бөлүм Нахл - النحل

81 وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِمَّا خَلَقَ ظِلَالًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنَ الْجِبَالِ أَكْنَانًا وَجَعَلَ لَكُمْ سَرَابِيلَ تَقِيكُمُ الْحَرَّ وَسَرَابِيلَ تَقِيكُمْ بَأْسَكُمْ كَذَلِكَ يُتِمُّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْلِمُونَ

Аллах Өзү жараткандарына (дарактардан) көлөкө жасап, тоолордон баш паанек берди. Ошентип, силерге ысыктан сактай турган кийимдерди, согушта коргоно турган зоот кийимдерин пайда кылды. Ушундай түрдө, силерге жакшылыктарын толуктады. Балким, (Аллахка) мойун сунасыңар.

a. Убактылуу пааналоо үчүн үңкүрлөрдү жаратып койду

82 فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

Ошондо да алар баш тартышса... Сага – аларга айкын (кабарды) жеткирүү гана милдет.

a. Эй, элчим! (пайгамбарым) b. Мушриктер, каапырлар, мунафыктар... c. Сенин Исламга чакырыктарыңды кабыл албай, моюн толгоп, текеберленип... d. Аларды азап гана күтөт

83 يَعْرِفُونَ نِعْمَتَ اللَّهِ ثُمَّ يُنْكِرُونَهَا وَأَكْثَرُهُمُ الْكَافِرُونَ

Алар Аллахтын жакшылктарын мойунга алышат да, кийин кайра ага каршы чыгышат. Чындыгында, алардын көбү – каапырлар.

84 وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

Кыйамат Күнү ар бир коомдон бир күбө жиберебиз. (Аллахтын аяттарына) каршы чыккандарга уруксат да берилбейт, алардан жакшылык да күтүлбөйт.

a. Каапырларга жалган айтып актанууга

85 وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ ظَلَمُوا الْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ

Зулумдук кылгандар азапты көргөндө, аларга азап жеңилдетилбейт, артка да жылдырылбайт.

a. Тообо кылышып, Кыяматтын чындыгына ишенишип, чыркырап ыйлап Аллахдан кечирим сурашканы менен

86 وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ أَشْرَكُوا شُرَكَاءَهُمْ قَالُوا رَبَّنَا هَؤُلَاءِ شُرَكَاؤُنَا الَّذِينَ كُنَّا نَدْعُو مِنْ دُونِكَ فَأَلْقَوْا إِلَيْهِمُ الْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَاذِبُونَ

(Аллахка) шерик кошкондор, өздөрү кошкон шериктерин көргөн кезде: “О Эгебиз! Сенден башкага сыйынган шериктер ушулар!” – дешет. Алар: “Чындыгында силер баарыңар жалганчысыңар!” – деп сөздү аларга ыргытат.

a. Сага биз билбей кошуп алып, ушул күнгө чейин сыйынып келген b. Ширктер (шериктер)

87 وَأَلْقَوْا إِلَى اللَّهِ يَوْمَئِذٍ السَّلَمَ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Алар (каапырлар) ошол Күнү Аллахка моюн сунушат! Алардын жасалма кудайлары болсо алардан кайып болот.

a. Көздөн кайым болуп жок болот

88 الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ زِدْنَاهُمْ عَذَابًا فَوْقَ الْعَذَابِ بِمَا كَانُوا يُفْسِدُونَ

Ошентип, каапырларга жана Аллахтын жолунан тоскондорго бузукулук кылгандары үчүн азап үстүнө азап кошобуз!

89 وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا عَلَيْهِمْ مِنْ أَنْفُسِهِمْ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَى هَؤُلَاءِ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

Кыйамат Күнү ар бир коомдун ичинен бирден күбө алып келебиз. Сени болсо ушул коомго күбө кылабыз. Ошондуктан саган ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк.

a. Эй, Мухаммед! (а.с.)

90 إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَى وَيَنْهَى عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Чындыгында, Аллах – адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыйат. Аллах силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр.

91 وَأَوْفُوا بِعَهْدِ اللَّهِ إِذَا عَاهَدْتُمْ وَلَا تَنْقُضُوا الْأَيْمَانَ بَعْدَ تَوْكِيدِهَا وَقَدْ جَعَلْتُمُ اللَّهَ عَلَيْكُمْ كَفِيلًا إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ

Эгер убада берсеңер, Аллахка береген убадаңарды (сөзсүз) аткаргыла. Антташууда Аллахны өздөрүнө кепил кылган соң, аны бузбагыла. Аллах – эмне кылганыңарды Билүүчү!

