бөлүм Тавба - التوبة

61 وَمِنْهُمُ الَّذِينَ يُؤْذُونَ النَّبِيَّ وَيَقُولُونَ هُوَ أُذُنٌ قُلْ أُذُنُ خَيْرٍ لَكُمْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَيُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِينَ وَرَحْمَةٌ لِلَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ رَسُولَ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Алардын кай бирлери пайгамбарга: “Ал – бир кулак” – деп анын көңүлүн сындырышат: “Ал – силер үчүн жакшы кулак. Аллага өзү ыйман келтирип, момундарды тастыктайт. Демек – ыйман келтиргендер үчүн ырайым. Ким Алланын элчисине жапа чектирсе, ага оорутуучу азап бар.

a. Мухаммед (а.с.) га b. Мухаммед а.с. c. «не съз болсо деле тыёдай берет”, - деп. (Болбосо пайгамбар ырайымдуулугунан, боорукерлигинен ар бир адамдын арыз арманын тыёдаган, аларды соорото турган даанышман създър менен насыйат айткан) d. ыйман келтирген

62 يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَكُمْ لِيُرْضُوكُمْ وَاللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَقُّ أَنْ يُرْضُوهُ إِنْ كَانُوا مُؤْمِنِينَ

Аллар силерди ыраазы кылуу үчүн Алланын аты менен ант ичишет. Эгер алар (Аллага) ыйман келтирген болсо, анда Алланы, Анын элчисин ыраазы кылуулары керек.

a. Мунафыктар ж.б.

63 أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّهُ مَنْ يُحَادِدِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَأَنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدًا فِيهَا ذَلِكَ الْخِزْيُ الْعَظِيمُ

Алар кимдир бирөө Аллага, же Анын элчисине каршы чыкса, ал үчүн түбөлүктүү, жан чыдагыс азаптуу тозок бар экенин билишпейби? Эң улуу кордук ушул (–Тозок)!

64 يَحْذَرُ الْمُنَافِقُونَ أَنْ تُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ سُورَةٌ تُنَبِّئُهُمْ بِمَا فِي قُلُوبِهِمْ قُلِ اسْتَهْزِئُوا إِنَّ اللَّهَ مُخْرِجٌ مَا تَحْذَرُونَ

Эки жүздүүлөр өздөрүнө байланыштуу алардын жүрөгүндөгүлөрдөн кабар берүүчү бир айат түшөбү деп коркушат. “(Азырынча) шылдыңдап тургула! Акыйкатта, Алла силер корккон нерсени ачыкка чыгарат!” – деп айткын.

a. мунафыктар b. Эй, Мухаммед! c. Шылдыёдап, к\л\п d. Ыйманыёар канчалык экенин

65 وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ لَيَقُولُنَّ إِنَّمَا كُنَّا نَخُوضُ وَنَلْعَبُ قُلْ أَبِاللَّهِ وَآيَاتِهِ وَرَسُولِهِ كُنْتُمْ تَسْتَهْزِئُونَ

Эгер алардан сурасаң: “Биз жөн эле тамашалап, ойноп койдук”, – дешет. Аларга: “Алланын айаттарына, Анын элчисине күлө турган болуп калдыңарбы?!” – дегин.

66 لَا تَعْتَذِرُوا قَدْ كَفَرْتُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ إِنْ نَعْفُ عَنْ طَائِفَةٍ مِنْكُمْ نُعَذِّبْ طَائِفَةً بِأَنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ

Кечирим сурабагыла! Силер ыйман келтирген соң, кайра каапыр болдуңар! Эгер Биз бир тайпаңарды кечирсек, башка бир тобуңарды күнөөсүнөн улам жазалайбыз.

a. Эй, эки ж\зд\\лър (мунафыктар)!

67 الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُمْ مِنْ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمُنْكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمَعْرُوفِ وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ نَسُوا اللَّهَ فَنَسِيَهُمْ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

Мунафык эркектер менен мунафык айалдар – бири-биринен. Алар жамандыкка чакырып, ийгиликтен тосушат. Алардын колдору ар дайым жумук. Алар Алланы унутушкан. Ошондуктан Алла да аларды унуткан. Акыйкатта, мунафыктар – бузукулар.

a. Бири-биринен эч кандай айырмасы жок b. Кайрымдуулук кылбайт, мал-м\лккъ сараё, битир, c. Жардам бербейт, ырайым кылбайт

68 وَعَدَ اللَّهُ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْكُفَّارَ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا هِيَ حَسْبُهُمْ وَلَعَنَهُمُ اللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ

Алла мунафык эркектер менен мунафык айалдарга жана каапырларга , алар эч качан чыкпай турган Отту (Тозокту) убада кылды. Ошол аларга жетиштүү. Аларга Алланын каргышы тийген. Аларга түгөнбөс азап бар.

