бөлүм Анаам - الأنعام

121 وَلَا تَأْكُلُوا مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُ لَفِسْقٌ وَإِنَّ الشَّيَاطِينَ لَيُوحُونَ إِلَى أَوْلِيَائِهِمْ لِيُجَادِلُوكُمْ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ

Аллахтын аты аталбагандарды жебегиле! Алар ыплас. Албетте шайтандар өз тарапкерлерин силер менен жаңжалдашууга азгырат. Эгер аларга баш ийсеңер, анда албетте мушриктерден болосуңар!

122 أَوَمَنْ كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَنْ مَثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِنْهَا كَذَلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Өлүк болгон кезинде, Биз аны тирилтип, адамдар арасында жүрө турган бир нур берилген киши, караңгылыкта жүргөн жана андан чыга албаган бирөөгө окшойбу?! Ошондой эле каапырларга да өздөрүнүн иштери кооз көрүнөт.

123 وَكَذَلِكَ جَعَلْنَا فِي كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَابِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا فِيهَا وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنْفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

Ушинтип, Биз ар бир айылда амалкөйлүк кылуулары үчүн бузгунчулардын башчыларын жараттык. Бирок, алар өздөрүн өздөрү алдашат да, өздөрү муну сезишпейт.

124 وَإِذَا جَاءَتْهُمْ آيَةٌ قَالُوا لَنْ نُؤْمِنَ حَتَّى نُؤْتَى مِثْلَ مَا أُوتِيَ رُسُلُ اللَّهِ اللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُ سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ

Аларга айаттарыбыз келгенде: «Аллахтын элчилерине берилгендер бизге да берилмейинче, эч качан ишенбейбиз», – дешет. Аллах Өз элчилигин кимге тапшырууну жакшы билет. Күнөө кылгандар Аллахтын алдында кор. Айлакерликтери үчүн Аллахтанкатуу азапка дуушар болушат.

125 فَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يَهْدِيَهُ يَشْرَحْ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ وَمَنْ يُرِدْ أَنْ يُضِلَّهُ يَجْعَلْ صَدْرَهُ ضَيِّقًا حَرَجًا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِي السَّمَاءِ كَذَلِكَ يَجْعَلُ اللَّهُ الرِّجْسَ عَلَى الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ

Аллах кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет. Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат. Аллах ишенгиси келбегендерди дал ушинтип жазалайт.

126 وَهَذَا صِرَاطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ

Бул жол сенин Эгеңдин туура жолу. Чынында, Биздин айаттарыбыздан насаат алууну каалаган коомго ачык байандадык.

127 لَهُمْ دَارُ السَّلَامِ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَهُوَ وَلِيُّهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Алар үчүн тынчтык журту – Эгесинин алдында. Алардын кылгандары үчүн, Ал алардын кам көрүүчүсү.

128 وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ قَدِ اسْتَكْثَرْتُمْ مِنَ الْإِنْسِ وَقَالَ أَوْلِيَاؤُهُمْ مِنَ الْإِنْسِ رَبَّنَا اسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍ وَبَلَغْنَا أَجَلَنَا الَّذِي أَجَّلْتَ لَنَا قَالَ النَّارُ مَثْوَاكُمْ خَالِدِينَ فِيهَا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Ал баарын жыйган Күнү (мындай дейт): “Эй жиндердин тобу! Силер өз айланаңарга көптөгөн элди топтодуңар.” А алардын адамдардан болгон достору: “Эгебиз! Биз бири бирибизди пайдаландык. Бирок, азыр бизге Өзүң белгилеп койгон мөөнөт жетип келди”, – дешет. (Ал айтат): “Силердин ордуңар тозок. Эгерде Аллах башканы каалабаса, силер анда түбөлүккө каласыңар”. Акыйкатта, сенин Эгең Даанышман, Билүүчү!

129 وَكَذَلِكَ نُوَلِّي بَعْضَ الظَّالِمِينَ بَعْضًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Ушинтип, Биз заалимдерди алардын кылган иштери үчүн бир бирине достоштурабыз.

130 يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي وَيُنْذِرُونَكُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَذَا قَالُوا شَهِدْنَا عَلَى أَنْفُسِنَا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَشَهِدُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا كَافِرِينَ

“Эй жиндердин жана адамдардын топтору! Чын эле силерге Менин айаттарым жана ушул Күн тууралуу айтып эскерткен силердин өзүңөрдүн араңардан элчилер келген жок беле?” Алар: “Биз өзүбүзгө өзүбүз каршы күбөлүк беребиз”, - дешет. Бул дүйнөнүн жашоосу аларды азгырып кеткен. Өздөрүнүн каапыр болгондуктары тууралуу өздөрүнө каршы күбөлүк беришет.

131 ذَلِكَ أَنْ لَمْ يَكُنْ رَبُّكَ مُهْلِكَ الْقُرَى بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا غَافِلُونَ

Эгең анын жашоочуларын эскертпей туруп, адилетсиз түрдө (бир да) калааны жок кылып салбайт.

a. Кыштактарды эли менен.

132 وَلِكُلٍّ دَرَجَاتٌ مِمَّا عَمِلُوا وَمَا رَبُّكَ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ

Ар бирин амалдарына жараша даражаларга коет. Эгең алардын кылып жаткан иштерин көңүл буруусуз калтырбайт.

