21 أَمْوَاتٌ غَيْرُ أَحْيَاءٍ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ
Алар – өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишерин да билишпейт.
a. Адамдардын Кыяматта тирилүүсү жана Буддар-сөлөкөттөрдүн такыр билбөөсү тууралуу сөз болууда
21 أَمْوَاتٌ غَيْرُ أَحْيَاءٍ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ
Алар – өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишерин да билишпейт.
a. Адамдардын Кыяматта тирилүүсү жана Буддар-сөлөкөттөрдүн такыр билбөөсү тууралуу сөз болууда
22 إِلَهُكُمْ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ قُلُوبُهُمْ مُنْكِرَةٌ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ
Кудайыңар – Жалгыз Аллах. Акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү жокко чыгаруучу. Ошондуктан алар текеберлер.
a. Аллахка ыйман келтирүүнү
23 لَا جَرَمَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْتَكْبِرِينَ
Аллах алардын жашыргандарын жана көрүнөө жасагандарын Билүүчү экени анык! Чындыгында, Аллах өзүн жогору көтөргөндөрдү жакшы көрбөйт.
24 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ مَاذَا أَنْزَلَ رَبُّكُمْ قَالُوا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Алардан: “Эгеңер эмне түшүрдү?”, – деп суралса: “Мурункулардын жомоктору” – дешет.
25 لِيَحْمِلُوا أَوْزَارَهُمْ كَامِلَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَمِنْ أَوْزَارِ الَّذِينَ يُضِلُّونَهُمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ أَلَا سَاءَ مَا يَزِرُونَ
Ошентип, алар Кыйамат күнү өз күнөөлөрүн толук, ал эми наадандыктан улам адаштыргандардын күнөөлөрүнүн айрымдарын көтөрүшөт. Байкагыла, алардын кылган күнөөлөрү – кандай жаман!
26 قَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَأَتَى اللَّهُ بُنْيَانَهُمْ مِنَ الْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ السَّقْفُ مِنْ فَوْقِهِمْ وَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ
Чындыгында, булардан мурункулар да айлакерлик кылышкан. Ошондуктан Аллах алардын пайдубалын титиретип, жогор жагы алардын өздөрүнүн үстүнө кулап түштү. Ошентип, аларга алар күтпөгөн тараптан азап келди.
a. Бул аяттар Вавилондун кыйрашы тууралуу
27 ثُمَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُخْزِيهِمْ وَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تُشَاقُّونَ فِيهِمْ قَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ إِنَّ الْخِزْيَ الْيَوْمَ وَالسُّوءَ عَلَى الْكَافِرِينَ
Акырында, Кыйамат Күнү Аллах аларды кордойт да: “Силер Мен тууралуу талашкан жердеги шериктерим кайда?” – деп сурайт. Ошондо илим ээлери: “Чындыгында, бүгүн кордук менен жамандык каапырлардын үстүнө!” – дешет.
28 الَّذِينَ تَتَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ ظَالِمِي أَنْفُسِهِمْ فَأَلْقَوُا السَّلَمَ مَا كُنَّا نَعْمَلُ مِنْ سُوءٍ بَلَى إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Өздөрүнө зулумдук кылгандардын жанын периштелер алаарда, алар: “Баш ийишип, эч бир жамандык жасаган эмес элек”, – дешет. Андай эмес. Акыйкатта, Аллах силердин кылганыңарды жакшы билет.
a. деп актанышат
29 فَادْخُلُوا أَبْوَابَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا فَلَبِئْسَ مَثْوَى الْمُتَكَبِّرِينَ
Ошондуктан, ичинде түбөлүк кала турган Тозоктун эшиктеринен киргиле! Текеберлердин (өзүн жогору көтөргөндөрдүн) орду кандай жаман!
30 وَقِيلَ لِلَّذِينَ اتَّقَوْا مَاذَا أَنْزَلَ رَبُّكُمْ قَالُوا خَيْرًا لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا فِي هَذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ وَلَدَارُ الْآخِرَةِ خَيْرٌ وَلَنِعْمَ دَارُ الْمُتَّقِينَ
Аллахдан корккондорго: “Эгеңер эмне түшүрдү?” – деп айтылса, алар: “Жакшылык!” – дешет. Ошондуктан бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга жакшылык бар. Акырет журту андан жакшыраак. Такыбалардын журту кандай сонун!
