бөлүм Мааида - المائدة

1 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَوْفُوا بِالْعُقُودِ أُحِلَّتْ لَكُمْ بَهِيمَةُ الْأَنْعَامِ إِلَّا مَا يُتْلَى عَلَيْكُمْ غَيْرَ مُحِلِّي الصَّيْدِ وَأَنْتُمْ حُرُمٌ إِنَّ اللَّهَ يَحْكُمُ مَا يُرِيدُ

Эй, момундар! Убадаларыңарды аткаргыла. Силерге ихрамда аңчылыкты адал санабоо шарты менен түшүндүрүлө турган айбанаттардан башкалары адал кылынды. Чындыгында, Аллах каалаганын өкүм кылат.

a. Ажылык парзын аткарып жаткан кезде кийилүүчү атайын кийим b. Кийинки айаттарда c. Каалаган мыйзамын

2 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحِلُّوا شَعَائِرَ اللَّهِ وَلَا الشَّهْرَ الْحَرَامَ وَلَا الْهَدْيَ وَلَا الْقَلَائِدَ وَلَا آمِّينَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِنْ رَبِّهِمْ وَرِضْوَانًا وَإِذَا حَلَلْتُمْ فَاصْطَادُوا وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ أَنْ صَدُّوكُمْ عَنِ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ أَنْ تَعْتَدُوا وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَى وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Эй, момундар! Аллахтын белгилерине, ыйык айга, курбандыктарга жана мойундарына тагылган белгилерине, Эгесин ыраазылыгын жана жакшылыгын үмүт кылып, ыйык үйгө келүүчү ажыларга сыйлабастык кылбагыла. Качан гана ихрамдан чыксаңар, аңчылык кылгыла. Силерди Харам Мечитинен тоскон элдин жек көрүүсү силерди чектен ашууга түртпөсүн, жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Аллахтан корккула, чындыгында, Аллах – катуу азаптоочу!

a. Зулхижжа айы (өзгөчө, анын 8,9,10,11,12-күндөрү) b. Кааба c. Барууга тоскоол кылган d. мусулмандарды

3 حُرِّمَتْ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةُ وَالدَّمُ وَلَحْمُ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ وَالْمُنْخَنِقَةُ وَالْمَوْقُوذَةُ وَالْمُتَرَدِّيَةُ وَالنَّطِيحَةُ وَمَا أَكَلَ السَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيْتُمْ وَمَا ذُبِحَ عَلَى النُّصُبِ وَأَنْ تَسْتَقْسِمُوا بِالْأَزْلَامِ ذَلِكُمْ فِسْقٌ الْيَوْمَ يَئِسَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ دِينِكُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِ الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا فَمَنِ اضْطُرَّ فِي مَخْمَصَةٍ غَيْرَ مُتَجَانِفٍ لِإِثْمٍ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Силерге өлүк, кан, чочконун эти жана Аллахтан башкага аталып, мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн жана жырткыч (айбандар) жеген мал арам кылынды. Бирок жаны чыга элек учурда (Аллахтын аты аталып) мууздалган малдардан башкалары. Кадалган ташка (буд-сөлөкөткө) арнап мууздалган мал жана төлгө менен бөлүнгөн мал да арам. Ушулар – бузукулук. Бүгүн каапырлар диниңден үмүт үзүштү. Андыктан, алардан коркпогула, Менден корккула. Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм. Кимде-ким күнөөгө умтулуудан эмес, ачкалыктан (жешке) аргасыз болсо (күнөө эмес). Чындыгында, Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

a. Аллахтын аты аталып мууздалбастан, арам өлүп калган малдын эти b. Адал, же арам өлгөнүнө карабастан бардык малдардын аккан каны c. Бийик жардан, жерден d. мүйүздүү мал сүзүп e. Жырткыч айбандар жегенинен калган эттер f. Будпарастыктын салт-жөрөлгөсү менен мууздалган g. Силерди өз диниңерден тосуп, тоскоол болуудан натыйжа чыкпасына көздөрү жетишги h. Аллах арам кылган малдардын этин эптеп аман калуу, убактылуу жан сактоо үчүн, керектүү өлчөмдө жесе

4 يَسْأَلُونَكَ مَاذَا أُحِلَّ لَهُمْ قُلْ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ وَمَا عَلَّمْتُمْ مِنَ الْجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ اللَّهُ فَكُلُوا مِمَّا أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهِ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

Алар сенден өздөрүнө эмне адал кылынганын сурашат. «Силерге жакшы (таза) нерселер адал кылынды» – деп айткын. Ошондой эле, Аллахтын силерге үйрөткөнүндөй: силер (үйдө) багып үйрөткөн (бүркүт сыйактуу алгыр) куштарды (жиберерде) Аллахтын атын атагыла. Ал кармап келген нерселерден жегиле. Аллахтан корккула. Албетте, Аллах тез эсеп кылуучу.

a. Мусулмандар b. Эй, Мухаммед! c. Ислам шарийатында адал кылынган тамактар (алар адам ден соолугуна да зыйансыз) d. Жаныбарлардын этин e. Жазасын, же сыйлыгын тез берүүчү

