21 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
Аллахка жалганды жабыштыргандан, же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалым болобу?!
a. Аллах айтпаганды айтты, – деп.
21 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
Аллахка жалганды жабыштыргандан, же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалым болобу?!
a. Аллах айтпаганды айтты, – деп.
22 وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوا أَيْنَ شُرَكَاؤُكُمُ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Биз алардын баарысын жыйнаган күнү Аллахка башка кудайларды шерик кылгандарга: “Силердин кудай деп ойлоп жүргөн шериктериңер кайда”, – деп айтабыз.
23 ثُمَّ لَمْ تَكُنْ فِتْنَتُهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا وَاللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ
Ошондо аларда эч бир шылтоо калбай, алар: “Эгебиз Аллахтын атына ант! Биз шерик кошкон эмеспиз”, – дешет.
24 انْظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Алар өздөрүнө кантип жалган айткандарын жана алар ойлоп чыгаргандар кантип жоголгонун кара!
25 وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ وَجَعَلْنَا عَلَى قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا وَإِنْ يَرَوْا كُلَّ آيَةٍ لَا يُؤْمِنُوا بِهَا حَتَّى إِذَا جَاءُوكَ يُجَادِلُونَكَ يَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ هَذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Алардын арасында сага кулак салып угуп туруучулары да бар. Бирок Биз алардын жүрөктөрүнө тосмо кылып, кулактарын дүлөй кылып салганбыз. Алар ар түрдүү белгилерибизди көрүп турушса да, аларга ишенишпейт. Качан алар сени менен талашканы келгенде, каапырлар: “Бул албетте байыркылардын жомогу гана!” – дешет.
a. Куран.
26 وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْأَوْنَ عَنْهُ وَإِنْ يُهْلِكُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Алар пайгамбарды ээрчүүдөн башкаларды тыйышат. Өздөрү да алысташат. Бирок алар өздөрүн өздөрү гана кыйратышканын сезбей да калышат.
27 وَلَوْ تَرَى إِذْ وُقِفُوا عَلَى النَّارِ فَقَالُوا يَا لَيْتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِآيَاتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Эгерде сен аларды оттун алдына тургузулганын көргөн болсоң: “Аттиң, биз кайра артка кайтарылсак, анда биз Эгебиздин айаттарын жалганга чыгарбас элек жана момундардын катарында болор элек”, – дешет.
28 بَلْ بَدَا لَهُمْ مَا كَانُوا يُخْفُونَ مِنْ قَبْلُ وَلَوْ رُدُّوا لَعَادُوا لِمَا نُهُوا عَنْهُ وَإِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
Жок, алар мурун эмнени жашырып келишкени айкын болду. Бирок алар артка кайтарылса, анда алар өздөрүнө тыйуу салынгандарга кайрадан эле барышмак. Анткени алар жалганчылар!
29 وَقَالُوا إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ
“Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок. Өлгөндөн кийин кайра тирилбейбиз”, – дешти.
30 وَلَوْ تَرَى إِذْ وُقِفُوا عَلَى رَبِّهِمْ قَالَ أَلَيْسَ هَذَا بِالْحَقِّ قَالُوا بَلَى وَرَبِّنَا قَالَ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Эгер сен алардын Эгесинин алдында тургузулганын көрсөң: “Бул чындыкпы?” – деп сурайт. Алар: “Ооба, Эгебизге ант ичебиз! (Бул чындык экен) – дешет. Ал: “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды таткыла!” – дейт.
a. Тирилүү. b. Аллах.
31 قَدْ خَسِرَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِلِقَاءِ اللَّهِ حَتَّى إِذَا جَاءَتْهُمُ السَّاعَةُ بَغْتَةً قَالُوا يَا حَسْرَتَنَا عَلَى مَا فَرَّطْنَا فِيهَا وَهُمْ يَحْمِلُونَ أَوْزَارَهُمْ عَلَى ظُهُورِهِمْ أَلَا سَاءَ مَا يَزِرُونَ
Аллах менен кездешүүнү жалган деп эсептегендер кыйамат кокусунан келип калганда чындап зыйанга учурашат. Ошондо алар өздөрүнүн күнөөлөрүн өз аркаларына көтөрүп алышып, кетирген катабызга аттиң-арман – бизге өкүнүч болсун дешет. Көтөрүп жүргөндөрү кандай жаман жүк.