31 جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَاءُونَ كَذَلِكَ يَجْزِي اللَّهُ الْمُتَّقِينَ
Алар алдыларынан өзөндөр агып турган Адн (аттуу Бейиш) багына киришет. Алар ал жерде эмнени каалашса, баары бар. Такыбаларды Аллах ошентип сыйлайт.
32 الَّذِينَ تَتَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ طَيِّبِينَ يَقُولُونَ سَلَامٌ عَلَيْكُمُ ادْخُلُوا الْجَنَّةَ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Такыбалардын жанын периштелер жакшы абалда алышып: “Силерге тынчтык болсун! Кылган амалыңарга жараша Бейишке киргиле!” – дешет.
33 هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ تَأْتِيَهُمُ الْمَلَائِكَةُ أَوْ يَأْتِيَ أَمْرُ رَبِّكَ كَذَلِكَ فَعَلَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَمَا ظَلَمَهُمُ اللَّهُ وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
(Каапырлар) өздөрүнө периштелердин келишин, же Эгеңдин буйруктарынын келишин гана күтүп жатышабы? Булардан мурункулар да ушундай кылышкан болчу. Аларга Аллах зулумдук кылган жок. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты.
a. Жан алгыч периштелердин
34 فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا عَمِلُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Ошондуктан кылган жамандыктары өздөрүнө тийип, мазактаган нерселери өз баштарына жетти.
35 وَقَالَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ نَحْنُ وَلَا آبَاؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ كَذَلِكَ فَعَلَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَهَلْ عَلَى الرُّسُلِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Аллахка шерик кошкондор: “Эгер Аллах кааласа, анда биз да, ата-бабаларыбыз да Аллахдан башка эч нерсеге сыйынбайт элек. Анын буйругусуз эч нерсени арамга да чыгарбайт элек”, – дешет. Алардан мурункулар да ушундай кылышкан. Ошондуктан элчилерге даана жеткирүү гана милдет.
a. Аллахтын b. Пайгамбарларга Аллахтын аяттарын
36 وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِي كُلِّ أُمَّةٍ رَسُولًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاجْتَنِبُوا الطَّاغُوتَ فَمِنْهُمْ مَنْ هَدَى اللَّهُ وَمِنْهُمْ مَنْ حَقَّتْ عَلَيْهِ الضَّلَالَةُ فَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ
Чындыгында, ар бир коомго: “Аллахка гана сыйынгыла. Таагуттан оолак болгула”, – деп айтуучу элчи жибергенбиз. Алардын (коомдордун) кай бирлерин Аллах түздөп, айрымдарына адашуу буйурулган болчу. Ал эми жер жүзүн кезип көрүп, жалганга чыгаргандардын акыбети эмне болгонун байкагыла.
a. Аллахдан башка сыйынуучу нерселер. М: шайтан, Буддар-сөлөкөттөр, айкелдер ж.б.у.с.
37 إِنْ تَحْرِصْ عَلَى هُدَاهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ يُضِلُّ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ
Эгер алардын түзөлүүсүнө канчалык дилгир болсоң да, Аллах Өзү адаштырган адамды туура жолго багыттабайт жана алар үчүн жардамчы да жок.
a. Эй, Мухаммед! (а.с.)
38 وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَا يَبْعَثُ اللَّهُ مَنْ يَمُوتُ بَلَى وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Ошондой эле, алар: “Аллах өлгөн адамды тирилтпейт”, – дешип, Аллахтын аты менен катуу ант ичишти. Андай эмес! (Өлүктү тирилтүү тууралуу) Аллахтын убадасы акыйкат. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт.
39 لِيُبَيِّنَ لَهُمُ الَّذِي يَخْتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّهُمْ كَانُوا كَاذِبِينَ
Карама-каршылык жараткан нерсени байандоо үчүн жана да, чынында, каапырлардын жалганчы экенин билүү (аларга билдирүү) үчүн (Аллах өлүктөрдү тирилтет)!
40 إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَيْءٍ إِذَا أَرَدْنَاهُ أَنْ نَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Бир нерсенин болушун каалаганыбызда Биздин: “Бол!” – деген гана сөзүбүз жетиштүү. Ошондо ал болот да калат.