21 يُبَشِّرُهُمْ رَبُّهُمْ بِرَحْمَةٍ مِنْهُ وَرِضْوَانٍ وَجَنَّاتٍ لَهُمْ فِيهَا نَعِيمٌ مُقِيمٌ
Эгеси Өзүнүн ырайымдуулугу, ыраазылыгы жана туруктуу жакшылыкка ээ болгон бактар менен кубантат.
21 يُبَشِّرُهُمْ رَبُّهُمْ بِرَحْمَةٍ مِنْهُ وَرِضْوَانٍ وَجَنَّاتٍ لَهُمْ فِيهَا نَعِيمٌ مُقِيمٌ
Эгеси Өзүнүн ырайымдуулугу, ыраазылыгы жана туруктуу жакшылыкка ээ болгон бактар менен кубантат.
22 خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا إِنَّ اللَّهَ عِنْدَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ
Алар анда түбөлүкө калуучулар. Чындыгында, Алланын алдында улуу сыйлык (бар).
23 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا آبَاءَكُمْ وَإِخْوَانَكُمْ أَوْلِيَاءَ إِنِ اسْتَحَبُّوا الْكُفْرَ عَلَى الْإِيمَانِ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Эй, момундар! Эгер атаңар жана агаларыңар ыймандан көрө каапырлыкты жакшы көрүшсө, аларды жакыным деп эсептебегиле. Ким аларды дос санаса, анда алар – зулумдук кылуучулар!
a. Ъздър\нъ
24 قُلْ إِنْ كَانَ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ وَإِخْوَانُكُمْ وَأَزْوَاجُكُمْ وَعَشِيرَتُكُمْ وَأَمْوَالٌ اقْتَرَفْتُمُوهَا وَتِجَارَةٌ تَخْشَوْنَ كَسَادَهَا وَمَسَاكِنُ تَرْضَوْنَهَا أَحَبَّ إِلَيْكُمْ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَجِهَادٍ فِي سَبِيلِهِ فَتَرَبَّصُوا حَتَّى يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
“Эгер атаңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, жубайыңар, досторуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, токтоп калуусунан корккон соодаларыңар жана жакшы көргөн үйлөрүңөр силер үчүн Алладан, анын элчисинен жана Анын жолунда согушуудан артыгыраак көрүнсө, анда Алланын амири келгенге чейин күткүлө!” – деп айт. Алла – бузуку коомду Туура Жолго баштабайт!
a. Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) буйуруп жатат
25 لَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ فِي مَوَاطِنَ كَثِيرَةٍ وَيَوْمَ حُنَيْنٍ إِذْ أَعْجَبَتْكُمْ كَثْرَتُكُمْ فَلَمْ تُغْنِ عَنْكُمْ شَيْئًا وَضَاقَتْ عَلَيْكُمُ الْأَرْضُ بِمَا رَحُبَتْ ثُمَّ وَلَّيْتُمْ مُدْبِرِينَ
Чындыгында, Алла силерге көп жерлерде жардам берди. Ошондой эле Хунайн күнү да (жардам берген). Ошондо саныңардын көптүгүнө таң калдыңар. Бирок ал силерден эч нерсени кайтара алган жок. Ошондой эле ал жер кенен болгону менен силерге тарлык кылып, артыңарга карап качтыңар.
a. Мекке Тоифтин ортосундагы Хунайн деген жерде мушриткер менен мусулмандардын ортосунда болгон согушта b. Силер ошондо Алладан жардам келбесе аскердин къпт\г\ эч нерсеге жарабасын унутуп, къпт\г\ёъргъ маашырланып кеттиёер
26 ثُمَّ أَنْزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَى رَسُولِهِ وَعَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَأَنْزَلَ جُنُودًا لَمْ تَرَوْهَا وَعَذَّبَ الَّذِينَ كَفَرُوا وَذَلِكَ جَزَاءُ الْكَافِرِينَ
Анан Алла Өз элчисине жана момундардын жүрөгүнө бейпилдик салып, силер көрө албаган аскер жиберип, каапырларды азапка салды. Мына каапырлардын жазасы!
