бөлүм Анаам - الأنعام

61 وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّى إِذَا جَاءَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ

Ал Өз кулдарынын үстүнөн Бийлик жүргүзүүчү. Ал силердин үстүңөрдөн Өзүнүн сактоочуларын жөнөтөт. Качан силердин бириңерге өлүм жеткенде, биздин элчилерибиз анын жанын алышат. Кынтык кылышпайт.

a. жакшы-жаман иштерин жазып турган периштелер b. жан алгыч периштелер c. буйрукту кемчиликке учуратпай, так аткарышат.

62 ثُمَّ رُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ أَلَا لَهُ الْحُكْمُ وَهُوَ أَسْرَعُ الْحَاسِبِينَ

Андан соң алар өздөрүнүн чыныгы Эгеси Аллахка кайтарылышат. Өкүм Анын гана колунда. Ал эсеп жүргүзүүдө өтө тез.

a. Аллах Тааланын

63 قُلْ مَنْ يُنَجِّيكُمْ مِنْ ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ تَدْعُونَهُ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً لَئِنْ أَنْجَانَا مِنْ هَذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ

Айткын: “Кургактагы жана деңиздеги коркунучтардан ким сактайт? Коркунучтан бизди куткарса, анда биз шүгүр кылуучулардан болоор элек”, деп силер Ага ашкере да, жашыруун да жалынып жалбарасыңар!”

64 قُلِ اللَّهُ يُنَجِّيكُمْ مِنْهَا وَمِنْ كُلِّ كَرْبٍ ثُمَّ أَنْتُمْ تُشْرِكُونَ

“Аллах силерди мындан жана түрдүү кайгылардан куткарат. А силер Ага шерик кылып жатасыңар” – деп айт.

65 قُلْ هُوَ الْقَادِرُ عَلَى أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَابًا مِنْ فَوْقِكُمْ أَوْ مِنْ تَحْتِ أَرْجُلِكُمْ أَوْ يَلْبِسَكُمْ شِيَعًا وَيُذِيقَ بَعْضَكُمْ بَأْسَ بَعْضٍ انْظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ لَعَلَّهُمْ يَفْقَهُونَ

“Ал силерге үстүңөрдөн же астыңардан азап жөнөтүүгө, же силерди (түрдүү ниеттеги) бир топ кылып аралаштырып койгонго жана бириңерге бириңердин жазасын таттырып койгонго Кудуреттүү!” – дегин. Карачы! Алар түшүнүүлөрү үчүн айаттарыбызды кандай байандап жатабыз.

a. асмандан келе турган b. Жерден келе турган

66 وَكَذَّبَ بِهِ قَوْمُكَ وَهُوَ الْحَقُّ قُلْ لَسْتُ عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ

Бирок, сенин элиң бул акыйкат болсо да, аны жалганга чыгарууда. (Аларга:) “Мен силерге коргоочу эмесмин”, – деп айт.

a. Куран

67 لِكُلِّ نَبَإٍ مُسْتَقَرٌّ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

Ар бир кабар үчүн убакыт белгиленген. Жакында билесиңер.

a. Ошонун ичинде силерге дайардалган азап бар.

68 وَإِذَا رَأَيْتَ الَّذِينَ يَخُوضُونَ فِي آيَاتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّى يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ وَإِمَّا يُنْسِيَنَّكَ الشَّيْطَانُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ الذِّكْرَى مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Сен Биздин айаттарыбызды (шылдыңдап) сүйлөп жаткандарды көрөсүң. Анда алар башка сөзгө өтмөйүнчө алардан терс болуп кет. Бирок эгер шайтан сени унуттуруп койсо, анда ал эсиңерге түшөр замат ал адашкан коом менен олтурба!

69 وَمَا عَلَى الَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنْ حِسَابِهِمْ مِنْ شَيْءٍ وَلَكِنْ ذِكْرَى لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Аллахтан корккондордун мойнунда алардын эсеп-кысабынан эч нерсе жок. Бирок алар сактануулары үчүн тигилер эскертүүгө тийиш.

a. Куранды шылдыңдап, Кудайга шерик туткандар b. каапырлар c. шылдыңдоодон d. Момундар.

70 وَذَرِ الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَهُمْ لَعِبًا وَلَهْوًا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَذَكِّرْ بِهِ أَنْ تُبْسَلَ نَفْسٌ بِمَا كَسَبَتْ لَيْسَ لَهَا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيٌّ وَلَا شَفِيعٌ وَإِنْ تَعْدِلْ كُلَّ عَدْلٍ لَا يُؤْخَذْ مِنْهَا أُولَئِكَ الَّذِينَ أُبْسِلُوا بِمَا كَسَبُوا لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ

Өздөрүнүн динин ойун тамаша кылып алгандарды жана бул дүйнөгө азгырылгандарды ташта! Өз напси жасаган нерсеси аркылуу азапка дуушар болоорун, алардын эсине ар дайым сал! Аллахтанбашка анда дос да, колдоочу да жок. Эгер ал өзү үчүн барын берип, кутулууну көздөсө, анысы да алынбайт. Булар өздөрү жасаган иш аркылуу азапталууга камалгандар. Алар үчүн кайнаган суу жана оорутуучу азап бар. Бул алардын каапыр болгондуктары үчүн.

a. Жайына кой. b. Болгон байлыгын пара кылып берсе да.

