бөлүм Нахл - النحل

101 وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مُفْتَرٍ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Биз бир аяттын ордун башка аят менен алмаштырсак..., Аллах эмнени түшүргөнүн жакшы билет. Бирок, алар пайгамбарга: “Сен анык жалганчысың”, – дешет. Андай эмес! Алардын көбү түшүнүшпөйт

a. Анын сыры бир гана Аллахка белгилүү. Бирок b. Кандай маанидеги аятты c. Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин…

102 قُلْ نَزَّلَهُ رُوحُ الْقُدُسِ مِنْ رَبِّكَ بِالْحَقِّ لِيُثَبِّتَ الَّذِينَ آمَنُوا وَهُدًى وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

Жабреил Куранды акыйкат менен ыйман келтиргендерди кубаттандыруу жана мусулмандар үчүн туура жол, ошондой эле кубаныч түрүндө Эгең тараптан түшүрдү.

a. Өзү бир да сөз кошумчалабастан

103 وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُ بَشَرٌ لِسَانُ الَّذِي يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِيٌّ وَهَذَا لِسَانٌ عَرَبِيٌّ مُبِينٌ

Чындыгында, (Биз) билебиз, алар: “(Куранды Мухаммедге) бир адам үйрөтөт”, – дешет. Бирок алар ишаарат кылган адамдын тили башка. А бул (Куран) болсо – ачык араб тилинде.

a. «Куранды үйрөтүп жатат» делген адамдын тили

104 إِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ لَا يَهْدِيهِمُ اللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Чындыгында, Аллахтын аяттарына ишенбегендерди, Аллах түзөбөйт. Ошондуктан алар үчүн сыздатуучу азап бар.

105 إِنَّمَا يَفْتَرِي الْكَذِبَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْكَاذِبُونَ

Акыйкатта, Аллахтын айаттарына ишенбегендер орунсуз жалгандарды ойлоп чыгарышат. Мына ошолор – жалганчылар.

106 مَنْ كَفَرَ بِاللَّهِ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِهِ إِلَّا مَنْ أُكْرِهَ وَقَلْبُهُ مُطْمَئِنٌّ بِالْإِيمَانِ وَلَكِنْ مَنْ شَرَحَ بِالْكُفْرِ صَدْرًا فَعَلَيْهِمْ غَضَبٌ مِنَ اللَّهِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Жүрөгү ыйман уйалагандан кийин зомбулукка учураган адамдан башка бирөө – ыйман келтирип, анан кийин (кайра) Аллахка каршы чыкса ошентип, дилин ыймансыздыкка берсе, ага Аллахтын ачуусу келет жана аларга катуу азап бар.

a. Дили бейпилдикке жеткенден кийин b. Ыймандуу адамды аргасыз абалда ыйман келтиргенинен баш тартууга аргасыз кылса, бирок ал дилинде ыймандуу боюнча калып, тили менен ыймандан кайтканы тууралуу калп айтып, ошондой ыкма менен оор абалдан чыкса, ага кечиримдүү...

107 ذَلِكَ بِأَنَّهُمُ اسْتَحَبُّوا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا عَلَى الْآخِرَةِ وَأَنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْكَافِرِينَ

Бул жагдай – алардын бул дүйнөнү акыретке баалап, (дүйнөнү) жакшы көрүшкөндөрүнөн улам. Чындыгында, каапыр элди Аллах оңдобойт.

a. Убактылуу бул дүйнө бактысын түбөлүктүү акырет бактысынан артык көрүп b. Оң жолго, түз жолго салбайт, ишин оңдобойт, анын иши тескери боюнча кете берет

108 أُولَئِكَ الَّذِينَ طَبَعَ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ وَسَمْعِهِمْ وَأَبْصَارِهِمْ وَأُولَئِكَ هُمُ الْغَافِلُونَ

Мына ошолор; Аллах алардын жүрөктөрүн, кулактарын жана көздөрүн бүтөп (мөөр басып) койгон! Алар такыр капарсыз!

a. каапырлар b. Бейиш, Тозок тууралуу маалыматтардан

109 لَا جَرَمَ أَنَّهُمْ فِي الْآخِرَةِ هُمُ الْخَاسِرُونَ

Алар акыретте зыйан тартуучулардан экенинде эч шек жок.