5 الْيَوْمَ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ وَطَعَامُ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حِلٌّ لَكُمْ وَطَعَامُكُمْ حِلٌّ لَهُمْ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الْمُؤْمِنَاتِ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ إِذَا آتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَافِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِي أَخْدَانٍ وَمَنْ يَكْفُرْ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ

Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силер үчүн адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал. Өзүн арамдан таза туткан момун айалдар жана китеп ээлеринин өздөрүн ыпластыктан сактаган айалдары менен калың берип, бузуку-ыпластык кылбастан үйлөнүү силерге адал. Ким ыйманга каршы чыкса, анын сооптору жойулат жана ал Акыретте зыйан тартуучулардан болот.

a. Иудей жана христиандардын b. Дандан, жер-жемиштерден, сүттөн жасалган тамактары, кыскасы эт азыктарынан башкалары c. ойноштук

6 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ وَإِنْ كُنْتُمْ جُنُبًا فَاطَّهَّرُوا وَإِنْ كُنْتُمْ مَرْضَى أَوْ عَلَى سَفَرٍ أَوْ جَاءَ أَحَدٌ مِنْكُمْ مِنَ الْغَائِطِ أَوْ لَامَسْتُمُ النِّسَاءَ فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا فَامْسَحُوا بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ مِنْهُ مَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيَجْعَلَ عَلَيْكُمْ مِنْ حَرَجٍ وَلَكِنْ يُرِيدُ لِيُطَهِّرَكُمْ وَلِيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Эй, момундар! Намазга турган кезде, жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула! Башыңарды (колду суулап) сылагыла! Бутуңарды томуктарына чейин (томуктарды кошуп) жуугула! Эгерде булганыч болуп калсаңар, толук тазалангыла! Эгерде оору, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же айалына жакындап, бирок суу таба албасаңар таза топурак менен тайамум кылгыла: Аны менен бети-колуңарды сыйпагыла! Анткени, Аллах силерге кыйынчылыкты каалабайт. Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт!

a. Масх тарткыла b. Толук дааратсыздык абалы: Түшүркөп айалы менен кошулуу, же айалдын төрөт, этек кир сыйактуу абалдары (“жунуп” – б.а. “булганыч” абалдар деп эсептелет). c. Бой даарат (гусул даарат) алгыла d. Тайамум же б.а. топурак менен даарат алуунун жолу башка китептерде кеңири айтылган

7 وَاذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَمِيثَاقَهُ الَّذِي وَاثَقَكُمْ بِهِ إِذْ قُلْتُمْ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жана: «Уктук, мойун сундук!» – деп, Аллахка берген убадаңарды унутпагыла. Чындыгында, Аллахтан корккула! Аллах дилдердегини сөзсүз Билүүчү!

8 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ لِلَّهِ شُهَدَاءَ بِالْقِسْطِ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ عَلَى أَلَّا تَعْدِلُوا اعْدِلُوا هُوَ أَقْرَبُ لِلتَّقْوَى وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

Эй, момундар! Аллах (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула! Ошол – такыбалыкка жакыныраак. Аллахтан корккула. Албетте, Аллах – эмне иш кылып жатканыңардан Кабардар!

a. Кандайдыр бир нерсе же адамдын иши тууралуу күбөлүк берген кезиңерде жалган айтпай, Аллахтан коркуп, чындыкты гана айткыла!

9 وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ عَظِيمٌ

Аллах ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга кечирим жана улуу сыйлык убада кылды.

10 وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ

(Аллахтын буйруктарына) каршы чыгып, айаттарыбызды жалганга чыгаргандар – алар, Тозок ээлери!

11 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ هَمَّ قَوْمٌ أَنْ يَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ فَكَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنْكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

Эй, момундар! Силерге жамандык кылууну самаган бир элдин сунган суук колун кайтарган кездеги Аллахтын силерге көрсөткөн жакшылыктарын эстегиле. Ошондуктан, Аллахтан корккула, момундар Аллахка тобокел кылышсын.

a. Аллахка гана тайануу

12 وَلَقَدْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ اثْنَيْ عَشَرَ نَقِيبًا وَقَالَ اللَّهُ إِنِّي مَعَكُمْ لَئِنْ أَقَمْتُمُ الصَّلَاةَ وَآتَيْتُمُ الزَّكَاةَ وَآمَنْتُمْ بِرُسُلِي وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ فَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ مِنْكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ

Ырасында, Аллах Исраил урпактарынын убадасын алган: аларга он эки башчы жиберип, Аллах: «Мен силер менен биргемин, эгер намаз окусаңар, зекет берсеңер, элчилериме ыйман келтирип, аларга жардам берсеңер жана Аллахка көркөм карыз берсеңер, албетте, силердин жамандыктарыңарды жойуп, алдынан дарыйалар агып туруучу бакчаларга киргиземин. Мындан ары силерден бирөө (айаттарыма) каршы чыкса, ал –туура жолдон адашкан болот» – деди.

a. Аллах жолунда мал-мүлкүңөрдү сарптасаңар b. Оргиналда: “Жолдун ортосунан тайган болот”.

