бөлүм Мааида - المائدة

101 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَسْأَلُوا عَنْ أَشْيَاءَ إِنْ تُبْدَ لَكُمْ تَسُؤْكُمْ وَإِنْ تَسْأَلُوا عَنْهَا حِينَ يُنَزَّلُ الْقُرْآنُ تُبْدَ لَكُمْ عَفَا اللَّهُ عَنْهَا وَاللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٌ

Эй, момундар! Айкын болсо өзүңөргө кайгы алып келүүчү нерселер тууралуу сурабагыла. Куран түшүрүлгөндө аны сурасаңар, билдирилет. Аллах аны кечти. Аллах – Кечиримдүү, Жумшак!

a. “Пайгамбар айтып, түшүндүрүп берип жатпайбы” деген мааниде b. Маанисиз суроолорду пайгамбарга берүү аркылуу жасаган майда күнөөңөрдү

102 قَدْ سَأَلَهَا قَوْمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ ثُمَّ أَصْبَحُوا بِهَا كَافِرِينَ

Чындыгында, силерден мурда бир коом да ушинтип сурап, кийин ага каршы чыгуучулардан болушкан.

a. Арабдар жахилийа (исламга чейинки) доордо айрым малдарды койо берип жиберүүнү – Кудайга кызмат кылуу деп жаңылыш түшүнүшүп, чындыгында Сөлөкөттөргө сыйынышкан, наадандык кылышкан

103 مَا جَعَلَ اللَّهُ مِنْ بَحِيرَةٍ وَلَا سَائِبَةٍ وَلَا وَصِيلَةٍ وَلَا حَامٍ وَلَكِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَأَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

Аллах “бахира”, “сааьиба”, васила” жана “хам” – деп (буд-сөлөкттөргө курмандык) буйурган эмес. Бирок каапырлар Аллах жөнүндө калп айтып, жалаа жабышты. Алардын көбү түшүнүшпөйт (караңгылар).

a. Сөлөкөттөргө арнап, сүтүн ичүүнү өздөрү арам кылып алышкан каймал төө b. Сөлөкөттөргө арнап минүүнү адамдар өздөрү арам кылып койушкан нар төө c. Туут жылдарынын алгачкыларында эки ургачы тайлакты удаа тууган төөнү Сөлөкөттөрүнө арнап иштетүүнү арам кылышкан d. Сөлөкөттөргө арнап, иштетүүнү арам кылган атан төө

104 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ

Аларга: “Аллах түшүргөн нерсеге (Куранга) жана элчиге келгиле”, – дешсе, алар: “Бизге ата-баларыбызды тапкандагы нерсе жетиштүү”, – дешет. Алардын ата-балары эч нерсени билишчү да эмес, туура жолдо да эмес эле.

a. Ата-бабаларыбыз тутунган дин b. Аллахтын чыныгы дин туууралуу

105 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا عَلَيْكُمْ أَنْفُسَكُمْ لَا يَضُرُّكُمْ مَنْ ضَلَّ إِذَا اهْتَدَيْتُمْ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Эй, ыйман келтиргендер! Силер (Кыйаматта) өзүңөр үчүн жооп бересиңер. Силер туура жолдо жүрсөңөр адашкандар (каапырлар) силерге зыйан келтире алышпайт. Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге эмне кылганыңарды кабарлайт.

a. “Чакырсаңар, эскертсеңер да ыйман келтирбей койгон каапырлар үчүн силер жооп бербейсиңер”

106 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا شَهَادَةُ بَيْنِكُمْ إِذَا حَضَرَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ حِينَ الْوَصِيَّةِ اثْنَانِ ذَوَا عَدْلٍ مِنْكُمْ أَوْ آخَرَانِ مِنْ غَيْرِكُمْ إِنْ أَنْتُمْ ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ فَأَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةُ الْمَوْتِ تَحْبِسُونَهُمَا مِنْ بَعْدِ الصَّلَاةِ فَيُقْسِمَانِ بِاللَّهِ إِنِ ارْتَبْتُمْ لَا نَشْتَرِي بِهِ ثَمَنًا وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَى وَلَا نَكْتُمُ شَهَادَةَ اللَّهِ إِنَّا إِذًا لَمِنَ الْآثِمِينَ

Эй, момундар! Силердин ажалыңар жетип, же силер жер кезип жүргөн кезде өлүм кырсыгы келсе, осуйат айткан кезиңерде, ортоңордо өзүңөрдөн эки адилеттүү киши, же силерден башкалардан экөө (осуйатка) күбө болсун. Эгер бул күбөлөрдөн күмөн санасаңар, (күбө болуучу) экөөсүн намаздан кийин токтотуп, алардын: “Биздин жакын тууганыбыз болсо да аны акчага сатпайбыз, Аллахтын күбөлүгүн жашырбайбыз. Эгер жашырсак, анда күнөөкөр болобуз”, – деген Аллахтын ысмы менен анттарын алгыла!

