бөлүм Тавба - التوبة

81 فَرِحَ الْمُخَلَّفُونَ بِمَقْعَدِهِمْ خِلَافَ رَسُولِ اللَّهِ وَكَرِهُوا أَنْ يُجَاهِدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَقَالُوا لَا تَنْفِرُوا فِي الْحَرِّ قُلْ نَارُ جَهَنَّمَ أَشَدُّ حَرًّا لَوْ كَانُوا يَفْقَهُونَ

Алар Алланын элчисине каршы чыгып, согушка барбай олтуруп калганына сүйүнүштү. Алла жолунда мал-мүлкү жана жандары менен согушууну жек көрүштү. Алар: “Бул ысыкта согушка чыкпагыла!”– деп айтышты. Эгер түшүнсө: “Тозок оту мындан да ысык”, – деп айт.

82 فَلْيَضْحَكُوا قَلِيلًا وَلْيَبْكُوا كَثِيرًا جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Эми алар жасаган иштеринин жазасы үчүн аз күлүп, көп ыйлашсын!

83 فَإِنْ رَجَعَكَ اللَّهُ إِلَى طَائِفَةٍ مِنْهُمْ فَاسْتَأْذَنُوكَ لِلْخُرُوجِ فَقُلْ لَنْ تَخْرُجُوا مَعِيَ أَبَدًا وَلَنْ تُقَاتِلُوا مَعِيَ عَدُوًّا إِنَّكُمْ رَضِيتُمْ بِالْقُعُودِ أَوَّلَ مَرَّةٍ فَاقْعُدُوا مَعَ الْخَالِفِينَ

Эгер Алла сени мунафыктар тобуна кайра кайтарып алып барса, сенден катышууга уруксат сурашса: “Эми эч качан мени менен бирге чыкпайсыңар да, мени менен бирге душманга каршы согушпайсыңар! Анткени силер алгачкы ирет ордуңарда олтурууну жакшы көргөнсүңөр. Мына эми артта калуучулар менен бирге олтура бергиле”, – деп айткын.

a. Согуштан журтуёа кайтып келген кезде b. согушка

84 وَلَا تُصَلِّ عَلَى أَحَدٍ مِنْهُمْ مَاتَ أَبَدًا وَلَا تَقُمْ عَلَى قَبْرِهِ إِنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَمَاتُوا وَهُمْ فَاسِقُونَ

Алардан бирөөсү өлсө эч качан (жаназа) намазын окуба да, мүрзөсүнүн башында да турба. Анткени алар Аллага жана Анын элчисине каршы чыгып (каапырлык кылып) бузуку абалда өлүштү.

a. Топурак алуу \ч\н

85 وَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَأَوْلَادُهُمْ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ

Сени алардын мал-мүлкү жана балдары суктантпасын. Чындыгында Алла муну менен аларга дүйнө жашоосунда азапты жана алардын жандарынын каапыр бойунча чыгышын каалайт.

86 وَإِذَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ أَنْ آمِنُوا بِاللَّهِ وَجَاهِدُوا مَعَ رَسُولِهِ اسْتَأْذَنَكَ أُولُو الطَّوْلِ مِنْهُمْ وَقَالُوا ذَرْنَا نَكُنْ مَعَ الْقَاعِدِينَ

Аларга: “Аллага ыйман келтирип, Анын элчиси менен бирге согушкула”, – деп айтылган сүрө түшүрүлсө, алардын байлары сенден уруксат сурап: “Бизди жөн кой, олтуруучулар менен бололу”, – дешет.

a. \й\ндъ калып

87 رَضُوا بِأَنْ يَكُونُوا مَعَ الْخَوَالِفِ وَطُبِعَ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ

Алар артта калуучулар менен бирге болууну каалашты. Алардын жүрөктөрүнө мөөр басылган, ошондуктан түшүнүшпөйт.

88 لَكِنِ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ جَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ وَأُولَئِكَ لَهُمُ الْخَيْرَاتُ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Бирок, элчи жана аны менен чогуу ыйман келтиргендер мал-мүлкү жана жандары менен согушушту. Мына ушуларга жакшылыктар (буйрулду). Мына ушулар (Тозоктон) кутулуучулар.

a. Эч нерсесин айанбастан

89 أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Алла аларга алдынан дарыйалар агып турган, алар анда түбөлүк кала турган бактарды дайардап койгон. Мына ушул–улуу ийгилик.

90 وَجَاءَ الْمُعَذِّرُونَ مِنَ الْأَعْرَابِ لِيُؤْذَنَ لَهُمْ وَقَعَدَ الَّذِينَ كَذَبُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ سَيُصِيبُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Көчмөн араптардан себептүүлөр өздөрүнө уруксат сурап келишти. Аллага, Анын элчисине жалган жалаа жабышкандар (үйлөрүндө) олтуруп кала беришти. Алардын каапырларына сыздатуучу азап (бар).

a. Согушка катышпоого ж\йъл\\ себептери барлар

91 لَيْسَ عَلَى الضُّعَفَاءِ وَلَا عَلَى الْمَرْضَى وَلَا عَلَى الَّذِينَ لَا يَجِدُونَ مَا يُنْفِقُونَ حَرَجٌ إِذَا نَصَحُوا لِلَّهِ وَرَسُولِهِ مَا عَلَى الْمُحْسِنِينَ مِنْ سَبِيلٍ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Алла менен Анын элчисине ишенимдүү болгон алсыз, оорулуу, кайрйымдуулук кыла албагандарга күнөө жок. Эгер алар Алла жана Анын элчиси үчүн ыклас кылышса. Жакшылык кылуучуларды (жазалоого) жол жок. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

92 وَلَا عَلَى الَّذِينَ إِذَا مَا أَتَوْكَ لِتَحْمِلَهُمْ قُلْتَ لَا أَجِدُ مَا أَحْمِلُكُمْ عَلَيْهِ تَوَلَّوْا وَأَعْيُنُهُمْ تَفِيضُ مِنَ الدَّمْعِ حَزَنًا أَلَّا يَجِدُوا مَا يُنْفِقُونَ

Согушка унаа сурап келгендерге: “Мен анда силерге унаа таап бере албайм!” – деп айтканыңда, өздөрү да (согуш үчүн) сарптай турган нерсе таба албай, көз жаштарын армандуу төгүп кайткандарга да күнөө жок.

93 إِنَّمَا السَّبِيلُ عَلَى الَّذِينَ يَسْتَأْذِنُونَكَ وَهُمْ أَغْنِيَاءُ رَضُوا بِأَنْ يَكُونُوا مَعَ الْخَوَالِفِ وَطَبَعَ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Бул жазалоо – өздөрү бай болуп туруп, сенден (үйүндө) калуучулар менен чогуу калуу үчүн уруксат сурагандарга тиешелүү. Алла алардын жүрөктөрүн бүтөп (мөөрлөп) койгон. Ошондуктан алар билишпейт.

a. жол b. Ъздър\нъ эмне пайдалуу, эмне зыйандуу экенин

94 يَعْتَذِرُونَ إِلَيْكُمْ إِذَا رَجَعْتُمْ إِلَيْهِمْ قُلْ لَا تَعْتَذِرُوا لَنْ نُؤْمِنَ لَكُمْ قَدْ نَبَّأَنَا اللَّهُ مِنْ أَخْبَارِكُمْ وَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَى عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

(Согуштан) кайтып, аларга барсаңар, силерден кечирим сурашат. (Аларга:) «Кечирим сурабай эле койгула. Биз силерге эч качан ишенбейбиз. Чындыгында, Алла бизге силер тууралуу кабар берди. Алла да, Анын элчиси да силердин ишиңерди көрүп турат. Кийин, көмүскө-кайыпты да, көрүнөө-ачыкты да Билүүчү Аллага кайтып келесиңер. Ал силердин кылган ишиңерден өзүңөргө кабар берет.

a. Эй, Мухаммед! (а.с.) b. Кыйаматта c. Адам къз\ къръ албаган кайып неселерди, м: адамдардын рух-жанын, ак, же кара ниетин, ойун, кыйалын, максатын ж.б.

95 سَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَكُمْ إِذَا انْقَلَبْتُمْ إِلَيْهِمْ لِتُعْرِضُوا عَنْهُمْ فَأَعْرِضُوا عَنْهُمْ إِنَّهُمْ رِجْسٌ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Силер аларга кайра келген кезде алардан жүз үйүрүшүңөр үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Алардан жүз үйүргүлө! Алар чынында эле ыплас (адамдар). Арам иштерди кылышканы үчүн алардын орду Тозокто.

a. Аларды айыптоодон, к\нъълъъдън

96 يَحْلِفُونَ لَكُمْ لِتَرْضَوْا عَنْهُمْ فَإِنْ تَرْضَوْا عَنْهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَرْضَى عَنِ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ

Алар силерге жагынуу үчүн ант ичишет. Эгер силер алардан ыраазы болсоңор да, Алла (алар сыйактуу) бузуку коомдон ыраазы болбойт.

97 الْأَعْرَابُ أَشَدُّ كُفْرًا وَنِفَاقًا وَأَجْدَرُ أَلَّا يَعْلَمُوا حُدُودَ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ عَلَى رَسُولِهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Көчмөн арабдар – каапырлыкта жана мунафыктыкта абдан катуу. Алар Алланын Өз элчисине түшүргөн чек араларын билишпей калууга ылайыктуураак. Алла – Билүүчү, Даанышман!

a. бедуиндер

98 وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ مَغْرَمًا وَيَتَرَبَّصُ بِكُمُ الدَّوَائِرَ عَلَيْهِمْ دَائِرَةُ السَّوْءِ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Көчмөн арабдардан Алла жолунда бергендерин зыйан эсебинде карай тургандары бар. Ошолор силерге жаман доорлордун келишин каалашат. Доорлордун жаманы алардын өздөрүнө келет. Алла – Угуучу, Билүүчү!

99 وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَيَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ قُرُبَاتٍ عِنْدَ اللَّهِ وَصَلَوَاتِ الرَّسُولِ أَلَا إِنَّهَا قُرْبَةٌ لَهُمْ سَيُدْخِلُهُمُ اللَّهُ فِي رَحْمَتِهِ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Көчмөн арабдардан Аллага, акырет күнүнө ишенген, сарптаган каражаттарын Аллага жакындык, пайгамбардын жакшы тилектерине шайкеш келген иш катары караган адамдар да бар. Мына ушул чындыгында – (Аллага) жакындык. Алла аларды Өз ырайымына бөлөйт. Акыйкатта, Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!

100 وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Жер которгондордон, ансарлардан алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Алла ыраазы болду. Алар да Алладан ыраазы болушту. Ошондуктан, Алла алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыйалар агып туруучу Бейиштерди дайардап койгон. Бул– эң чоң ийгилик!

a. Мухажирлер – Меккеден Мединага ислам дини \ч\н къчкън алгачкы мусулмандар b. Мухажирлерди сый менен тосуп алган алгачкы Мединалык мусулмандар c. Бейишке кир\\гъ татыктуу болуу d. Эё чоё жыргал,улуу ийгилик,