бөлүм Нахл - النحل

41 وَالَّذِينَ هَاجَرُوا فِي اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَلَأَجْرُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Зулумдукка учурагандан кийин Аллах жолунда көчкөндөрдү, дүйнөдө жайлуу конушка жайгаштырабыз. Эгер алар билишсе, акыреттеги сыйлык андан да чоң.

a. Аллахтын динин сактап калуу үчүн

42 الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Алар – сабыр кылышып, (Аллахка гана) тобокел кылгандар.

a. Аллах ыразылыгына жетиш үчүн баардык азаптарга b. таянгандар

43 وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًا نُوحِي إِلَيْهِمْ فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Сенден мурун да өздөрүнө кабар түшүрүп, кишилерди гана элчи (пайгамбар) кылып жибергенбиз. Эгер билбесеңер, илимдүүлөрдөн сурагыла.

a. Эй, Мухаммед! b. Периштелерди эмес c. Тоорат менен Инжилди мыкты билген аалымдардан

44 بِالْبَيِّنَاتِ وَالزُّبُرِ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

(Пайгамбарларды) далилдер жана китептер менен (жибердик). Сага да адамдар үчүн түшүрүлгөндөрдү ачык баян кылып беришиң үчүн Куранды түшүрдүк. Балким алар түшүнүшөөр.

45 أَفَأَمِنَ الَّذِينَ مَكَرُوا السَّيِّئَاتِ أَنْ يَخْسِفَ اللَّهُ بِهِمُ الْأَرْضَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ

Жамандыктын айлакерлери Аллахтын аларды жерге жуттуруп жиберишинен, же алар ойлобогон тараптан өздөрүнө азап келишинен коопсузбу?

46 أَوْ يَأْخُذَهُمْ فِي تَقَلُّبِهِمْ فَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ

Же болбосо алар жер кезип сапарда бараткан кезде өздөрүн апааттан тышпыз деп эсептешеби? Анда алар качып кутула алышпайт.

a. Сапардагы кырсыктан b. Маселен: учак, же башка унаа менен бараткан кезде, жолдо

47 أَوْ يَأْخُذَهُمْ عَلَى تَخَوُّفٍ فَإِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ

Же алар өздөрүнө коркутуп келүүчү апааттан (коопсузбу?). Чындыгында, Эгеңер – Мээримдүү, Боорукер!

48 أَوَلَمْ يَرَوْا إِلَى مَا خَلَقَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ يَتَفَيَّأُ ظِلَالُهُ عَنِ الْيَمِينِ وَالشَّمَائِلِ سُجَّدًا لِلَّهِ وَهُمْ دَاخِرُونَ

Алар Аллахтын жараткан нерселеринин (дарактардын) көлөкөлөрү оңго, солго ийилип, Аллахка сежде кылып ийилип жатышканын көрүшпөйбү?

49 وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ مِنْ دَابَّةٍ وَالْمَلَائِكَةُ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

Асмандар менен жерде болгон ар бир жаныбар жана периштелер тынымсыз Аллахка сежде кылып турушат. Алар текеберденишпейт.

a. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

50 يَخَافُونَ رَبَّهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ

(Алар) Өздөрүнөн үстөм болгон Эгелеринен коркушат. Ошондуктан берилген буйруктарды орундатышат.

a. Аллах тарабынан

51 وَقَالَ اللَّهُ لَا تَتَّخِذُوا إِلَهَيْنِ اثْنَيْنِ إِنَّمَا هُوَ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَإِيَّايَ فَارْهَبُونِ

Аллах: “Эки кудай жасап албагыла. Чындыгында, Ал (Аллах) – Жалгыз Кудай! Ошондуктан Менден гана корккула”, – деди.

52 وَلَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَهُ الدِّينُ وَاصِبًا أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَتَّقُونَ

Асмандарда жана жерде болгон нерселер Анын бийлигинде. Бардык сыйынууларга – Ал гана татыктуу! Аллахдан башкадан да коркосуңарбы?

53 وَمَا بِكُمْ مِنْ نِعْمَةٍ فَمِنَ اللَّهِ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ الضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْأَرُونَ

Силерге (келген) ар бир жакшылык – Аллахдан! Силерге зыян жетсе (гана) Аллахка жалбарасыңар.

a. Ал эми Аллах силерге жыргал күндөрдү насип кылып койсо Жаратуучуңарды эстеп да койбойсуңар

54 ثُمَّ إِذَا كَشَفَ الضُّرَّ عَنْكُمْ إِذَا فَرِيقٌ مِنْكُمْ بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ

Акырында, силерден Ал кыйынчылыкты алып салган кезде бир бөлүгүңөр, Эгеңерге шерик кошосуңар.

a. Бул жакшылыкты жасалма кудайыңар жибергендей кабылдап, же өз акылыңар менен жасап алгандай, өз акылыңарга, талантыңарга, же башка жөндөмүңөргө сыйына баштайсыңар, же жардам берген туугандарыңарды Аллахдан жогору коюп, мушриктик кыласыңар да, Аллахка шүгүр келтирүүнү унутасыңар. Билип койгула:Аллахтын буйругусуз силеге эч ким жардам бербейт!

55 لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ فَتَمَتَّعُوا فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

Алар (Биз) берген жакшылыктарыбызга шүгүр кылышпайт. Азырынча (жердеги жыргалдардан) пайдалана тургула. Жакында билесиңер.

56 وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ تَاللَّهِ لَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَفْتَرُونَ

(Мушриктер) өздөрүнө (Биз) берген ырыскыларыбыздын эмне экенин билбегендерге шыбага арнашат. Аллахка ант! Бул жалгандан ойлоп тапканыңар үчүн сөзсүз суракка тартыласыңар!

a. Аллахка шерик кошуучулар b. Буддар-сөлөкөттөрга c. насип d. Кыяматта

57 وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ الْبَنَاتِ سُبْحَانَهُ وَلَهُمْ مَا يَشْتَهُونَ

Анан да, алар Аллахка кыздарды ыйгарышат. Аллах андан аруу! Өздөрүнө болсо каалаганын арнашат.

a. Периштелер Аллахтын кыздары деп… b. Периштелерди Аллахтын кыздары дешет c. Жалаң уул балдарды.

58 وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُمْ بِالْأُنْثَى ظَلَّ وَجْهُهُ مُسْوَدًّا وَهُوَ كَظِيمٌ

Эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөнсө анын ачуусу келип, бети карара баштайт.

a. Аялы кыз төрөгөнү тууралуу кабар келсе

59 يَتَوَارَى مِنَ الْقَوْمِ مِنْ سُوءِ مَا بُشِّرَ بِهِ أَيُمْسِكُهُ عَلَى هُونٍ أَمْ يَدُسُّهُ فِي التُّرَابِ أَلَا سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ

Өзүнө келген “жаман” кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны эмне кордукка салып же топуракка көмүп таштоо керекпи? Алар кандай жаман өкүм чыгарышат!

a. Төрөлгөн кызды b. Ислам келгенге чейинки наадан доордо мушрик арабдардын айрымдарынын жаңы төрөлгөн кыздарын тирүүлөй жерге көмүп салгандары да болгон c. Өздөрү жана кыздары тууралуу

60 لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ مَثَلُ السَّوْءِ وَلِلَّهِ الْمَثَلُ الْأَعْلَى وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Жаман сыпат – акыретке ишенбегендер үчүн. Ал эми сыпаттардын эң бийиги – Аллахка таандык. Ал – Өкүмдар, Даанышман!