бөлүм Анаам - الأنعام

41 بَلْ إِيَّاهُ تَدْعُونَ فَيَكْشِفُ مَا تَدْعُونَ إِلَيْهِ إِنْ شَاءَ وَتَنْسَوْنَ مَا تُشْرِكُونَ

Ооба, силер Анын Өзүн гана чакырасыңар. Ошондо Ал эгер кааласа силер суранып жаткан нерседен куткарат. А силер ошол кезде Ага шерик кылганыңарды да унутасыңар.

a. Зыйандан, ж.б.у.с. b. Качан адам пендесинин башына кандайдыр бир зор коркунуч, же балээ жеткенде, же өлүм келип алкымдап турган чакта өзүнүн Кудайга ишенбеген каапыр болгонуна карабастан, же Аллахка шерик кошуп жүргөн бутпарас экенине карабастан пенде акыйкатты таанып, мойнуна алууга аргасыз болот. Ошондо ал мүмкүн Кудайдан жардам да сурап жиберет. Демек, пенде акыйкаттыка бетме-бет кездешет...

42 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَى أُمَمٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَخَذْنَاهُمْ بِالْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ لَعَلَّهُمْ يَتَضَرَّعُونَ

Биз сага чейин башка элдерге да алар жалбарышы үчүн жакырчылык менен ооруу жөнөткөнбүз.

43 فَلَوْلَا إِذْ جَاءَهُمْ بَأْسُنَا تَضَرَّعُوا وَلَكِنْ قَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Аларга Биздин азабыбыз жеткен кезде алар жалыныштыбы? Бирок, алардын жүрөктөрү карарып калган эле. А шайтан алардын кылгандарын кооздоп көрсөттү.

44 فَلَمَّا نَسُوا مَا ذُكِّرُوا بِهِ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَابَ كُلِّ شَيْءٍ حَتَّى إِذَا فَرِحُوا بِمَا أُوتُوا أَخَذْنَاهُمْ بَغْتَةً فَإِذَا هُمْ مُبْلِسُونَ

А алар качан өздөрүнө эскертилгенди унутушканда, Биз алардын алдындагы бардык эшиктерди ачып койдук. Алар өздөрүнө берилгендердин баардыгына кубанып жатышканда, Биз аларды капысынан азапка алдык. Мына эми алардын үмүттөрү үзүлдү.

a. Пайгамбар аркылуу. b. Бул дүйнөдөгү азгырык, байлык, мансап топтоо, көңүл ачуу, ойун-күлкү ж.б.у.с. нерселерди.

45 فَقُطِعَ دَابِرُ الْقَوْمِ الَّذِينَ ظَلَمُوا وَالْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Зулумдук кылышкан коомдун акыры да кесилди. Ааламдардын Эгеси Аллахка мактоолор!

a. Кыйратылды. Нух, Худ, Лут, Салих пайгамбарлардын коомдору, Фараон жана анын аскерлери ж.б.у.с. тыптыйпыл жок болду.

46 قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَخَذَ اللَّهُ سَمْعَكُمْ وَأَبْصَارَكُمْ وَخَتَمَ عَلَى قُلُوبِكُمْ مَنْ إِلَهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِهِ انْظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ ثُمَّ هُمْ يَصْدِفُونَ

Айткын: “Айткылачы, эгерде Аллах силерден угуу менен көрүүнү алып, жүрөгүңөргө мөөр басып салса, анда Аллахтанбашка силерге буларды кайсыл кудай кайтарып бере алат?” Карап көрчү: Биз айаттарыбызды кандай гана кылып байандасак да, алар жүз үйрүшөт.

47 قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ بَغْتَةً أَوْ جَهْرَةً هَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الظَّالِمُونَ

Айткын: “айтып көргүлөчү, эгер силерге Аллахтанкүтүүсүздөн же ачык эле азап келсе, анда адашкан заалымдар гана кыргын болот?”

48 وَمَا نُرْسِلُ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ فَمَنْ آمَنَ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Биз элчилерибизди сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү кылып жөнөткөнбүз. Ким ишенсе жана жакшылык иштерди кылса, аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.

a. Бейиш бар экенин. b. Тозок бар экенин.

49 وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا يَمَسُّهُمُ الْعَذَابُ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ

Бирок Биздин айаттарыбызды жалганга чыгаргандар, бузук иштерди жасаганына жараша азапка кабылышат.

50 قُلْ لَا أَقُولُ لَكُمْ عِنْدِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ لَكُمْ إِنِّي مَلَكٌ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَى إِلَيَّ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَى وَالْبَصِيرُ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ

Айткын: “Силерге Аллахтын казынасы менде деп айтпаймын. Кайыпты да билбейм, мен периштемин деп да айтпаймын. Мага кабар берилгендерге гана ээрчиймин!” “Сокур менен көзү соо барабарбы? Ойлонуп көрбөйсүңөрбү?” – деп айт.

a. Периште да эмесмин. b. Аллахтын буйрук-көрсөтмөлөрүнө гана ээрчиймин.