92 وَلَا تَكُونُوا كَالَّتِي نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ أَنْكَاثًا تَتَّخِذُونَ أَيْمَانَكُمْ دَخَلًا بَيْنَكُمْ أَنْ تَكُونَ أُمَّةٌ هِيَ أَرْبَى مِنْ أُمَّةٍ إِنَّمَا يَبْلُوكُمُ اللَّهُ بِهِ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Бул жамаат тиги жамааттан артык деген шылтоо менен араңардагы келишимдерди бузуп, жибин мыктылап ийиргенден кийин, жазып жиберген аялга окшобогула. Чындыгында, Аллах ушу менен сынайт. Ошондуктан талаш-тартышууга түшкөн нерселериңерди Кыйамат Күнү силерге аныктап берет.

a. Эл .(мисалы, иудейлер бардык улуттардан артык дегендей…) b. Убада, ант, келишим, сөз берүү, касам ичүүңөр аркылуу да… c. Антты оболу ким бузганын ортого койот, Күнөөлүү жазаланат…

93 وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَكِنْ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ وَلَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Эгер Аллах кааласа, силерди бир гана (бирдиктүү жалгыз) үмөт кылып койор эле. Бирок, Аллах кимди кааласа адаштырып, кимди кааласа туура жолго салат. Албетте, кылган ишиңерден сураласыңар.

a. Ислам динине кирүүгө шарт түзүп койот b. Кыйаматта, Аллахтын алдында ар бир ишиңер үчүн сурак бересиңер

94 وَلَا تَتَّخِذُوا أَيْمَانَكُمْ دَخَلًا بَيْنَكُمْ فَتَزِلَّ قَدَمٌ بَعْدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُوا السُّوءَ بِمَا صَدَدْتُمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَلَكُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Анттарыңарды (кимдир бирөөнү) алдоо үчүн пайдаланбагыла. Кадамыңар бекем болгондон кийин (жолдон) тайып, Аллахтын жолунан тосконуңар үчүн анын жамандыгын тартып каласыңар. Андай кылсаңар силерге абдан чоң азап бар.

a. Келишимдериңерди, убадаңарды… b. Ислам дининин жолуна түшүп, жүрөгүңөргө бейпилдик орноп, күрөштөрдө кадамыңар бекем болгондон кийин кайра (билбестиктен, же башка себептен улам) динден чыгып кетпегиле… c. Өзүңөрдүн жама аракетиңер менен башкаларга начар өрнөк көрсөтүп, ошол кылыгыңар үчүн башкалардын Ислам динине кирбей калышына себепчи болуп, терс таасириңер менен анын да адашуусуна алып келип, туура жолдон оолактатып… d. Аракетиңердин азабын e. Жогоруда аталгандай жаман иштерге себеп болсоңор

95 وَلَا تَشْتَرُوا بِعَهْدِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا إِنَّمَا عِنْدَ اللَّهِ هُوَ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Аллахтын келишимин арзыбас нерсеге сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, Аллахтын алдындагы гана жакшы.

a. «Силер такыба болсоңор бейишке киргизем», - деген Аллахтын мусулмандарга берген убадасын b. Бейиштен жакшы нерсе жок

96 مَا عِنْدَكُمْ يَنْفَدُ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ بَاقٍ وَلَنَجْزِيَنَّ الَّذِينَ صَبَرُوا أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Силердин жаныңардагы бул дүйнөлүк (нерсе) түгөнөт, ал эми Аллахтын алдындагы түбөлүк. Албетте, сабырдууулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз.

97 مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Эрекекпи, же аялбы ыйман келтирип, изги иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз.

a. жакшы

98 فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ

Куран окуган кезиңде, куулган шайтандан Аллах менен сактан.

a. Куран окуу алдында: «Ауузу биллахи минаш-шайтаанир-ражиим», - деп баштоо

99 إِنَّهُ لَيْسَ لَهُ سُلْطَانٌ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Чындыгында, ыйман келтирип, Эгесине тобокел кылгандарга шайтандын өкүмү өтпөйт.

a. таянгандарга

100 إِنَّمَا سُلْطَانُهُ عَلَى الَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُ وَالَّذِينَ هُمْ بِهِ مُشْرِكُونَ

Чынында, анын өкүмү – аны дос кылып, Аллахка шерик кошуучуларга гана өтөт.