69 كَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ كَانُوا أَشَدَّ مِنْكُمْ قُوَّةً وَأَكْثَرَ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا فَاسْتَمْتَعُوا بِخَلَاقِهِمْ فَاسْتَمْتَعْتُمْ بِخَلَاقِكُمْ كَمَا اسْتَمْتَعَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ بِخَلَاقِهِمْ وَخُضْتُمْ كَالَّذِي خَاضُوا أُولَئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

Силер өзүңөрдөн мурдагылар сыйактуусуңар! Алар силерден да күчтүү жана алардын мал-мүлкү жана балдары (урук-тукуму) да силердикинен көп эле. Алар бул дүйнө жыргалдарынан кеңири пайдаланышты. Силер да мурдагылардай эле бул дүйнө жыргалдарынан кем болгон жоксуңар. Ошондуктан жамандыкка алар кандай сүңгүшсө, силер да так ошондой сүңгүдүңөр. Алардын дүйнөдөгү да, акыреттеги да амалдары текке кетти. Алар ошондой, зыйан тартуучулар!

a. Эй, мунафыктар (эки ж\зд\\лър!) b. Мурунку доорлордун мунафыктарындай эле

70 أَلَمْ يَأْتِهِمْ نَبَأُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ قَوْمِ نُوحٍ وَعَادٍ وَثَمُودَ وَقَوْمِ إِبْرَاهِيمَ وَأَصْحَابِ مَدْيَنَ وَالْمُؤْتَفِكَاتِ أَتَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Аларга өздөрүнөн мурунку Нух, Аад, Самуд коомдору, Ибрахим эли, Мадйан эли, ошондой эле ойрон болгон шаарлардын кабарлары жетпедиби? Ошолорго да пайгамбарлары өтө көп далилдерди келтиришкен. Алла аларга зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.

a. Алланын кудуретине, ырайымына ... ынандыруу жана алардын Аллага ыйман келтириши \ч\н

71 وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَيُطِيعُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ اللَّهُ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Момун эркектер менен момун айалдар – бири-бирине көмөкчү. Алар жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат. Ошондуктан алар намаздарын толук аткарышып, зекет биришип, Аллага, Анын элчисине мойун сунушат. Ошолорду Алла Өз мээримине бөлөйт. Акыйкатта, Алла – өтө Ызаттуу жана Өкүмдар!

a. адамдарды

72 وَعَدَ اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ وَرِضْوَانٌ مِنَ اللَّهِ أَكْبَرُ ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Алла момун эркектер менен момун айалдарга алдынан дарыйалар агып турган, алар ал жерде түбөлүктүү калуучу, Адн бактарында кооз турак-жайларды убада кылды. Бирок, Алланын ыраазалыгы – эң улуу! Бул – улуу ийгилик.

a. Бейиштин аталуу ысымдарынан b. Бейиштеги жакшылыктардын эё улуусу – бул, Алла Тааланын ыраазы болуусу

73 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ جَاهِدِ الْكُفَّارَ وَالْمُنَافِقِينَ وَاغْلُظْ عَلَيْهِمْ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Эй, пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктар менен күрөш! Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы – Тозок. Ал кандай жаман орун!

