бөлүм Мааида - المائدة

21 يَا قَوْمِ ادْخُلُوا الْأَرْضَ الْمُقَدَّسَةَ الَّتِي كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَرْتَدُّوا عَلَى أَدْبَارِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ

Эй, элим, Аллах силерге буйруган касиеттүү жерге киргиле. Артыңарга кайтпагыла. Анткени зыйанга учурагандарга айланасыңар”, – деп айтты.

a. Куддус

22 قَالُوا يَا مُوسَى إِنَّ فِيهَا قَوْمًا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا حَتَّى يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنَّا دَاخِلُونَ

Алар: “Эй, Муса, ал жерде каардуу эл бар да. Алар ал жерден чыкмайынча биз ага кирбейбиз. Качан алар (ал шаардан) чыкса, ошондо биз киребиз”, – деп айтышты.

23 قَالَ رَجُلَانِ مِنَ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمَا ادْخُلُوا عَلَيْهِمُ الْبَابَ فَإِذَا دَخَلْتُمُوهُ فَإِنَّكُمْ غَالِبُونَ وَعَلَى اللَّهِ فَتَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Аллахтан корккон жана (Аллах) жакшылыкка бөлөгөн эки такыба адам аларга: “Эшиктен киргиле. Кирсеңер эле жеңишке жетесиңер! Эгер ыймандуу болсоңор, анда Аллахка гана тобокел кылгыла!” – дешти.

24 قَالُوا يَا مُوسَى إِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا أَبَدًا مَا دَامُوا فِيهَا فَاذْهَبْ أَنْتَ وَرَبُّكَ فَقَاتِلَا إِنَّا هَاهُنَا قَاعِدُونَ

Алар: “Эй, Муса, алар ал жерде кезинде эч качан кирбейбиз” Бар, сен Эгең экөөң согуша бергиле, биз болсо ушул жерде олтуруп турабыз!” – дешти.

a. Иудейлер (еврейлер) b. Аллах Таала экөөң

25 قَالَ رَبِّ إِنِّي لَا أَمْلِكُ إِلَّا نَفْسِي وَأَخِي فَافْرُقْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ

(Муса): “Оо, Эгем! Мен өзүмө жана агама гана өкүмүм өтөт. (Сен Өзүң) бул бузуку эл менен биздин арабызды алыстата көр!”– деп айтты.

a. Еврейлер менен

26 قَالَ فَإِنَّهَا مُحَرَّمَةٌ عَلَيْهِمْ أَرْبَعِينَ سَنَةً يَتِيهُونَ فِي الْأَرْضِ فَلَا تَأْسَ عَلَى الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ

(Аллах): “Чындыгында, эми алардын ал жерге кирүүсүн кырк жылга арам кылды. Алар жер жүзүндө тентип калышат. Андыктан сен (бул) бузуку элге кайгырба” (–деди Мусага).

a. Боор ооруп, аларды айап

27 وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ ابْنَيْ آدَمَ بِالْحَقِّ إِذْ قَرَّبَا قُرْبَانًا فَتُقُبِّلَ مِنْ أَحَدِهِمَا وَلَمْ يُتَقَبَّلْ مِنَ الْآخَرِ قَالَ لَأَقْتُلَنَّكَ قَالَ إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ اللَّهُ مِنَ الْمُتَّقِينَ

Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу акыйкат байанды айтып бер; Алардын биринин курмандыгы (Аллах тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл алынган жок. Ошондо ал: “Сөзсүз, мен сени өлтүрөм!” – деди. Ал: “Ырасында, Аллах такыбалардан гана кабыл кылат!” – деди!

a. Курмандыгы кабыл болбогон уулу b. Курмандыгы кабыл болгону c. Такыбалардын курмандыгын гана d. Адам Атанын Кабыл жана Абыл деген эки уулу болгон, Кабылы өзүнүн жаман көргөн нерсесин, Абыл болсо өзү эң жакшы көргөн нерсесин Аллах үчүн курмандыкка чалат. Ошентип Абылдын курмандыгы кабыл болуп, Кабыл ичкүптүлүк, ичитардык жана көралбастыктан улам өз бир тууганын өлтүрөт

28 لَئِنْ بَسَطْتَ إِلَيَّ يَدَكَ لِتَقْتُلَنِي مَا أَنَا بِبَاسِطٍ يَدِيَ إِلَيْكَ لِأَقْتُلَكَ إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ رَبَّ الْعَالَمِينَ

“Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүүгө кол көтөрбөймүн. Мен ааламдардын Эгеси Аллахтан коркомун.

29 إِنِّي أُرِيدُ أَنْ تَبُوءَ بِإِثْمِي وَإِثْمِكَ فَتَكُونَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ وَذَلِكَ جَزَاءُ الظَّالِمِينَ

Мен, менин жана өзүңдүн күнөөңдү мойнуңа жүктөлүшүн, сенин Тозок элинен болушуңду каалаймын. Заалымдардын жазасы – ошол”! (–деди).

