бөлүм Нахл - النحل

61 وَلَوْ يُؤَاخِذُ اللَّهُ النَّاسَ بِظُلْمِهِمْ مَا تَرَكَ عَلَيْهَا مِنْ دَابَّةٍ وَلَكِنْ يُؤَخِّرُهُمْ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ

Аллах адам баласын алардын кесирлиги себептүү колго ала турган болсо, жер жүзүндө эч бир жан калбас эле. Бирок аларды белгилүү бир мөөнөткө чейин кечиктирет. Ал эми алардын мөөнөтү келгенде, алар аны бир саатка да кечиктире да, илгерилете да алышпайт.

a. Күнөөсүнө жараша катуу жазалап, жандарын ала турган болсо b. Лавхул Махвузда белгиленип койулган, ажалы жеткен күнгө, саатка чейин c. Ажалы жеткендер d. ажалды

62 وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكْرَهُونَ وَتَصِفُ أَلْسِنَتُهُمُ الْكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ الْحُسْنَى لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ النَّارَ وَأَنَّهُمْ مُفْرَطُونَ

Алар өздөрү жек көргөндөрдү (кыздарды) Аллахка ыйгарып, тилдери менен: “Бизге жакшы нерселер буйурулган”, – деп жалган айтышат. Аларга тозок бар экени шексиз. Чындыгында, алар (Тозокко) сүйрөлүп баруучулар.

63 تَاللَّهِ لَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَى أُمَمٍ مِنْ قَبْلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ الْيَوْمَ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Аллахка ант болсун! Чындыгында сенден мурун да коомдорго элчилерди (пайгамбарларды) жиберген болчубуз. Ошондо да шайтан өз кылыктарын кооз кылып көрсөттү. Ошондуктан бүгүн да ал (шайтан) алардын досу. Аларга сыздатуучу азап бар.

64 وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ الَّذِي اخْتَلَفُوا فِيهِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Сага Куранды алар талашкан нерселерин аныктоо, ыйман келтирген коом үчүн туура жол жана ырйаым түрүндө гана түшүрдүк.

65 وَاللَّهُ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

Аллах асмандан жамгыр жаадырып, өлгөн жерди аны менен тирилтти. Чындыгында, бүгүн да кулак салган коом үчүн чыныгы үлгүлөр бар.

66 وَإِنَّ لَكُمْ فِي الْأَنْعَامِ لَعِبْرَةً نُسْقِيكُمْ مِمَّا فِي بُطُونِهِ مِنْ بَيْنِ فَرْثٍ وَدَمٍ لَبَنًا خَالِصًا سَائِغًا لِلشَّارِبِينَ

Чындыгында, силер үчүн малдарда да ибарат бар. Малдардын ичиндеги (курсагындагы) каны менен жининин арсынан чыккан ичкенге жагымдуу, нагыз сүттү силерге ичтирүүдөбүз.

a. Эй, Мухаммед! (а.с.) b. Ибарат – сабак, үлгү, өрнөк

67 وَمِنْ ثَمَرَاتِ النَّخِيلِ وَالْأَعْنَابِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًا وَرِزْقًا حَسَنًا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Курма дарактарынын жемиштеринен, жүзүмдөрдөн арактарды жана көркөм сусундуктарды жасап аласыңар. Ырас, мында ой жүгүрткөн элге даана үлгүлөр бар.

a. Бул аят аракка тыюу салынгандан мурда түшкөн b. Жакшы, жагымдуу, таттуу...

68 وَأَوْحَى رَبُّكَ إِلَى النَّحْلِ أَنِ اتَّخِذِي مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا وَمِنَ الشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ

Эгең бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал”, – деп буюруп,

a. Эй, Мухаммед! (а.с.) b. Жана ошого жараша жөндөм берди

69 ثُمَّ كُلِي مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ فَاسْلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا يَخْرُجُ مِنْ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُخْتَلِفٌ أَلْوَانُهُ فِيهِ شِفَاءٌ لِلنَّاسِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

“ар түрлүү өсүмдүктөрдөн жеп, Эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!” – дедик. (Аллах) аарынын ичинен түрлүү-түрлүү балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мында да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар.

70 وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّاكُمْ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَى أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍ شَيْئًا إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ قَدِيرٌ

Аллах силерди жаратты жана өлтүрөт. Кээ бирөөлөрүңөр билгенинен кийин билбей кала турган өмүрдүн кордугуна кайтарылат. Албетте, Аллах – Билүүчү, Кудуреттүү.

a. Аллах тарабынан b. Өтө картайуудан улам эсте тутуусу начарлап, мурда мыкты билгендерин да эстей албай калган куракка чейин жеткирет

71 وَاللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَى بَعْضٍ فِي الرِّزْقِ فَمَا الَّذِينَ فُضِّلُوا بِرَادِّي رِزْقِهِمْ عَلَى مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَاءٌ أَفَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ

Аллах ырыскыда бириңерди бириңерден артыгыраак кылды. Ырыскы-насиби молураактар кол алдындагыларга бербейт. Болбосо алар (ошол) ырыскыда тең (укуктуу). Алар эмне, Аллахтын насибине каршы келишеби?

a. Силердин топук, сабырыңарды ырыскынын молдугу (байлык) жана жетишсиздиги (кедейлик) жагынан сыноо үчүн b. Анткени алар абдан зыкым, сараң c. Байларга берилген ырыскыда кедейлердин үлүшү сөзсүз бар

72 وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ

Аллах жыныстарыңардан жубай жаратты. Жубайларыңар аркылуу силерге балдарды, неберелерди пайда кылды. Силерди таза нерселер (ырыскылар) менен азыктандырды. Ошондо да алар (каапырлар) болбогон нерселерге ишенишип, Аллахтын жакшылыктарына шүгүрсүздүк кылшабы?.

a. Адамдардан (периштелерден эмес!)