a. Исламга чакыруу же Аллахка кызмат кылуу максатында эл аралап, жер кезип b. «Антыбызды»

107 فَإِنْ عُثِرَ عَلَى أَنَّهُمَا اسْتَحَقَّا إِثْمًا فَآخَرَانِ يَقُومَانِ مَقَامَهُمَا مِنَ الَّذِينَ اسْتَحَقَّ عَلَيْهِمُ الْأَوْلَيَانِ فَيُقْسِمَانِ بِاللَّهِ لَشَهَادَتُنَا أَحَقُّ مِنْ شَهَادَتِهِمَا وَمَا اعْتَدَيْنَا إِنَّا إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ

Эгер алар күнөө кылышса, анда жакын, акылдуу туугандарынан эки киши алардын ордуна туруп: “Аллахтын ысмы менен берген күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнөн аныгыраак. Биз чектен чыкпайбыз. Эгер андай кылсак заалымдардан болобуз”, – деп ант ичишет.

a. Күбөлөр

108 ذَلِكَ أَدْنَى أَنْ يَأْتُوا بِالشَّهَادَةِ عَلَى وَجْهِهَا أَوْ يَخَافُوا أَنْ تُرَدَّ أَيْمَانٌ بَعْدَ أَيْمَانِهِمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاسْمَعُوا وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ

Бул – алар чынчыл күбөлүк берүүлөрү үчүн, же алардын антынан кийин дагы башка анттын талап кылынбашы үчүн керек. Аллахтан корккула жана баш ийгиле. Аллах – бузуку коомду туура жолго баштабайт.

109 يَوْمَ يَجْمَعُ اللَّهُ الرُّسُلَ فَيَقُولُ مَاذَا أُجِبْتُمْ قَالُوا لَا عِلْمَ لَنَا إِنَّكَ أَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

Кыйамат Күнү Аллах элчилерди жыйнап: “Силерден чакырыкка кандай жооп болду?” – дегенде алар (пайгамбарлар): “Биздин эч бир кабарыбыз жок. Албетте, Сен Өзүң кайыпты Билүүчүсүң!” –дешет.

110 إِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ اذْكُرْ نِعْمَتِي عَلَيْكَ وَعَلَى وَالِدَتِكَ إِذْ أَيَّدْتُكَ بِرُوحِ الْقُدُسِ تُكَلِّمُ النَّاسَ فِي الْمَهْدِ وَكَهْلًا وَإِذْ عَلَّمْتُكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَالتَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ وَإِذْ تَخْلُقُ مِنَ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ بِإِذْنِي فَتَنْفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِي وَتُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ بِإِذْنِي وَإِذْ تُخْرِجُ الْمَوْتَى بِإِذْنِي وَإِذْ كَفَفْتُ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَنْكَ إِذْ جِئْتَهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ

Ошондо Аллах: “Эй, Марйам уулу Иса, сага жана энеңе берген жакшылыгымды эсте. Сени Жабраил аркылуу кубаттуу кылдым. Бешикте жана эрезеге жеткенде адамдарга сүйлөшттүм. Сага китепти, даанышмандыкты, Тоорат менен Инжилди үйрөттүм. Менин буйругум менен балчык ылайдан куштун келбетин жасап үйлөгөнүңдө, Менин буйругум менен кушка жан кирди жана Менин буйругум менен тубаса сокурду, ала-пес оорусун айыктырдың. Ошондой эле Менин буйругум менен өлүктү (тирилтип) чыгардың. Исраил урпактарына көптөгөн далилдер менен келгениңде алардын каршы чыккандары – “Бул – ачык сыйкырчылыктан башка эч нерсе эмес” – дешкенде, “(Мен) сени алардан куткарып калдым”, – деп айтат.

a. Кыйамат Күнү

111 وَإِذْ أَوْحَيْتُ إِلَى الْحَوَارِيِّينَ أَنْ آمِنُوا بِي وَبِرَسُولِي قَالُوا آمَنَّا وَاشْهَدْ بِأَنَّنَا مُسْلِمُونَ

Анда, хаварийлерге: “Мага жана элчилигиме ишенгиле!” – деп айтканыңда, алар: “Биз ишендик. Биздин мусулман болгонубузга күбө бол!” – дешти.

a. Исанын (а.с.) үммөттөрүнөн чыккан жардамчылар

112 إِذْ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ هَلْ يَسْتَطِيعُ رَبُّكَ أَنْ يُنَزِّلَ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ قَالَ اتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Хаварийлер: “Эй, Марйам уулу Иса! Эгең бизге асмандан бир дасторкон түшүрө алабы?” – дегенде ал: “Эгер ыйман келтирсеңер – Аллахтан корккула!”–деди.