71 قُلْ أَنَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُنَا وَلَا يَضُرُّنَا وَنُرَدُّ عَلَى أَعْقَابِنَا بَعْدَ إِذْ هَدَانَا اللَّهُ كَالَّذِي اسْتَهْوَتْهُ الشَّيَاطِينُ فِي الْأَرْضِ حَيْرَانَ لَهُ أَصْحَابٌ يَدْعُونَهُ إِلَى الْهُدَى ائْتِنَا قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى وَأُمِرْنَا لِنُسْلِمَ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ

Айткын: “Аллахтан башка бизге пайда да, зыян да жеткире албай турган нерсеге жалбарабызбы? Жер бетинде шайтандар азгырып, айран таң болуп жүргөндө жолдоштору “кел” деп Туура жолго чакырып жаткан киши сымал, Аллах бизди Туура жолго салгандан кийин кайра артыбызга кайтабызбы? Айткын: “Ырасында, Аллахтын жолу – Туура жол! Ааламдардын Эгесине мойун сунууга буйрулганбыз.

72 وَأَنْ أَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَاتَّقُوهُ وَهُوَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Намаз окугула жана андан корккула! Анткени, силер Ага чогулуп барасыңар.

73 وَهُوَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَيَوْمَ يَقُولُ كُنْ فَيَكُونُ قَوْلُهُ الْحَقُّ وَلَهُ الْمُلْكُ يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ

Ал Асман менен Жерди чындык менен жараткан. Ал качан (каалап): “Бол!” дегенде, ал болуп калат. Анын Сөзү - Акыйкат. Сурнай тартылган Күндө бардык бийлик Ага таандык. Ал жашыруундарды жана ачыктарды да Билүүчү. Ал Даанышман, Кабардар.

a. Кыйамат күндө.

74 وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ آزَرَ أَتَتَّخِذُ أَصْنَامًا آلِهَةً إِنِّي أَرَاكَ وَقَوْمَكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Ибрахим өзүнүн атасы Азарга мындай деди: “Чын эле сен буддарга кудай катары сыйынасыңбы? Аныгында мен сенин жана сенин элиңдин анык адашканын көрүп турам”.

a. Азар Сөлөкөттөргө (идол), жасалма, жалган кудайларга табынган бутпарас болгон. Ал ошондой эле Сөлөкөттөргө өз колу менен жасаган уста да болгон. Анын жасаган Сөлөкөттөргө будпарастар сыйынуу жайына койушкан.

75 وَكَذَلِكَ نُرِي إِبْرَاهِيمَ مَلَكُوتَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ الْمُوقِنِينَ

Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен Жердин падышалыктарын көргөздүк.

a. Аллах Таала Ибрахимге башкалар көрбөгөндү көргөздү

76 فَلَمَّا جَنَّ عَلَيْهِ اللَّيْلُ رَأَى كَوْكَبًا قَالَ هَذَا رَبِّي فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَا أُحِبُّ الْآفِلِينَ

Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым», – деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм», – деди.

77 فَلَمَّا رَأَى الْقَمَرَ بَازِغًا قَالَ هَذَا رَبِّي فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَئِنْ لَمْ يَهْدِنِي رَبِّي لَأَكُونَنَّ مِنَ الْقَوْمِ الضَّالِّينَ

Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде: “Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун”, – деп айтты.

78 فَلَمَّا رَأَى الشَّمْسَ بَازِغَةً قَالَ هَذَا رَبِّي هَذَا أَكْبَرُ فَلَمَّا أَفَلَتْ قَالَ يَا قَوْمِ إِنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تُشْرِكُونَ

Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: “Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң”, – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын”, – деп айтты.

79 إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

“Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин”, – деди.

80 وَحَاجَّهُ قَوْمُهُ قَالَ أَتُحَاجُّونِّي فِي اللَّهِ وَقَدْ هَدَانِ وَلَا أَخَافُ مَا تُشْرِكُونَ بِهِ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ رَبِّي شَيْئًا وَسِعَ رَبِّي كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ

Бирок анын коому ага каршы чыгып, жаңжалдашты. Ал: “Мени Туура Жолго салган Аллах тууралуу мени менен талашкыңар келип жатабы? Эгем каалаган нерседен Ага силер шерик кошуп жатканыңардан коркпоймун! деди. Менин Эгемдин илими баардык нерселерди камтып алган. Эми эстебейсиңерби?”

a. жалган кудайлардан