32 وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَلَلدَّارُ الْآخِرَةُ خَيْرٌ لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Бул дүйнө жашоосу ойун гана. Аллахтанкорккондор үчүн Акырет жашоосу эң сонун. Эми акылыңарга келбейсиңерби?
33 قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُ لَيَحْزُنُكَ الَّذِي يَقُولُونَ فَإِنَّهُمْ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَكِنَّ الظَّالِمِينَ بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ
Алар айтып жаткан кептер сени кайгыртып жатканын Биз билебиз. Чындыгында алар сени жалганчы деп билишпейт. Бирок заалымдар Аллахтын айаттарын жокко чыгарышат.
a. Адашкандар.
34 وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ فَصَبَرُوا عَلَى مَا كُذِّبُوا وَأُوذُوا حَتَّى أَتَاهُمْ نَصْرُنَا وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ وَلَقَدْ جَاءَكَ مِنْ نَبَإِ الْمُرْسَلِينَ
Албетте, сенден мурун да элчилерди жалганчы дешкен. Алар мындай жалааларга жана кысымдарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын убадаларын эч нерсе өзгөртө албайт. Акыйкатта, сага элчилердин кабары келди.
a. Пайгамбарлар.
35 وَإِنْ كَانَ كَبُرَ عَلَيْكَ إِعْرَاضُهُمْ فَإِنِ اسْتَطَعْتَ أَنْ تَبْتَغِيَ نَفَقًا فِي الْأَرْضِ أَوْ سُلَّمًا فِي السَّمَاءِ فَتَأْتِيَهُمْ بِآيَةٍ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَمَعَهُمْ عَلَى الْهُدَى فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْجَاهِلِينَ
А эгер сага алардын жүз үйрүшү оор болуп жатса, аларга айат берүү үчүн жерде тешик, а асманга шаты табууга аракет кылып, аларга керемет катары алып кел. Эгер Аллах каалаган болсо, алардын баарын түз жолго чогултаар эле. Наадандардан болбо!
a. баштаар.
36 إِنَّمَا يَسْتَجِيبُ الَّذِينَ يَسْمَعُونَ وَالْمَوْتَى يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ ثُمَّ إِلَيْهِ يُرْجَعُونَ
Акыйкатта, угуп жаткандар кабылдоого жөндөмдүүлөр. Ал эми өлүк сыйактуу болгондор, Аллах аларды тирилтет жана алар Ага кайтып барышат.
37 وَقَالُوا لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ قُلْ إِنَّ اللَّهَ قَادِرٌ عَلَى أَنْ يُنَزِّلَ آيَةً وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Алар: “Эмне үчүн Эгесинен айат түшпөй жатат?” – дешет. (Аларга:) “Аллах айат жөнөтүүгө күч-кубаттуу”, – деп айт. Бирок, алардын көбү муну билишпейт.
38 وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا طَائِرٍ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّا أُمَمٌ أَمْثَالُكُمْ مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ ثُمَّ إِلَى رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ
Жер үстүндөгү айбанат жана канаттары менен учкан куш да силер өңдүү жандуулар. Биз Китепте эч нерсени таштап койгонубуз жок! Андан соң алар өздөрүнүн Эгесинин алдында жыйналышат.
a. Алардын баары силер өңдүү эле жаралат жана ырыскы берилет. b. Лавх-Махфууз – тагдыр жазылган тактай. c. Бардык жан-жаныбарлар жана адамдар.
39 وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا صُمٌّ وَبُكْمٌ فِي الظُّلُمَاتِ مَنْ يَشَإِ اللَّهُ يُضْلِلْهُ وَمَنْ يَشَأْ يَجْعَلْهُ عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Биздин айаттарыбызды жалган деп эсептегендер караңгылыктагы дүлөй жана дудуктар. Аллах кимди кааласа жолдон чыгарат, кимди кааласа өзүнүн туура жолуна салат.
40 قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ أَوْ أَتَتْكُمُ السَّاعَةُ أَغَيْرَ اللَّهِ تَدْعُونَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
“Кабар бергилечи, Аллахтанжаза келгенде, же кыйамат болгондо силер эгер чынчыл болсоңор анда Аллахтанбөлөк кимди чакыра аласыңар”, – деп айт!