бөлүм Тавба - التوبة

121 وَلَا يُنْفِقُونَ نَفَقَةً صَغِيرَةً وَلَا كَبِيرَةً وَلَا يَقْطَعُونَ وَادِيًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Алар Алла жолунда чоң же, кичи болсун, бир нерсе сарп кылышкан болсо, же бир өрөөндү басып өтсө, Алла алардын көркөм амалдарына сыйлык берүү үчүн сооп жазат.

a. жакшы

122 وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنْفِرُوا كَافَّةً فَلَوْلَا نَفَرَ مِنْ كُلِّ فِرْقَةٍ مِنْهُمْ طَائِفَةٌ لِيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ وَلِيُنْذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ

Акыйкатта, момундардын баары толугу менен жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп, алар (жоодон) кайтып келген кезде, алардын такыба болуусу үчүн эскертишип туруулары керек эмес деп ойлойсуңарбы?

123 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قَاتِلُوا الَّذِينَ يَلُونَكُمْ مِنَ الْكُفَّارِ وَلْيَجِدُوا فِيكُمْ غِلْظَةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ

Эй, момундар! Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын. Чындыгында, Алла такыбалар менен бирге экенин билгиле!

124 وَإِذَا مَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ فَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ أَيُّكُمْ زَادَتْهُ هَذِهِ إِيمَانًا فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَزَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَهُمْ يَسْتَبْشِرُونَ

Бир сүрө түшүрүлгөн кезде алардан: «Бул кимиңердин ыйманын арттырмак эле?» – дечү адамдар да бар. Ал сүрө – момундардын ыйманын арттырат, ошолор кубанышат.

125 وَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَتْهُمْ رِجْسًا إِلَى رِجْسِهِمْ وَمَاتُوا وَهُمْ كَافِرُونَ

Ошондуктан (ал сүрө) жүрөктөрүндө дарты болгондордун жамандыктарынын үстүнө жамандык арттырат, алар каапыр абалда өлүшөт.

a. каапырлыгынын

126 أَوَلَا يَرَوْنَ أَنَّهُمْ يُفْتَنُونَ فِي كُلِّ عَامٍ مَرَّةً أَوْ مَرَّتَيْنِ ثُمَّ لَا يَتُوبُونَ وَلَا هُمْ يَذَّكَّرُونَ

(Мунафыктар) ар жылы бир же эки ирет (Аллах тарабынан) сыналып жатканын көрүшпөйбү!? Ошондо деле алар тообо кылышпайт, насаатты да (кабыл) алышпайт.

127 وَإِذَا مَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ نَظَرَ بَعْضُهُمْ إِلَى بَعْضٍ هَلْ يَرَاكُمْ مِنْ أَحَدٍ ثُمَّ انْصَرَفُوا صَرَفَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ

Эгерде (алар жөнүндө) сүрө түшүрүлсө, бири бирине карап: “Силерди бирөө көрүп койгон жокпу? “ – деп, анан өздөрү терс бурулуп кетишет. Алардын жүрөктөрүн Аллах тескери оодарып койгон. Анткени алар түшүнбөгөн коом.

a. Алланын акыйкатын

128 لَقَدْ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مِنْ أَنْفُسِكُمْ عَزِيزٌ عَلَيْهِ مَا عَنِتُّمْ حَرِيصٌ عَلَيْكُمْ بِالْمُؤْمِنِينَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ

Чындыгында, силерге өз араңардан (чыккан) ызаттуу элчи келди. Ага силердин түйшүгүңөр оор келсе да, ал силерге өтө камкор. Момундарга мээримдүү, боорукер.

a. Мухаммед (а.с.)

129 فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُلْ حَسْبِيَ اللَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَهُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ

(Эй, Мухаммед!) Эгер алар сенден жүз үйрүсө: “Мага Алла жетиштүү. Андан башка Кудай жок. Ага тобокел кылдым, Ал – Улуу Арштын Кожойуну”! – деп айт.

a. Ага тайандым, Андан гана жардам тиледим