113 قَالُوا نُرِيدُ أَنْ نَأْكُلَ مِنْهَا وَتَطْمَئِنَّ قُلُوبُنَا وَنَعْلَمَ أَنْ قَدْ صَدَقْتَنَا وَنَكُونَ عَلَيْهَا مِنَ الشَّاهِدِينَ

(Хаварийлер): “Биздин андан жегибиз келет. Жүрөктөрүбүз тынчтанып жана сенин бизге айтканың чындык экенин билип, анан ага күбө болуучулардан бололу!” – дешти.

114 قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنْزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيدًا لِأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِنْكَ وَارْزُقْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ

Марйам уулу Иса: “Оо Аллахм! Оо Эгем! Бизге асмандан дасторкон түшүр. Оболку жана кийинкилерибизге майрам жана Сенден бир белги болсун. Бизге ырыскы бер. Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысысың!” – деди.

115 قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ فَمَنْ يَكْفُرْ بَعْدُ مِنْكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَابًا لَا أُعَذِّبُهُ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ

Аллах: “Чындыгында Мен ал дасторконду силерге түшүрөмүн. Мына ошондон кийин кимде-ким каапыр болсо, Мен аны дүйнөдө эч кимди азаптабаган азап менен жазалаймын”, – деди.

116 وَإِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ أَأَنْتَ قُلْتَ لِلنَّاسِ اتَّخِذُونِي وَأُمِّيَ إِلَهَيْنِ مِنْ دُونِ اللَّهِ قَالَ سُبْحَانَكَ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أَقُولَ مَا لَيْسَ لِي بِحَقٍّ إِنْ كُنْتُ قُلْتُهُ فَقَدْ عَلِمْتَهُ تَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِي وَلَا أَعْلَمُ مَا فِي نَفْسِكَ إِنَّكَ أَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

Аллах: “Эй, Марйам уулу Иса, адамдарга “Аллахты койуп, мени жана энемди кудай кылып алгыла”, – дедиңби?” – деп, сураганда Иса: “Оо, Аллахм! Сен Аруусуң! Тийиштүү болбогон нерсени айтуу мага дурус эмес. Эгер айткан болсом, Сен аны билмексиң. Менин ичимдегини Сен билесиң, а мен болсо Сеникин билбеймин. Акыйкатта, Сен кайыптарды Билүүчүсүң!” – дейт.

117 مَا قُلْتُ لَهُمْ إِلَّا مَا أَمَرْتَنِي بِهِ أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ رَبِّي وَرَبَّكُمْ وَكُنْتُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا مَا دُمْتُ فِيهِمْ فَلَمَّا تَوَفَّيْتَنِي كُنْتَ أَنْتَ الرَّقِيبَ عَلَيْهِمْ وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

“Силердин жана менин Эгем болгон Аллахка кулчулук кылгыла” – деп мага буйурулган нерсени гана аларга айттым. Мен алардын арасында болгон кезимде, аларга көзөмөлчү болдум. Сен мени алып (чыгып) кеткениңде, аларга Өзүң Көзөмөлчү болуп калдың. Сен бардык нерсеге Күбө болуучусуң.

a. Хаварилерге жана ошол коомго

118 إِنْ تُعَذِّبْهُمْ فَإِنَّهُمْ عِبَادُكَ وَإِنْ تَغْفِرْ لَهُمْ فَإِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Эгерде Сен аларды азаптасаң, алар Сенин пенделериң. Ал эми аларды кечирсең, ырасында, Сен – Мартабалуу, Даанышмансың!

119 قَالَ اللَّهُ هَذَا يَوْمُ يَنْفَعُ الصَّادِقِينَ صِدْقُهُمْ لَهُمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Аллах: “Бул күн – чынчылдарга чынчылдыгы пайда бере турган Күн. Аларга алдынан дарыйалар агып туруучу бакчалар бар. Алар анда түбөлүктүү болушат. Аллах алардан ыраазы болуп, алар да Аллахтан ыраазы болушат. Бул – улуу ийгилик!” –деп айтат.

120 لِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا فِيهِنَّ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Асмандар менен жер жана экөөсүнүн ортосунда бийлик – Аллахка (гана) таандык. Ал – бардык нерсеге Кудуреттүү!