жасаган иштери кандай жаман!

10 لَا يَرْقُبُونَ فِي مُؤْمِنٍ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُعْتَدُونَ

Алар момундарга берген анттарын да, түзгөн келишимин да аткарышпайт. Мына ушулар – чектен чыккандар.

a. Алланын адамдар \ч\н белгилеген чегинен

11 فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ وَنُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Эгер алар тообо кылып, намазын толук аткарып, зекет беришсе, анда алар силердин диндеш тууганыңар. Биз билген адамдарга гана айаттарыбызды байан кылабыз.

12 وَإِنْ نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ مِنْ بَعْدِ عَهْدِهِمْ وَطَعَنُوا فِي دِينِكُمْ فَقَاتِلُوا أَئِمَّةَ الْكُفْرِ إِنَّهُمْ لَا أَيْمَانَ لَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَنْتَهُونَ

Эгер алар убадалашкандан кийин өз анттарын бузуп, диниңерге тил тийгизсе, анда каапырлыкка жетекчи болгондор менен согушкула. Анткени алардын анты – ант эмес. Балким, алар (жамандыктан) тыйылышаар?

13 أَلَا تُقَاتِلُونَ قَوْمًا نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ وَهَمُّوا بِإِخْرَاجِ الرَّسُولِ وَهُمْ بَدَءُوكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ أَتَخْشَوْنَهُمْ فَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَوْهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

(Эй, момундар!) Анттарын бузган, пайгамбарды журтунан кууп чыгарууга умтулган жана силерге биринчи болуп кол салган коомго каршы эмне үчүн согушпашыңар керек? Алардан коркосуңарбы? Эгер ыйман келтирген болсоңор, анда Алладан гана коркуу зарыл!

14 قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنْصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُؤْمِنِينَ

Алар менен согушкула! Алла аларды силердин колуңар менен азаптап, кордосун. Аларга каршы (Алла) силерге жардам берет. Ошондой эле, ыйман келтирген коомдун көөдөндөрүн ачат.

a. мушриктер b. Алланын Чындыгын аёдап-бил\\ жъндъм\н берет

15 وَيُذْهِبْ غَيْظَ قُلُوبِهِمْ وَيَتُوبُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Алардын жүрөктөрүндөгү ачуусун таркатат. Алла кимди кааласа, тообосун кабыл кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!

16 أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تُتْرَكُوا وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنْكُمْ وَلَمْ يَتَّخِذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَا رَسُولِهِ وَلَا الْمُؤْمِنِينَ وَلِيجَةً وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

Силердин араңардан согушкандарды, ошондой эле Алладан, Анын элчисинен жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды Алла аныктабаган бойунча калтырып койот деп ойлойсуңарбы? Алла – силердин жасап жаткан аракеттериңерден Кабардар!

a. Мушриктерди, мунафыктарды, каапырларды…

17 مَا كَانَ لِلْمُشْرِكِينَ أَنْ يَعْمُرُوا مَسَاجِدَ اللَّهِ شَاهِدِينَ عَلَى أَنْفُسِهِمْ بِالْكُفْرِ أُولَئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ وَفِي النَّارِ هُمْ خَالِدُونَ

Мушриктер өздөрүнүн каапырлыгына күбө боло туруп, Алланын мечиттерин куруулары – жарабаган иш. Алардын амалдары текке кетип, алар Тозокто түбөлүккө калышат.

a. Мечитке кир\\лър\ жана анын ичинде отуруулары

18 إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَلَمْ يَخْشَ إِلَّا اللَّهَ فَعَسَى أُولَئِكَ أَنْ يَكُونُوا مِنَ الْمُهْتَدِينَ

Алланын мечиттерин Аллага, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Алладан гана корккон (адам) курат! Мүмкүн алар Туура Жолдо болушар.

19 أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا يَسْتَوُونَ عِنْدَ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

(Эй, мушриктер!) Силер ажыларга суу берип, Ыйык Мечитке ээлик кылуучуларды – Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирип, Алла жолунда согушкан адамдар менен теңейсиңерби? Алар Алланын алдында тең эмес! Алла – заалым коомду Туура Жолго багыттабайт.

a. Жеёил иш-амалдарды гана жасамыш болгон b. Меккедеги эё ыйык мечит

20 الَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ أَعْظَمُ دَرَجَةً عِنْدَ اللَّهِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْفَائِزُونَ

Ыйман келтирип, жер которуп, Алла жолунда мал-мүлк, жандары менен согушкандар Алланын алдында улуу даражага ээ. Мына ушулар – бактылуу болуучулар.

a. Меккеден Мединага b. Алланын ыраазылыгын табуу \ч\н ъз\н жана байлыгын айабастан