бөлүм Мааида - المائدة

81 وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

Эгер алар Аллахка, Анын пайгамбарына жана ага түшүрүлгөнгө ыйман келтиришкен болсо, алар (каапырларды) дос тутушмак эмес. Бирок алардын көпчүлүгү бузукулар.

a. Куранга

82 لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا وَلَتَجِدَنَّ أَقْرَبَهُمْ مَوَدَّةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَى ذَلِكَ بِأَنَّ مِنْهُمْ قِسِّيسِينَ وَرُهْبَانًا وَأَنَّهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

Момундарга адамдардан эң катуу душман – иудейлер жана мушриктер экенин табасың. Момундарга баарынан жакыныраак дос болгон: “Биз христианбыз”, – дегендерди да табасың. Анткени алардын арасында билимдүүлөрү жана кечилдери бар, алар текеберленишпейт.

a. Кудайга шерик кошушкандар b. Исанын динин өзгөртпөгөн чыныгы христиандар c. Ислам динин терең түшүнгөн d. Чыныгы христиандар

83 وَإِذَا سَمِعُوا مَا أُنْزِلَ إِلَى الرَّسُولِ تَرَى أَعْيُنَهُمْ تَفِيضُ مِنَ الدَّمْعِ مِمَّا عَرَفُوا مِنَ الْحَقِّ يَقُولُونَ رَبَّنَا آمَنَّا فَاكْتُبْنَا مَعَ الشَّاهِدِينَ

Алар элчиге түшүрүлгөндү (Куранды) уккан кезде чындыкты мойунга алгандарынан улам, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. Алар: “Оо, Эгебиз! Ыйман келтирдик! Бизди күбө болуучулар менен чогуу жаза көр”,– дешет.

84 وَمَا لَنَا لَا نُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَمَا جَاءَنَا مِنَ الْحَقِّ وَنَطْمَعُ أَنْ يُدْخِلَنَا رَبُّنَا مَعَ الْقَوْمِ الصَّالِحِينَ

Аллахка жана өзүбүзгө келген Чындыкка (Куранга) эмне үчүн ишенбейбиз? Эгебизден жакшы (такыба) элдер менен бирге кылуусун үмүт кылабыз”, – деп айтышат.

85 فَأَثَابَهُمُ اللَّهُ بِمَا قَالُوا جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَذَلِكَ جَزَاءُ الْمُحْسِنِينَ

Аллах аларга айткан сөздөрү себептүү алдынан дарыйалар аккан, түбөлүккө (аларга) кала турган бакчаларды белек кылат. Бул – жакшылык кылуучулардын сыйлыгы.

a. Бейишти

86 وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ

Айаттарыбызды жалганга чыгарып, каапыр болгондор – алар Тозок ээлери.

87 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحَرِّمُوا طَيِّبَاتِ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ

Эй, момундар! Аллахтын силерге адал кылган жакшы нерселерин арамга чыгарып, чектен ашпагыла! Акыйкатта, Аллах чектен ашуучуларды сүйбөйт.

88 وَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي أَنْتُمْ بِهِ مُؤْمِنُونَ

Аллахтын силерге берген адал, таза ырыскысынан жегиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула.

89 لَا يُؤَاخِذُكُمُ اللَّهُ بِاللَّغْوِ فِي أَيْمَانِكُمْ وَلَكِنْ يُؤَاخِذُكُمْ بِمَا عَقَّدْتُمُ الْأَيْمَانَ فَكَفَّارَتُهُ إِطْعَامُ عَشَرَةِ مَسَاكِينَ مِنْ أَوْسَطِ مَا تُطْعِمُونَ أَهْلِيكُمْ أَوْ كِسْوَتُهُمْ أَوْ تَحْرِيرُ رَقَبَةٍ فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ ذَلِكَ كَفَّارَةُ أَيْمَانِكُمْ إِذَا حَلَفْتُمْ وَاحْفَظُوا أَيْمَانَكُمْ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Аллах деле жөн жай эле айтылган анттарыңар үчүн жазалабайт. Бирок, билип туруп айткан антыңар үчүн (Кыйаматта) жооп бересиңер. (Эгер антыңарды бузсаңар) анын төлөмү – үй бүлөңөрдү тамактандыра турган орточо эсептеги тамак менен он кедейди тойгузуу жана аларды кийиндирүү, же бир кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер муну аткара албаса үч күн орозо тутуу (керек). (Бузган) антыңардын жазасы – мына ушундай. Антыңарды сактагыла! Аллах силерге айаттарын ушинтип байан кылат. Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.

a. чын дилиңерден чыкпаган b. Эгер берген антыңарды бузсаңар, аткарбасаңар, баш тартсаңар c. Жөнү жок эле Аллахтын антка кошо берүү дурус эмес экенин Аллах “Ваакиа” сүрөсүндө эскерткен. Ал эми бул жерде ант ойунчук эмес экенин, ант ичкенде да ойлонуп, анан бузууга туура келсе, анда эмне кылуу өкүмүн байандап жатат.

90 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар.

a. Сөлөкөттөр

91 إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ

Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Аллахты эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Андай болсо тыйылбайсыңарбы?!

