121 شَاكِرًا لِأَنْعُمِهِ اجْتَبَاهُ وَهَدَاهُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылуучулардан болчу. Аллах аны тандап, туура жолго салды.
121 شَاكِرًا لِأَنْعُمِهِ اجْتَبَاهُ وَهَدَاهُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылуучулардан болчу. Аллах аны тандап, туура жолго салды.
122 وَآتَيْنَاهُ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ
Ага дүйнөдө жакшылык бердик. Ал эми акыретте болсо, ал – мыктылардан.
123 ثُمَّ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ أَنِ اتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Сага таза берилген Ибрахимдин жолун карманышың үчүн айан кылдык. Ал мушриктерден эмес.
a. Эй, Мухаммед! (а.с.)
124 إِنَّمَا جُعِلَ السَّبْتُ عَلَى الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Чындыгында, ишемби... ал тууралуу талашкандарга (майрам) кылынды. Акыйкатта, Эгең Кыйамат Күнү алар талашкан күн тууралуу өкүмүн угузат.
a. Ишембинин мааниси тууралуу b. Эй, Мухаммед! (а.с.)
125 ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Адамдарды Эгеңдин жолуна даанышмандык жана көркөм үгүт аркылуу чакыр. Алар менен көркөм ыкмада талаш. Чындыгында, Эгең Өзүнүн жолунан адашкандарды да, туура жолдогуларды да жакшы билет.
a. Сөзгө чеберлик, сөзгө чечендик менен
126 وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ
Эгер душмандарды жазаласаңар, өзүңөрдү жазалагандай жаза менен жазалагыла. Эгер сабыр кылсаңар – сабырдуулар үчүн жакшы болот.
127 وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِاللَّهِ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِي ضَيْقٍ مِمَّا يَمْكُرُونَ
Сабыр кыл. Сабырың – Аллахтын колдоосу менен гана (болот). Аларга кейибе да, алардын жасаган бузукулугуна ичиң кысылбасын!
a. Эй, Мухаммед! (а.с.)
128 إِنَّ اللَّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوْا وَالَّذِينَ هُمْ مُحْسِنُونَ
Чындыгында, Аллах – такыбалар жана жакшы иштерди жасоочулар менен бирге!