141 وَهُوَ الَّذِي أَنْشَأَ جَنَّاتٍ مَعْرُوشَاتٍ وَغَيْرَ مَعْرُوشَاتٍ وَالنَّخْلَ وَالزَّرْعَ مُخْتَلِفًا أُكُلُهُ وَالزَّيْتُونَ وَالرُّمَّانَ مُتَشَابِهًا وَغَيْرَ مُتَشَابِهٍ كُلُوا مِنْ ثَمَرِهِ إِذَا أَثْمَرَ وَآتُوا حَقَّهُ يَوْمَ حَصَادِهِ وَلَا تُسْرِفُوا إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ
Ал жөлөтүлгөн жана жөлөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдары бар эгиндерди, зайтунду жана анарды, окшош жана окшош эместерди өстүргөн. Качан алар түшүм бергенде, алардан жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда анын бөлүгүнөн алууга акысы барларга бергиле. Ысырап кылбагыла. Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт.
a. жалбырактары b. даамдары c. Ислам шариатында мөмө-жемиштердин, эгиндердин түшкөн түшүмдүн ондон бири бей-бечаранын акысы болуп, ар бир дыйкан түшүм жыйнаган соң аталган өлчөмдү жакырларга берүүгө милдеттүү. М: миң кадак буудай өндүрсө, андан жүз кадагын берүүгө тийиш. d. Коромжу.