27 ثُمَّ يَتُوبُ اللَّهُ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ عَلَى مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Бирок, Алла кимге кааласа ошого ырайым кылат. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
a. Ушул согуштан кийин
28 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْمُشْرِكُونَ نَجَسٌ فَلَا يَقْرَبُوا الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ بَعْدَ عَامِهِمْ هَذَا وَإِنْ خِفْتُمْ عَيْلَةً فَسَوْفَ يُغْنِيكُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ إِنْ شَاءَ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Эй, ыйман келтиргендер! Чындыгында мушриктер – ыплас (болушат). Ушул жылдан кийин алар Ыйык Мечитке жолошпосун! Эгер кедейликтен корксоңор, Алла кааласа силерди Өз артыкчылыгы менен байытат. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!
a. мушриктер
29 قَاتِلُوا الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَا بِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَلَا يُحَرِّمُونَ مَا حَرَّمَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَلَا يَدِينُونَ دِينَ الْحَقِّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حَتَّى يُعْطُوا الْجِزْيَةَ عَنْ يَدٍ وَهُمْ صَاغِرُونَ
Китеп берилгендерден Аллага, акырет күнүнө ыйман келтирбегендер жана Алланын, Анын элчисинин арам кылган нерселерин арам катары тааныбагандар, ошондой эле Чыныгы Динди тутунбагандар менен өздөрүн кор тутуп, салык төлөмөйүнчө согушкула!
a. Ислам динин
30 وَقَالَتِ الْيَهُودُ عُزَيْرٌ ابْنُ اللَّهِ وَقَالَتِ النَّصَارَى الْمَسِيحُ ابْنُ اللَّهِ ذَلِكَ قَوْلُهُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ يُضَاهِئُونَ قَوْلَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَبْلُ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ
Иудейлер: “Узайр – Алланын уулу”, – дешет. Христиандар болсо: “Иса – Алланын уулу”, – дешет. Бул – мурдагы каапырлардын айтканына окшоштуруп, ооздору менен айткандары. Аларды Алла жок кылсын! Кантип (акыйкаттан) кайтып кетишет?!
a. Узайир пайгамбарды ыйык кылып кърсът\\гъ далалат кылышкан. b. Чын дилдеринен эмес, ооз учунан гана
31 اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَهًا وَاحِدًا لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар иудей илимдүүлөрүн, христиан кечилдерин жана Марийам уулу Исаны Алладан башка кудай катары кабылдашат. Чындыгында алар жалгыз Кудайга ибадат кылууга буйурулган. Андан (Алладан) башка кудай жок. Ал – алардын шеригинен аруу!
a. Иудей дининдегилер жана христиан динин тутунгандар
32 يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ
Алар өз ооздору менен Алланын нурун өчүргүлөрү келет. Бирок алар (Ислам динин) канчалык жек көрүшпөсүн, Алла Өз нурун толук кылат.
a. Динин – Исламды b. Ислам динин толук т\ш\р\п, каапырлардын каршылыгына карабастан анын Кыйаматка чейин таза бойдон сакталышын камсыз кылат
33 هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ
Ал Өз элчисин Туура Жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөмдүк кылууга жиберген.
a. Ислам дини
34 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ كَثِيرًا مِنَ الْأَحْبَارِ وَالرُّهْبَانِ لَيَأْكُلُونَ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلَا يُنْفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Эй, момундар! Иудей илимдүүлөрү менен христиан кечилдеринин көпчүлүгү адамдардын мал-мүлкүн бузукулук менен жешет жана Алланын жолунан тосушат. Алтын, күмүштү жыйнап, Алла жолунда сарптабагандарга сыздатуучу азапты сүйүнчүлө”!
a. Эй, Мухаммед! b. Кабар бер!