73 وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَهُمْ رِزْقًا مِنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ شَيْئًا وَلَا يَسْتَطِيعُونَ

Алар, Аллахдан башка, өздөрүнө жер менен асмандан бир да ырыскы бере албаган жана колунан эч нерсе келбеген нерселерге (буддарга-сөлөкөттөргө) сыйынышат.

74 فَلَا تَضْرِبُوا لِلَّهِ الْأَمْثَالَ إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Аллахка мисал келтирбегиле”! Чындыгында, Аллах – ар нерсени билет, силер болсо билбейсиңер!

a. эч кимди окоштурбагыла, салыштырбагыла, теңебегиле!

75 ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا عَبْدًا مَمْلُوكًا لَا يَقْدِرُ عَلَى شَيْءٍ وَمَنْ رَزَقْنَاهُ مِنَّا رِزْقًا حَسَنًا فَهُوَ يُنْفِقُ مِنْهُ سِرًّا وَجَهْرًا هَلْ يَسْتَوُونَ الْحَمْدُ لِلَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Аллах (силерге) бир мисал келтирет: Кимдир бирөөнүн кол астында эч нерсе колунан келбеген кул болсо, ал өзүнө Биз берген көркөм ырыскыдан көрүнөө да, көмүскө да сарптай ала турган кожоюн менен тең боло алабы? Ошондуктан, баардык мактоолор – Аллахка гана таандык! Бирок алардын көбү билишпейт.

a. Адал, жакшы...

76 وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا رَجُلَيْنِ أَحَدُهُمَا أَبْكَمُ لَا يَقْدِرُ عَلَى شَيْءٍ وَهُوَ كَلٌّ عَلَى مَوْلَاهُ أَيْنَمَا يُوَجِّهْهُ لَا يَأْتِ بِخَيْرٍ هَلْ يَسْتَوِي هُوَ وَمَنْ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَهُوَ عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Аллах эки кишини мисал келтирет: экөөсүнүн бири дудук, колунан эч нерсе келбейт. Ал кожойунуна жүк. Аны кайда гана жумшабасын андан жакшылык келбейт. Эмне ошол (дудук) адилеттүү өмүр кечирип, туура жолдо жүргөн адам менен теңби?

a. кожойуну b. Анткени ал убара болгону эле болбосо бирөгө бир нерсе түшүндүрүп, маселе чече албайт.

77 وَلِلَّهِ غَيْبُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا أَمْرُ السَّاعَةِ إِلَّا كَلَمْحِ الْبَصَرِ أَوْ هُوَ أَقْرَبُ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Асмандардагы жана жердеги сырлар Аллахка гана таандык. Кыйамат сааты кирпик каккандай (тез келет), андан да жакын (калды). Албетте, Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.

78 وَاللَّهُ أَخْرَجَكُمْ مِنْ بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْئًا وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Аллах силерди энеңердин курсагынан эч несре билбеген абалда чыгарды да, силерге угуу, көрүү жана ойлоо жөндөмдөрүн берди. Балким шүгүр кыларсыңар.

79 أَلَمْ يَرَوْا إِلَى الطَّيْرِ مُسَخَّرَاتٍ فِي جَوِّ السَّمَاءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا اللَّهُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Алар асман мейкиндигиндеги тартылуу күчүн көрүшпөй жатышабы? Аларды Аллах гана кармап турат! Чындыгында, ушунда да ыйман келтирген коом үчүн белгилер бар.

a. Асман телолоорунун жана галактикадагы жылдыздардын бири бирине чексиз тартылышууларын, асман жылдыздарынын системалары миллиарддаган жылдардан бери бузулбай, бир калыпта, бирдей ылдамдыкта айланып турушканын b. Жылдыздар системасын, гАллахктикаларды

80 وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ بُيُوتِكُمْ سَكَنًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ جُلُودِ الْأَنْعَامِ بُيُوتًا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَا أَثَاثًا وَمَتَاعًا إِلَى حِينٍ

Аллах силерге үйлөрүңөрдү турак-жай кылып койду. Силер үчүн малдардын терилеринен – көчкөн кезде, же отурукташкан учурда жеңил пайдаланыла турган башпаанектер (курулат); (малдардын:) койдун жүндөрүнөн, төөнүн түктөрүнөн, эчкинин тыбыттарынан кайсыл бир мөөнөткө чейин пайдаланууга боло турган үй буюмдарын жана соода буйумдарын жаратты.

a. Маселен кийизден...