бөлүм Тавба - التوبة

41 انْفِرُوا خِفَافًا وَثِقَالًا وَجَاهِدُوا بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Жеңил, же оор болгонуна карабастан согушка чыккыла да, Алла жолунда мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен согушкула! Эгер билсеңер, силер үчүн жакшысы ушул.

a. Эй, момундар! К\чт\\ болсоёор да, к\чс\з болсоёор да... b. Мал-жаныёарды айабастан, согушка керект\\ зарылдыктар \ч\н сарптап

42 لَوْ كَانَ عَرَضًا قَرِيبًا وَسَفَرًا قَاصِدًا لَاتَّبَعُوكَ وَلَكِنْ بَعُدَتْ عَلَيْهِمُ الشُّقَّةُ وَسَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَوِ اسْتَطَعْنَا لَخَرَجْنَا مَعَكُمْ يُهْلِكُونَ أَنْفُسَهُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

Эгер жакын жерде ишенимдүү олжо жана жеңил жүрүш болсо, алар сени ээрчишмек. Бирок аралык аларга алыс көрүндү. Алар Алланын ысмы менен: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болсо, силер менен кошо чыкмак элек”, – деп ант ичип, өздөрүн өздөрү кыйратышты. Алла алардын жалганчы экенин билет.

a. ж\р\шкъ чыгуу керек болсо b. мунафыктар c. Табук жолу

43 عَفَا اللَّهُ عَنْكَ لِمَ أَذِنْتَ لَهُمْ حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَكَ الَّذِينَ صَدَقُوا وَتَعْلَمَ الْكَاذِبِينَ

Алла сени кечирет. Бирок сен эмне үчүн алардын кимиси чындыкты, кимиси жалганды айтып жатканын аныктабастан эле (жүрүштөн) калууга уруксат бердиң?

44 لَا يَسْتَأْذِنُكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أَنْ يُجَاهِدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالْمُتَّقِينَ

Аллага, акырет күнүнө ыйман келтиргендер, Алла жолунда мал-мүлкү менен жандарын согушууга арнагандар сенден (жүрүштөн калуу үчүн) уруксат сурашпайт. Алла – такыбаларды Билүүчү.

45 إِنَّمَا يَسْتَأْذِنُكَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَارْتَابَتْ قُلُوبُهُمْ فَهُمْ فِي رَيْبِهِمْ يَتَرَدَّدُونَ

Ким Аллага, акырет күнүнө ишенбесе жана жүрөгүндө шектери болуп, күмөндөрүндө олку-солку болгондор гана уруксат сурашат.

46 وَلَوْ أَرَادُوا الْخُرُوجَ لَأَعَدُّوا لَهُ عُدَّةً وَلَكِنْ كَرِهَ اللَّهُ انْبِعَاثَهُمْ فَثَبَّطَهُمْ وَقِيلَ اقْعُدُوا مَعَ الْقَاعِدِينَ

Эгер мунафыктар согушка чыгууну кааласа, ал үчүн дайардык көрүшмөк. Бирок Алла алардын (жүрүшкө) чыгышын каалабай, тосуп койду да: “(үйүндө) олтургандар менен чогуу олтура бергиле”, – деп айтылды.

a. Эки ж\зд\\лър

47 لَوْ خَرَجُوا فِيكُمْ مَا زَادُوكُمْ إِلَّا خَبَالًا وَلَأَوْضَعُوا خِلَالَكُمْ يَبْغُونَكُمُ الْفِتْنَةَ وَفِيكُمْ سَمَّاعُونَ لَهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

Эгер алар силер менен (жүрүшкө) барышканда силердин ортоңордо бузукулукту гана көбөйтмөк. Анткени алар ар дайым ушак чыгарууну көздөшүп, силердин ичиңерде баш-аламандык чыгармак. Алардын араларында тыңчылары да бар. Бирок, Алла заалымдарды жакшы билет.

48 لَقَدِ ابْتَغَوُا الْفِتْنَةَ مِنْ قَبْلُ وَقَلَّبُوا لَكَ الْأُمُورَ حَتَّى جَاءَ الْحَقُّ وَظَهَرَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَارِهُونَ

Чындыгында, алар мурда да баш-аламандык чыгарууну көздөп, иштериңерди тескери натыйжага алып келген. Акыры, алар жек көрсө да акыйкат келип, Алланын амири үстөмдүк кылды.

a. Эй,Мухаммед!” b. Ухуд согушунда

49 وَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ ائْذَنْ لِي وَلَا تَفْتِنِّي أَلَا فِي الْفِتْنَةِ سَقَطُوا وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌ بِالْكَافِرِينَ

Алардын ичинен кээ бирлери: “Мага калууга уруксат бер, мени азгырыкка алып барба”, – дешет. Байкагыла: чындыгында эле, алар (шайтанга) азгырылгандар. Акыйкатта, Тозок каапырларды ороп алат.

50 إِنْ تُصِبْكَ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِنْ تُصِبْكَ مُصِيبَةٌ يَقُولُوا قَدْ أَخَذْنَا أَمْرَنَا مِنْ قَبْلُ وَيَتَوَلَّوْا وَهُمْ فَرِحُونَ

Эгер сага бир ийгилик келсе, алар аны жактырышпайт. А эгер сага бир кайгы келе турган болсо: “Биз мурда эле (ушундай болорун билип) өз ишибизди тууралап алган элек”, – дешет да сүйүнүп кайтышат.

a. Эй,Мухаммед!”