110 ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُوا مِنْ بَعْدِ مَا فُتِنُوا ثُمَّ جَاهَدُوا وَصَبَرُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

Чындыгында, Эгең – жапа чеккенден кийин көчкөндөрдүн, согушкандардын жана сабыр кылгандардын (жардамчысы!). Мындан кийин Эгең – Кечиримдүү, Боорукер!

a. Көчкөндөн, согушкандан жана сабыр кылгандан...

111 يَوْمَ تَأْتِي كُلُّ نَفْسٍ تُجَادِلُ عَنْ نَفْسِهَا وَتُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Кыйамат Күнү ар ким өзүн куткарууга умтулат. Ошондой эле ар кимге өзүнүн жасаган амалынын акысы (сый, же жаза) берилет. Аларга адилетсиздик кылынбайт.

112 وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا قَرْيَةً كَانَتْ آمِنَةً مُطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَدًا مِنْ كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ اللَّهِ فَأَذَاقَهَا اللَّهُ لِبَاسَ الْجُوعِ وَالْخَوْفِ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ

Аллах силерге бейпилчиликтеги кыштакты мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы (Аллахтын амири менен) келип турчу. Акырында, Аллахтын жакшылыгына каапырлык кылышты, ошондуктан Аллах аларга жасаган зулумдугу себептүү ачарчылык жана коркунуч тонун кийгизип, жапа тарттырды.

113 وَلَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ وَهُمْ ظَالِمُونَ

Чынында, аларга өздөрүнөн элчи келип, алар аны жалганчыга чыгарышкан болчу. Ошондуктан заалымдарды азап колго алды.

114 فَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاشْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ

Аллахтын силерге берген ырыскысынын адал жана тазасын жегиле! Эгер Ага гана ибадат кыла турган болсоңор, анда Аллахтын жакшылыгына шүгүр кылгыла!

115 إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Чындыгында, (Аллах) силерге өлүктүн этин, канды, чочконун этин жана Аллахдан башканын аты аталып мууздалган (малдын этин) арам кылды. Кимде-ким мажбур болсо, баш тартпастан, чектен чыкпастан, (жесе) анда Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!

a. Ачкалыктан, же башка себептен улам аргасыз абалда калса b. Шариат эрежелеринен c. Аллах буйруган чектерден

116 وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

Тилиңер: “Бул – арам, бул – адал”, – деп жалган сыпаттаганын айтпагыла. Анда Аллахка жалаа жапкан болосуңар. Чындыгында, Аллахка жалган жалаа жапкандар (азаптан) кутулушпайт.

a. Жалган айткан нерсе, эгер ал чын дилден айтылбаса, андан арам болуп калбайт.

117 مَتَاعٌ قَلِيلٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Дүйнө – аз күндүк жыргал. Алар үчүн сыздаптуучу азап (бар).

a. Каапырлар, мушриктер, мунафыктар…

118 وَعَلَى الَّذِينَ هَادُوا حَرَّمْنَا مَا قَصَصْنَا عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ وَمَا ظَلَمْنَاهُمْ وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Иудейлерге арам кылынган нерселер тууралуу мурун сага баян кылган элек. Биз аларга адилетсиздик кылган жокпуз. Алар өздөрүнө өздөрү адилетсиздик кылышты.

a. Эй, Мухаммед! (а.с.)

119 ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُوا السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ تَابُوا مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ وَأَصْلَحُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

Чындыгында, Эгең – билбестен жамандык жасап, андан кийин тооба кылып, иштерин түзөлткөндөр тарабында. Акыйкатта, Эгең, мындан кийин да Кечиримдүү, Ырайымдуу!

120 إِنَّ إِبْرَاهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Чындыгында, Ибрахим – Аллахка чыныгы мойун сунуучу (момун) адам жана таза берилген болчу. Ал мушриктерден эмес эле.

a. Ханиф – Аллахка бүткүл дити менен берилип, Аллахка өзүн арнаган