92 وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَاحْذَرُوا فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّمَا عَلَى رَسُولِنَا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

Аллахка, Анын элчисине мойун сунуп, сак болгула. Эгер жүз үйүрсөңөр, анда, билгиле, – элчибиздин милдети – ачык түрдө жеткирүү гана.

a. Курандын маани-маңызын, Тозок, Бейиш кабарын

93 لَيْسَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جُنَاحٌ فِيمَا طَعِمُوا إِذَا مَا اتَّقَوْا وَآمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ثُمَّ اتَّقَوْا وَآمَنُوا ثُمَّ اتَّقَوْا وَأَحْسَنُوا وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар, (күнөөдөн) сак болуп, андан соң чынчыл жана такыба болушса, мурунку жегендери күнөө эмес. Аллах – чынчылдарды жакшы көрөт.

a. Мурда билбей жегендери b. Чынчылдык менен жакшылык кылуучу мусулмандарды

94 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَيَبْلُوَنَّكُمُ اللَّهُ بِشَيْءٍ مِنَ الصَّيْدِ تَنَالُهُ أَيْدِيكُمْ وَرِمَاحُكُمْ لِيَعْلَمَ اللَّهُ مَنْ يَخَافُهُ بِالْغَيْبِ فَمَنِ اعْتَدَى بَعْدَ ذَلِكَ فَلَهُ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Эй, ыйман келтиргендер! Аллах Өзүнөн кимдин купуйа коркоорун аныктоо үчүн силер ихрамда колуңар жана найзаңар жетип турган (жакындыктан) аңчылык аркылуу силерди сынайт. Ким бул (шартты бузуп) чектен чыкса, ага оорутуучу азап бар.

a. Ихрам кийип жүргөн кезиңерде b. Аңчылыкка мүмкүндүк түзүү аркылуу

95 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقْتُلُوا الصَّيْدَ وَأَنْتُمْ حُرُمٌ وَمَنْ قَتَلَهُ مِنْكُمْ مُتَعَمِّدًا فَجَزَاءٌ مِثْلُ مَا قَتَلَ مِنَ النَّعَمِ يَحْكُمُ بِهِ ذَوَا عَدْلٍ مِنْكُمْ هَدْيًا بَالِغَ الْكَعْبَةِ أَوْ كَفَّارَةٌ طَعَامُ مَسَاكِينَ أَوْ عَدْلُ ذَلِكَ صِيَامًا لِيَذُوقَ وَبَالَ أَمْرِهِ عَفَا اللَّهُ عَمَّا سَلَفَ وَمَنْ عَادَ فَيَنْتَقِمُ اللَّهُ مِنْهُ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ

Эй, момундар! Силер ихрамда аңчылык жаныбарларын өлтүрбөгүлө. Кимде-ким атайлап өлтүрсө, анын жазасы – өлтүргөнүндөй бир жаныбар (курмандык). Аны силерден эки адилеттүү киши өкүм кылып, Каабага жеткирилет. Же кедейлерди тойгузат, же болбосо анын ордуна орозо тутат. Бул – өзү жасаган жазасын тартуу үчүн. Аллах – өткөндү кечирди. Ким (тообо кылгандан кийин да) кайра кайталаса, Аллах аны жазалайт. Аллах – Мартабалуу, өч алууга Кудуреттүү!

a. Өлтүрүлгөн жаныбардын баасындагы бир үй жандыгын курбандыкка чалат b. Аңчылык жаныбарын уруксатсыз өлтүрүп, бирок анан чын дилинен тообо кылган адамдын өткөн күнөөсүн

96 أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ الْبَحْرِ وَطَعَامُهُ مَتَاعًا لَكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ الْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًا وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Силерге деңиз аңчылыгы жана аны жеш адал кылынды. Ал силерге жана жолоочуларга пайдалуу. Силерге ихрамда болгон мезгилиңерде кургактыктын аңчылыгы арам кылынды. Өз алдына (сөзсүз) чогултуучу Аллахтан корккула!

a. Деңиз жаныбарларын

97 جَعَلَ اللَّهُ الْكَعْبَةَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ قِيَامًا لِلنَّاسِ وَالشَّهْرَ الْحَرَامَ وَالْهَدْيَ وَالْقَلَائِدَ ذَلِكَ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Аллах ыйык үй – Каабаны адамдар үчүн тайаныч, ошондой эле, ыйык айды, курбандыкты жана асылмаларды да (тайаныч кылды). Муну – Аллах, албетте, асмандардагы жана жердеги нерселерди билээрин жана Ал – бардык нерсени Билүүчү экенин силер билишиңер үчүн (жасады).

a. Бул жерде “тайаныч” “тирек” деген маанини туйунткан сөз, сөздүн түз маансине караганда каймана маанисине көбүрөөк жакын: 1) Аллахка гана ибадат кылуунун туу чокусу болгон ажылык ошол жерде жасалып, күнөөлөр кечирилип, адам баласы руханий тайанычка, тирекке ээ болот; 2) Каабада жасалган 3 күндүк ибадат – мусулмандар үчүн Кыйаматтын оор сурагынын жеңил болушуна себеп болуп, бир күнү 50 миң жылга тете кыйын сурактан кутулуунун тайанычы. b. Аллах жолунда курбандыкка чалынуучу жандыктардын мойнуна белги кылып, илип койгон кооздуктары c. Буларды жетелегендер да тынчтыкта болушат d. Аллах дүйнөдө болуп жаткан, мурда, кийин да болуучу нерселерди эң мыкты билип турган улуу касиетке эгедер экенин

98 اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ وَأَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Билгиле, акыйкатта, Аллах – катуу Азаптоочу жана да, Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү!

99 مَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا تَكْتُمُونَ

Элчиге жеткирүү гана (милдеттендирилген). Аллах купуйа иштериңерди да, жарыйа иштериңерди да билип турат.

a. Бейиш жана Тозок кабарын адамзатка

100 قُلْ لَا يَسْتَوِي الْخَبِيثُ وَالطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ الْخَبِيثِ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Арам нерсенин көптүгү сени кызыктырса да, ыплас менен таза тең эмес. Андыктан: “Эй акыл ээлери! Такыба болгула! Мүмкүн кутулаарсыңар!” – деп айт.

a. Жакшылык менен жамандыктын акыретте ээлөөчү даражалары b. Эй, Мухаммед!