51 قُلْ لَنْ يُصِيبَنَا إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا هُوَ مَوْلَانَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

“Бизге Алланын жазганы гана болот. Ал – Биздин Эгебиз. Момундар Аллага тобокел кылышсын!” – дегин.

a. Эй,Мухаммед!

52 قُلْ هَلْ تَرَبَّصُونَ بِنَا إِلَّا إِحْدَى الْحُسْنَيَيْنِ وَنَحْنُ نَتَرَبَّصُ بِكُمْ أَنْ يُصِيبَكُمُ اللَّهُ بِعَذَابٍ مِنْ عِنْدِهِ أَوْ بِأَيْدِينَا فَتَرَبَّصُوا إِنَّا مَعَكُمْ مُتَرَبِّصُونَ

Аларга: “Силер бизге эки ийгиликтин биринин келишин күтөсүңөрбү? Биз силерге Алладан жаза келерин, же биз аркылуу силерге бир азап жиберерин күтүп жатабыз. Анда, силер күткүлө, силер менен чогуу биз да күтөбүз”, – деп айт.

a. жеёиш менен шейиттиктен

53 قُلْ أَنْفِقُوا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا لَنْ يُتَقَبَّلَ مِنْكُمْ إِنَّكُمْ كُنْتُمْ قَوْمًا فَاسِقِينَ

Аларга: “Мал-мүлкүңөрдү мейли ыктыйардуу түрдө, мейли ыктыйарсыз болсун сарп кылгыла. Бирок, силердин кайрымдуулугуңар баары бир (Алла тарабынан) кабыл кылынбайт. Анткени, силер бузуку коомсуңар!” – дегин.

54 وَمَا مَنَعَهُمْ أَنْ تُقْبَلَ مِنْهُمْ نَفَقَاتُهُمْ إِلَّا أَنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَبِرَسُولِهِ وَلَا يَأْتُونَ الصَّلَاةَ إِلَّا وَهُمْ كُسَالَى وَلَا يُنْفِقُونَ إِلَّا وَهُمْ كَارِهُونَ

Алардын кайрымдуулугун өздөрүнөн кабыл болушуна кедерги болгон жагдай (төмөнкүдөй): Аллага, Анын элчисине каршы чыгышкандары, намазга өтө жалкоолук менен келишкени жана өтө жек көрүү менен мал-мүлк сарп кылышкандыгы.

a. “Алла жолунда мал-м\лк\ёърд\ жумшагыла, акыреттеги бактыёар \ч\н сарп кылгыла” деген пайгамбарды жана момундарды

55 فَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُمْ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ

Алардын мал-мүлкү жана балдары сени суктандырбасын!. Чындыгында, Алла ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салууну, (Аллага) каапыр абалда жандарынын чыгышын каалайт.

a. Эй,Мухаммед! b. Каапырлардын балдарынын жана мал-м\лк, байлыгынын къпт\г\ сени таё калтырбасын

56 وَيَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنَّهُمْ لَمِنْكُمْ وَمَا هُمْ مِنْكُمْ وَلَكِنَّهُمْ قَوْمٌ يَفْرَقُونَ

Алар: “Ырас, биз да силерденбиз”, – деп Алланын аты менен карганышат. Бирок, чындыгында алар силерден эмес. Алар – коркок коом.

a. Мунафыктар (эки ж\зд\\лър): «Биз силердей эле такыба мусулманбыз»,- деп жалган айтышат b. Согуштан,ъл\мдън абдан коркушат

57 لَوْ يَجِدُونَ مَلْجَأً أَوْ مَغَارَاتٍ أَوْ مُدَّخَلًا لَوَلَّوْا إِلَيْهِ وَهُمْ يَجْمَحُونَ

Эгер алар (согуш учурунда) кандайдыр бир башбаанек табышса, же үңкүрлөр, же болбосо кирерге бир тешик көрүнсө, ошол тарапка шашыла умтулушмак.

58 وَمِنْهُمْ مَنْ يَلْمِزُكَ فِي الصَّدَقَاتِ فَإِنْ أُعْطُوا مِنْهَا رَضُوا وَإِنْ لَمْ يُعْطَوْا مِنْهَا إِذَا هُمْ يَسْخَطُونَ

Алардын кай бирлери садаканын айынан сени (артыңдан) айыпташат: Эгер алардын өздөрүнө садака берилсе ыраазы болушат, а эгер берилбей калса ачууланышат.

a. Эй,Мухаммед!

59 وَلَوْ أَنَّهُمْ رَضُوا مَا آتَاهُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ سَيُؤْتِينَا اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَرَسُولُهُ إِنَّا إِلَى اللَّهِ رَاغِبُونَ

Андан көрө алар Алланын, Анын элчисинин өздөрүнө бергенине (садакасына) ыраазы болушса жана: “Алланын Өзү бизге жетиштүү! Жакында Алла, Анын элчиси өз жакшылыгын тартуулашат. Чындыгында биз Аллага гана кайрылабыз!” – дешсе...

a. Ъздър\нъ жакшы болмок

60 إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَابْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Акыйкатта, садакалар – Алла жүктөгөн парз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга, көңүлдөрүн алуу керек болгондорго, (мусулман) кулдарды бошотууга, карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Алла – ар нерсени Билүүчү, Даанышман!

a. зекеттер b. Муктаждарга бер\\н\ c. Диний башкармалыктын атайын чечими менен садака жана зекеттерди топтоо тапшырылган ыйгарым укуктуу адамга d. Жаёыдан ыйманга келгендер