133 وَرَبُّكَ الْغَنِيُّ ذُو الرَّحْمَةِ إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَسْتَخْلِفْ مِنْ بَعْدِكُمْ مَا يَشَاءُ كَمَا أَنْشَأَكُمْ مِنْ ذُرِّيَّةِ قَوْمٍ آخَرِينَ

Эгең - бай, мээримдүүлүк ээси. Эгер Ал кааласа силерди жок кылат да, силерди башка коомдун урпагынан жараткандай эле, силерден кийин каалаганын алмаштырат.

134 إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَآتٍ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ

Акыйкатта силерге убада кылынгандар сөзсүз келүүчү. Силер эч нерсе кыла албайсыңар.

a. Кыйамат Күнү, азам

135 قُلْ يَا قَوْمِ اعْمَلُوا عَلَى مَكَانَتِكُمْ إِنِّي عَامِلٌ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ

Айткын: “Эй менин элим! Каалаганыңарды кыла бергиле. Мен дагы кылам. Жакын арада силер жайдын акыбети ким үчүн экенин билесиңер. Заалимдер эч качан ийгиликке жета алышпайт”.

a. Акыретте ким туура, ким туура эмес b. каапырлар

136 وَجَعَلُوا لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ الْحَرْثِ وَالْأَنْعَامِ نَصِيبًا فَقَالُوا هَذَا لِلَّهِ بِزَعْمِهِمْ وَهَذَا لِشُرَكَائِنَا فَمَا كَانَ لِشُرَكَائِهِمْ فَلَا يَصِلُ إِلَى اللَّهِ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَى شُرَكَائِهِمْ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ

Алар Аллах үчүн Ал жараткан эгин-тегин жана малдарынан үлүш дайардашты жана мындай дешти: “Бул Аллах үчүн, а бул – биздин кудайлар үчүн,” – деп эсептешти. Бирок, алардын кудайлары үчүн арналгандары Аллахка жетпейт, а Аллах үчүн арналгандар алардын кудайларына жетет. Алардын кылган өкүмдөрү кандай жаман.

137 وَكَذَلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٍ مِنَ الْمُشْرِكِينَ قَتْلَ أَوْلَادِهِمْ شُرَكَاؤُهُمْ لِيُرْدُوهُمْ وَلِيَلْبِسُوا عَلَيْهِمْ دِينَهُمْ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا فَعَلُوهُ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ

Алардын (шайтан) жолдоштору көптөгөн шерик кошкондорду кыйроого алып баруу жана алардын динин чаташтыруу үчүн өз балдарын өлтүрүүнү кооз кылып көрсөттү. Эгер Аллах кааласа, алар мындай кылышпас эле. Аларды жана алардын ойлоп тапкан жалгандарын жөн койо тур!

138 وَقَالُوا هَذِهِ أَنْعَامٌ وَحَرْثٌ حِجْرٌ لَا يَطْعَمُهَا إِلَّا مَنْ نَشَاءُ بِزَعْمِهِمْ وَأَنْعَامٌ حُرِّمَتْ ظُهُورُهَا وَأَنْعَامٌ لَا يَذْكُرُونَ اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهَا افْتِرَاءً عَلَيْهِ سَيَجْزِيهِمْ بِمَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Алар өздөрүнчө: “Бул малдар жана талаа арам. Биз каалагандардан башка эч ким алардан тамактанбоосу керек. Жону арам кылынган да малдар бар”,-дешет. Аллахтын аты айтылбай турган да малдар бар. Мунусу Аллахка жабылган жалган жалаа. Жалаа жапканы үчүн жакында (Аллах) алардын жазасын берет.

a. Жүк артууга же минүүгө тыйуу салып алышкан. b. Мууздаган кезде Аллахтын атын атабай, буддардын аттарын аташат

139 وَقَالُوا مَا فِي بُطُونِ هَذِهِ الْأَنْعَامِ خَالِصَةٌ لِذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَى أَزْوَاجِنَا وَإِنْ يَكُنْ مَيْتَةً فَهُمْ فِيهِ شُرَكَاءُ سَيَجْزِيهِمْ وَصْفَهُمْ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Алар: “Бул малдын курсагындагылар эркектерибиз үчүн адал, айалдарыбыз үчүн арам, а эгерде өлүк туулса, анда бул баарыбыз үчүн” – дешти. Ал алардын бул жалган сөздөрү үчүн жазасын берет. Акыйкатта, Ал Даанышман жана Билүүчү!

a. мушриктер

140 قَدْ خَسِرَ الَّذِينَ قَتَلُوا أَوْلَادَهُمْ سَفَهًا بِغَيْرِ عِلْمٍ وَحَرَّمُوا مَا رَزَقَهُمُ اللَّهُ افْتِرَاءً عَلَى اللَّهِ قَدْ ضَلُّوا وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ

Түшүнбөстүктөн наадандык кылып, балдарын өлтүргөндөр зыйанга учурады. (Алар) Аллахка жалаа жабышып, Аллах ырыскы кылып аларга бергендерди арам дешти. Алар түз жолдон тайышты, Туура Жолдо болушпады.