30 فَطَوَّعَتْ لَهُ نَفْسُهُ قَتْلَ أَخِيهِ فَقَتَلَهُ فَأَصْبَحَ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Аны көңүлү агасын өлтүрүүгө азгырды да, аны өлтүрдү. Өзү зыйанга учуроочулардан болду.

31 فَبَعَثَ اللَّهُ غُرَابًا يَبْحَثُ فِي الْأَرْضِ لِيُرِيَهُ كَيْفَ يُوَارِي سَوْءَةَ أَخِيهِ قَالَ يَا وَيْلَتَا أَعَجَزْتُ أَنْ أَكُونَ مِثْلَ هَذَا الْغُرَابِ فَأُوَارِيَ سَوْءَةَ أَخِي فَأَصْبَحَ مِنَ النَّادِمِينَ

Ошондо Аллах ага бир тууганынын өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда: “Аттиң, мага эмне болду?! Тууганынын денесин көмгөн каргачалык болбодум”, – деп, өкүнүүчүлөрдөн болуп калды.

a. Бир тууганымдын денесин жерге жашыра албадым.

32 مِنْ أَجْلِ ذَلِكَ كَتَبْنَا عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنَّهُ مَنْ قَتَلَ نَفْسًا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعًا وَمَنْ أَحْيَاهَا فَكَأَنَّمَا أَحْيَا النَّاسَ جَمِيعًا وَلَقَدْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُنَا بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ بَعْدَ ذَلِكَ فِي الْأَرْضِ لَمُسْرِفُونَ

Ошол себептүү, Биз Исраил урпактарына (тийешелүү мыйзамга): “Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете”, – деп жаздык. Чындыгында, аларга Биздин элчилер ачык далилдер менен келишти. Бирок андан кийин деле алардын көпчүлүгү жер жүзүндө чектен чыгуучулардан болушту.

33 إِنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا أَنْ يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُمْ مِنْ خِلَافٍ أَوْ يُنْفَوْا مِنَ الْأَرْضِ ذَلِكَ لَهُمْ خِزْيٌ فِي الدُّنْيَا وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Чындыгында, Аллах жана Анын элчисине каршы согушкандардын, жер жүзүндө бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн жазасы – алар өлтүрүлөт, асылат, же колу-буттары кайчылаш кесилет, же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул – алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми Акыретте улуу азап (бар),

34 إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ قَبْلِ أَنْ تَقْدِرُوا عَلَيْهِمْ فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

бирок, силердин күчүңөр жетүүдөн мурда тообо кылгандарына (андай катаал жаза жок). Билгиле, Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

a. Бирөөгө зомбулук кылуудан мурда, тообо кылып, ал жаман оюйуңардан кайисаңар

35 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَابْتَغُوا إِلَيْهِ الْوَسِيلَةَ وَجَاهِدُوا فِي سَبِيلِهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан коркуп, Ага жакындоо жолдорун издегиле жана эки дүйнөдө кутулууңар үчүн Анын жолунда күрөшкүлө!

a. Мойун сунуу аркылуу

36 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لِيَفْتَدُوا بِهِ مِنْ عَذَابِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَا تُقُبِّلَ مِنْهُمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Каапырлар Жер жүзүндөгү бардык нерсесин жана аны менен кошо дагы да ошончо байлыгын Кыйамат күнүнүн азабынан (кутулуу үчүн) төлөм катары беришсе да, (төлөм) алардан кабыл кылынбайт. Аларга жан чыдагыс азап (бар).

37 يُرِيدُونَ أَنْ يَخْرُجُوا مِنَ النَّارِ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنْهَا وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ

Алар Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок чыгарылбайт. Алар үчүн – бүтпөс азап (бар).

38 وَالسَّارِقُ وَالسَّارِقَةُ فَاقْطَعُوا أَيْدِيَهُمَا جَزَاءً بِمَا كَسَبَا نَكَالًا مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Эркек ууру жана айал уурунун кылмыштарынын жазасы – алардын колун кескиле. Бул – Аллахтын жазасы! Аллах – Мартабалуу, Даанышман.

39 فَمَنْ تَابَ مِنْ بَعْدِ ظُلْمِهِ وَأَصْلَحَ فَإِنَّ اللَّهَ يَتُوبُ عَلَيْهِ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Кимде-ким зулум кылган соң, тообо кылып, жакшылык иштерди жасаса, Аллах аларды кечирет. Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!

40 أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ يُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Асмандардын жана жердин ээлиги Аллахка таандык экендигин билбедиңби? Ал каалаганын азаптап, каалаганын кечирет. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү!