1 أَتَى أَمْرُ اللَّهِ فَلَا تَسْتَعْجِلُوهُ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ
Аллахтын буйругу келди. Ага шашылбагыла. Аллах – алар кошкон шериктен абдан Аруу да, Бийик да!
a. Каапырларды жазалоо боюнча b. Буйруктун келишине
1 أَتَى أَمْرُ اللَّهِ فَلَا تَسْتَعْجِلُوهُ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ
Аллахтын буйругу келди. Ага шашылбагыла. Аллах – алар кошкон шериктен абдан Аруу да, Бийик да!
a. Каапырларды жазалоо боюнча b. Буйруктун келишине
2 يُنَزِّلُ الْمَلَائِكَةَ بِالرُّوحِ مِنْ أَمْرِهِ عَلَى مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ أَنْ أَنْذِرُوا أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا أَنَا فَاتَّقُونِ
Аллах Өз пенделеринен каалаган адамга Өз буйругу менен периштелерди: «Чындыгында, Менден башка эч бир кудай жок. Ошондуктан Менден гана коркушсун деп эскерткиле!», – деген кабар менен түшүрөт.
3 خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ تَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ
Ал (Аллах) асмандарды жана жерди чындык менен жаратты. (Ал) алардын кошкон шериктеринен бийик.
4 خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ
(Ал) адам баласын бир тамчы суудан жаратты. Ошондой болсо да ал (адам баласы) ачык жаңжалчыл.
5 وَالْأَنْعَامَ خَلَقَهَا لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ
Анан (Ал) малдарды жаратты. Малдарда да силерди жылыта турган жана башка да пайдалар бар. Ошондой эле аларды жейсиңер.
a. Терисинен кийим тиксе, чатыр курса ж.б.у.с.
6 وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ
Силер малдарды (оттоткону) айдап чыкканыңарда жана (оттотуп) кайра айдап келе жатканыңарда жагымдуулук бар.
7 وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَى بَلَدٍ لَمْ تَكُونُوا بَالِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ الْأَنْفُسِ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Малдар – жаныңар кыйналып, араң шаарга жеткире турган жүктөрүңөрдү көтөрөт. Чындыгында, Эгеңер – Мээримдүү, Боорукер!
8 وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Аллах) жылкыларды, качырларды, эшектерди минишиңер жана кооздук үчүн жаратты. Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат.
9 وَعَلَى اللَّهِ قَصْدُ السَّبِيلِ وَمِنْهَا جَائِرٌ وَلَوْ شَاءَ لَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ
Туура Жолду түшүндүрүү – Аллахка гана таандык. Анткени жолдордун кыйшыгы да бар. Эгер Аллах кааласа – баарын туура жолго салып коймок.
a. Туура эместери да
10 هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لَكُمْ مِنْهُ شَرَابٌ وَمِنْهُ شَجَرٌ فِيهِ تُسِيمُونَ
Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, андан суу, ал аркылуу малдарыңарды жайа турган дарак (жайыт) жаратат.
a. Токойлуу жашыл талааларды
11 يُنْبِتُ لَكُمْ بِهِ الزَّرْعَ وَالزَّيْتُونَ وَالنَّخِيلَ وَالْأَعْنَابَ وَمِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Аллах силерге суу аркылуу эгин, зайтун, курма дарактарын, жүзүмдөр жана бардык мөмөлөрдү өстүрөт. Дал мына ушунда түшүнө турган коомдор үчүн белгилер бар.
12 وَسَخَّرَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومُ مُسَخَّرَاتٌ بِأَمْرِهِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Ал силер үчүн түндү, күндүздү жана күн менен айды баш ийдирди. Жылдыздар да Анын буйругуна баш ийишет. Так ушунда ойлонгон коом үчүн белгилер бар.
13 وَمَا ذَرَأَ لَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ
Силер үчүн жер жүзүндө өстүрүп койгон түрлүү түстөрдөгү нерселерде коом үчүн чындап насаат ала турган өрнөк бар.
14 وَهُوَ الَّذِي سَخَّرَ الْبَحْرَ لِتَأْكُلُوا مِنْهُ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُوا مِنْهُ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى الْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Ошондой эле, Аллах жаңы эт жешиңер жана кооз нерселерди тагынууңар үчүн деңизди (силерге) багындырып койду. Аллахдан ырыскы издешиңер үчүн кеме сууну жиреп бара жатканын көрөсүң. Балким (Аллахка) шүгүр кыларсыңар.
15 وَأَلْقَى فِي الْأَرْضِ رَوَاسِيَ أَنْ تَمِيدَ بِكُمْ وَأَنْهَارًا وَسُبُلًا لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Силерди термелтүү үчүн жер жүзүндө аска тоолорду жайгаштырды. Багыт таап жүрүшүңөр үчүн өзөндөрдү, жолдорду жаратты.
16 وَعَلَامَاتٍ وَبِالنَّجْمِ هُمْ يَهْتَدُونَ
Алардын жол таап жүрүүсү үчүн (зарыл) белгилерди жана жылдыздарды (жаратты).
a. адамдардын
17 أَفَمَنْ يَخْلُقُ كَمَنْ لَا يَخْلُقُ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Жаратуучу менен жарата албаган бирдей болобу?! Эми эсиңерге келбейсиңерби?
a. Буддар-сөлөкөттөр
18 وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَةَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا إِنَّ اللَّهَ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллахтын жакшылыктарын санасаңар – санына жете албайсыңар. Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу!
19 وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ
Аллах – жашыруун жана көрүнөө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат.
20 وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَخْلُقُونَ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ
Ошондой! Аллахдан башкага сыйынгандары эч нерсе жарата албайт. Алар – жаратылгандар.
a. Буддар-сөлөкөттөр