74 يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ مَا قَالُوا وَلَقَدْ قَالُوا كَلِمَةَ الْكُفْرِ وَكَفَرُوا بَعْدَ إِسْلَامِهِمْ وَهَمُّوا بِمَا لَمْ يَنَالُوا وَمَا نَقَمُوا إِلَّا أَنْ أَغْنَاهُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ مِنْ فَضْلِهِ فَإِنْ يَتُوبُوا يَكُ خَيْرًا لَهُمْ وَإِنْ يَتَوَلَّوْا يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ عَذَابًا أَلِيمًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُمْ فِي الْأَرْضِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Алар: “Айтпадык!”, – деп Алланын ысмы менен ант ичишет. Ырасында, алар каапырлык сөздөрдү көп сүйлөшөт. Алар мусулман болгондон кийин да (кайра) каапырга айланышат. Ошондой эле алар эч качан кол жеткис нерселер тууралуу кыйалданышат. Алар Алланы жана Анын элчисин ырайымы менен байыткандыгы үчүн жек көрүшөт. Эгер алар тообо кылышса, ал өздөрү үчүн жакшы. А эгерде алар (тообо кылуудан) баш тартышса, анда Алла бул дүйнөдө да, акыретте да аларды азапка салат.Ошондуктан аларга жер жүзүндө колдоочу да, жардамчы да жок.

a. Табук согушунан келе жатканда мунафыктар пайгамбардын тъъс\н чункурга т\рт\п жибер\\н\ ойлошкон. Ушундай ыплас кыйанаттыктарды жасап дагы эле Бейишке кир\\ тууралуу кыйалданышат b. Мунафыктарды Алла Ъз ырайымы менен, Аны элчиси жоомарттыгы менен садака жана зекеттен мол берип, согуш олжолорунан кенен бъл\п байыткандыгы \ч\н алар Алла менен Анны элчисине ш\г\р кылуунун ордуна: “Аз берди”, – деп жек кър\шкън. Бул алдардын барып турган ыплас адамдар экенин делилдеп турат

75 وَمِنْهُمْ مَنْ عَاهَدَ اللَّهَ لَئِنْ آتَانَا مِنْ فَضْلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ الصَّالِحِينَ

Алардан айрым бирөөлөр: “Эгер Алла бизге Өз берешендигинен (байлык) берсе, албетте, биз садака берген жакшы адамдардан болоор элек”, – деп Аллага ант беришкен.

76 فَلَمَّا آتَاهُمْ مِنْ فَضْلِهِ بَخِلُوا بِهِ وَتَوَلَّوْا وَهُمْ مُعْرِضُونَ

Ошондо Алла аларга Өз берешендигинен (байлык) берген кезде, алар Алланын бергендерине сараңдык кылышты. Баш тартышты. Алар – жүз үйүрүүчүлөр.

a. Аллага сыйынуудан

77 فَأَعْقَبَهُمْ نِفَاقًا فِي قُلُوبِهِمْ إِلَى يَوْمِ يَلْقَوْنَهُ بِمَا أَخْلَفُوا اللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ

Эми алар Аллага берген өз убадаларына өздөрү каршы чыгышып, жалган сүйлөгөнү үчүн Өзүнө жолуга турган күнгө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүк салып койду.

a. Алла Тааланын Ъз\нъ

78 أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ سِرَّهُمْ وَنَجْوَاهُمْ وَأَنَّ اللَّهَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

Алардын сырларын, шыбырашып сүйлөшкөндөрүн Алла анык билээрин билишпейби? Чындыгында, Алла – кайыптарды Билүүчү!

79 الَّذِينَ يَلْمِزُونَ الْمُطَّوِّعِينَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فِي الصَّدَقَاتِ وَالَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهْدَهُمْ فَيَسْخَرُونَ مِنْهُمْ سَخِرَ اللَّهُ مِنْهُمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Cадака берүүгө умтулган момундарды шылдыңдаган (мунафык) адамдарды жана маңдай тери менен тапканын гана бергендерди келекелегендерди Алла шылдыңдайт. Алар үчүн сыздатуучу азап (бар).

a. Мунафыктар эгер бир бай момун къп ълчъмдъ садака берсе: “Элге кър\н\\ \ч\н берип жатат”, - деп шылдыёдашкан b. Абдан аз кълъмдъ (маселен бир, же жарым курма) болсо да садакага c. Алла кордойт

80 اسْتَغْفِرْ لَهُمْ أَوْ لَا تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ إِنْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ سَبْعِينَ مَرَّةً فَلَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ

Мунафыктар үчүн (Алладан) кечирим сурасаң да, сурабасаң да, ал тургай жетимиш жолу кечирим сурасаң да, Алла аларды эч кечирбейт. Бул алардын Аллага, Анын элчисине каршы чыкканынан. Алла – бузуку коомду туура жолго багыттабайт.

a. Эй, Мухаммед! b. Аларды айап