35 يَوْمَ يُحْمَى عَلَيْهَا فِي نَارِ جَهَنَّمَ فَتُكْوَى بِهَا جِبَاهُهُمْ وَجُنُوبُهُمْ وَظُهُورُهُمْ هَذَا مَا كَنَزْتُمْ لِأَنْفُسِكُمْ فَذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَكْنِزُونَ
Кыйамат Күнү алар Тозок отунда кызытылып, аны менен алардын маңдайлары, капталдары жана жондоруна так басылып: “Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла!” ( – деп айтылат).
a. к\йг\з\л\п
36 إِنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِنْدَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ فَلَا تَظْلِمُوا فِيهِنَّ أَنْفُسَكُمْ وَقَاتِلُوا الْمُشْرِكِينَ كَافَّةً كَمَا يُقَاتِلُونَكُمْ كَافَّةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ
Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын Өзүнүн Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла. Мушриктер силер менен согушкандай, силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Алла – такыбалар менен бирге!
a. Лавхул Махфузда b. Зулкаада, зулхижжа, мухаарам жана ражаб айлары c. Аллага гана жасалуучу ибадаттардан башка, к\нъъл\\ иштерге бир саатыёарды коротпогула
37 إِنَّمَا النَّسِيءُ زِيَادَةٌ فِي الْكُفْرِ يُضَلُّ بِهِ الَّذِينَ كَفَرُوا يُحِلُّونَهُ عَامًا وَيُحَرِّمُونَهُ عَامًا لِيُوَاطِئُوا عِدَّةَ مَا حَرَّمَ اللَّهُ فَيُحِلُّوا مَا حَرَّمَ اللَّهُ زُيِّنَ لَهُمْ سُوءُ أَعْمَالِهِمْ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ
Акыйкатта (ыйык) айды кечиктирүү– каапырлыкты арттыруу. Аны менен каапырлар Жолдон адашышат. Алар, Алланын арам кылган айларынын санын толуктоо үчүн, аны бир жыл арам кылып, бир жыл адал кылышат. Ошентип, Алланын арам кылганын адал деп билишет. Алардын жаман иштери өздөрүнө кооз кылып көрсөтүлүп койулду. Алла – каапырларды Туура Жолго багыттабайт.
a. Исламга чейинки арабдар ыйык мухаррам айында жасалуучу диний жърългълърд\ сафар айына жылдырышып, Алланын айаттарына каршы иш кылышкан b. Исламга чейинки арабдар жети жылды бир цикл катары алышып, анын ичинен \ч\нч\, алтынчы жанан сегизинчи айларга ъз ойлорунан чыгарып кошумча к\ндърд\ (айларды десе ад болот) кошуп алышкан.
38 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ
Эй, момундар! Силерге эмне болду? “Алла жолундагы согушка чыккыла!” – деп айтылса, салмактарыңарды жерге салдыңар. Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз.
a. Жерден козголгуёар келбеди
39 إِلَّا تَنْفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَابًا أَلِيمًا وَيَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئًا وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгер согушка чыкпасаңар, Алла силерди сыздатуучу азап менен азаптап, ордуңарга башка коомду алмаштырат. Силер Аллага эч бир зыйан жеткире албайсыңар! Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
40 إِلَّا تَنْصُرُوهُ فَقَدْ نَصَرَهُ اللَّهُ إِذْ أَخْرَجَهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ثَانِيَ اثْنَيْنِ إِذْ هُمَا فِي الْغَارِ إِذْ يَقُولُ لِصَاحِبِهِ لَا تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا فَأَنْزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَيْهِ وَأَيَّدَهُ بِجُنُودٍ لَمْ تَرَوْهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ الَّذِينَ كَفَرُوا السُّفْلَى وَكَلِمَةُ اللَّهِ هِيَ الْعُلْيَا وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Силер ага жардам бербесеңер деле, аны каапырлар (Меккеден) чыгарып, үңкүрдө, экөөнүн бири болгон убакта да, ага Алла жардам берген. Ошол кезде жолдошуна: “Кайгырба! Чындыгында, Алла биз менен бирге”, – деп айтты. Алла ага Өз бейпилдигин түшүрүп, силер көрө албаган аскерлер менен кубаттады. Ошентип, каапырлардын сөзүн төмөн кылды. Алланын Сөзү жогору. Алла – Мартабалуу, Даанышман!
a. Мухаммедге (а.с.) b. Абу Бакр ((р.а.) – Алла андан ыраазы болсун!) c. Анын ж\ръг\нъ тынчтануу орнотуп, коркуу сезимин жоготту. d. Каапылардын шагын сындырып, шерменде кылды