51 وَأَنْذِرْ بِهِ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْ يُحْشَرُوا إِلَى رَبِّهِمْ لَيْسَ لَهُمْ مِنْ دُونِهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Эгесинин алдында чогулуудан корккондорду Куран менен эскерткин. Аларга Аллахтан башка жакын да, колдоочу да жок. Мүмкүн алар такыбаа болушаар!

52 وَلَا تَطْرُدِ الَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ بِالْغَدَاةِ وَالْعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِمْ مِنْ شَيْءٍ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ الظَّالِمِينَ

Эртеден кечке чейин Эгесине жалынып, Анын жүзүнө-ырайымына умтулуп жаткандарды кууп салба! Сен алар үчүн эч кандай жооп бербейсиң, алар да сен үчүн жооп беришпейт. Эгер аларды кууп чыксаң, заалымдардан болосуң.

53 وَكَذَلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لِيَقُولُوا أَهَؤُلَاءِ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنْ بَيْنِنَا أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِالشَّاكِرِينَ

«Биздин арабыздан Аллах ушуларга жакшылык кылдыбы?» – деп айтуулары үчүн, алардын бири бирин Биз ушинтип сынайбыз. Аллах шүгүр кылуучуларды Билүүчүрөөк эмеспи?!

54 وَإِذَا جَاءَكَ الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِنَا فَقُلْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَى نَفْسِهِ الرَّحْمَةَ أَنَّهُ مَنْ عَمِلَ مِنْكُمْ سُوءًا بِجَهَالَةٍ ثُمَّ تَابَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Силерге Биздин айаттарыбызга ыйман келтиргендер келгенде: «Силерге тынчтык болсун» – деп айтат. Силердин Эгеңер Өзүнө Өзү Мээримдүүлүктү милдет кылды. Албетте силердин араңардан кимде-ким билбестиктен жамандык иш кылса, анан тообо кылып оңолсо, ага, Ал – Кечиримдүү, Мээрбан!

55 وَكَذَلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ الْمُجْرِمِينَ

Күнөөкөрлөрдүн жолу даана болуусу үчүн Өз айаттарыбызды ушинтип байандайбыз.

a. Алардын жаңылыштыгы эмнеде жана кандай экенин

56 قُلْ إِنِّي نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ قُلْ لَا أَتَّبِعُ أَهْوَاءَكُمْ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُهْتَدِينَ

Айткын: “Аллахтанбашкага сыйынып жатканыңарга, менин сыйынышым акыйкатта тыйуу салган, Мен силердин каалооңорго ээрчибеймин. Антпесе мен адашууда калып, түз жолдо бараткандар менен бирге болбой калмакмын.

a. Меккенин көп кудайчылары Мухаммед (а.с.)га келишип: «Биз сенин диниңе сыйыналы, сен да биздин кудайларыбызга сыйын», –деген өңдүү сөздөрдү айтып, үгүттөшкөн.

57 قُلْ إِنِّي عَلَى بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّي وَكَذَّبْتُمْ بِهِ مَا عِنْدِي مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِ إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ الْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ

Мен өзүмдүн Эгемдин ачык айаттарында болсом да, силер аны жалганга чыгардыңар. Силер шашылып жаткан нерсе менин колумда эмес. Акыйкатта өкүм Аллахда гана. Ал акыйкатка өкүм кылат. Ал өкүм кылуучулардын Эң жакшысы”, – деп айт.

58 قُلْ لَوْ أَنَّ عِنْدِي مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِ لَقُضِيَ الْأَمْرُ بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِالظَّالِمِينَ

Эгерде силер шашылып жаткан нерсе мени менен силердин ортоңордо болгондо иш эчак бүтмөк. Аллах адашкандарды жакшы билет.

59 وَعِنْدَهُ مَفَاتِحُ الْغَيْبِ لَا يَعْلَمُهَا إِلَّا هُوَ وَيَعْلَمُ مَا فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَمَا تَسْقُطُ مِنْ وَرَقَةٍ إِلَّا يَعْلَمُهَا وَلَا حَبَّةٍ فِي ظُلُمَاتِ الْأَرْضِ وَلَا رَطْبٍ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Кайыптын ачкычтары Анда гана. Ал кургакта жана деңиздерде эмне барын жакшы билет. Ага жалгыз жалбырактын түшүүсү да белгилүү. Жердин караңгылыгында жаткан бир үрөн дагы, жашылы да, кургагы да ачык Китепте бар.

a. Өнүп, же өсүп турганы, кургаганы да; тирүүсү да, өлгөнү да… b. Тагдыр жазылган китепте

60 وَهُوَ الَّذِي يَتَوَفَّاكُمْ بِاللَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُمْ بِالنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَى أَجَلٌ مُسَمًّى ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Ал силерди түнкүсүн өлтүрөт. Ал силердин күндүзү эмне кылганыңарды билет. Анан Ал белгиленген мөөнөт аягына чыгыш үчүн силерди тирилтет. Андан соң Ага кайтарыласыңар. Мындан соң Ал силердин эмне кылганыңарды өзүңөргө кабарлайт.

a. Уйку өлүмдүн бир түрү. Уйкуда адам эч нерсени сезбйет. Акыл-ой жүгүртүүсү такыр токтойт. b. Ойготот