13 فَبِمَا نَقْضِهِمْ مِيثَاقَهُمْ لَعَنَّاهُمْ وَجَعَلْنَا قُلُوبَهُمْ قَاسِيَةً يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ عَنْ مَوَاضِعِهِ وَنَسُوا حَظًّا مِمَّا ذُكِّرُوا بِهِ وَلَا تَزَالُ تَطَّلِعُ عَلَى خَائِنَةٍ مِنْهُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاصْفَحْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

Ошондо алар (Аллахка берген) убада-шерттерин бузушкандыктан аларды каргышка калтырып, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Тоораттагы Аллахтын) Сөздөрүнүн ордун алмаштырып, аларга жиберилген насыйатты унутушту. Сен алардын өтө азынан башкасынын кыйанаттыгына (мындан ары да) такай учурап турасың. Бирок сен аларга кечирим берип, жайына кой. Аллах – жакшылык кылгандарды сүйөт!

a. Таш кылып салдык b. Башка, өздөрүнүн пенделик сөздөрү менен c. Эй, Мухаммед! d. Кийин сенин үммөттөрүң да учурашат. Бирок, билип койушсун: Аллахты жеңүү эч качан мүмкүн эмес!!! e. Согушта колго түшүп, ыйман келтирип, же кечирим сурашып, чөгөлөгөн учурларда

14 وَمِنَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّا نَصَارَى أَخَذْنَا مِيثَاقَهُمْ فَنَسُوا حَظًّا مِمَّا ذُكِّرُوا بِهِ فَأَغْرَيْنَا بَيْنَهُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَسَوْفَ يُنَبِّئُهُمُ اللَّهُ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ

(Биз) “христианбыз” дегендерден да ант алганбыз. Анткен менен алар да (Инжилде) айтылган эскертүүлөрдүн бир бөлүгүн унутушту. Ошондуктан алардын ортолоруна Кыйаматка чейин (созулуучу) душмандыкты, кекти салып койдук. Аллах алар эмне жасап жаткандарынан жакында кабар берет!

a. жазалайт

15 يَا أَهْلَ الْكِتَابِ قَدْ جَاءَكُمْ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمْ كَثِيرًا مِمَّا كُنْتُمْ تُخْفُونَ مِنَ الْكِتَابِ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ قَدْ جَاءَكُمْ مِنَ اللَّهِ نُورٌ وَكِتَابٌ مُبِينٌ

Эй, китеп ээлери! Силер китептердеги жашырган нерселериңерди ачык түшүндүрө турган пайгамбар келди, ал көп нерселер тууралуу унчуккан жок. Силерге Аллахтан ачык нур, айкын Китеп келди.

a. Забур, Тоорат, Инжилдеги b. Силер элге айтпай, жашырган c. Атайылап, Аллахтын эрки менен d. Куран

16 يَهْدِي بِهِ اللَّهُ مَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَهُ سُبُلَ السَّلَامِ وَيُخْرِجُهُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِهِ وَيَهْدِيهِمْ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Ким Аллахтын ыраазычылыгына умтулса, ошону тынчтык жолуна багыттайт. Ал Өз каалоосу менен аларды караңгылыктан жарыкка алып чыгат жана түз жолго салат.

17 لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ قُلْ فَمَنْ يَمْلِكُ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا إِنْ أَرَادَ أَنْ يُهْلِكَ الْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

“Марйам уулу Масих Иса бул – Кудай”, – деп айткандар – каапырлар. Эгер Аллах Марйам уулу Масихти, анын энесин жана бүткүл жер бетиндегилерди кошуп жок кылса, ким Аллахка тоскоол боло алат?! Асмандардагылар менен жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллахка гана таандык. Ал каалаганын жаратат. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.

a. Куранда Иса пайгамбар “Масих” деп да аталат. “Масих” – “сылоочу” дегенди билдирет. Анткени Иса (а.с.) адамдарды сылоо менен айыктырган.

18 وَقَالَتِ الْيَهُودُ وَالنَّصَارَى نَحْنُ أَبْنَاءُ اللَّهِ وَأَحِبَّاؤُهُ قُلْ فَلِمَ يُعَذِّبُكُمْ بِذُنُوبِكُمْ بَلْ أَنْتُمْ بَشَرٌ مِمَّنْ خَلَقَ يَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ

Иудейлер менен христиандар: “Биз – Аллахтын уулдары жана сүйүктүүлөрүбүз”,– дешет. Аларга: “Анда, Аллах күнөөңөрдөн улам силерди эмне үчүн азаптап жатат?! Жок! Силер Ал жараткан башка элдердей эле адамсыңар. Ал кимди кааласа жазалап, кимди кааласа кечирет. Асмандардагылар менен жердегилердин жана экөөсүнүн ортосундагылардын үстүнөн бийлик жүргүзүү – Аллахка гана таандык. Кайтуу – Ага гана!” (таандык) - дегин.

19 يَا أَهْلَ الْكِتَابِ قَدْ جَاءَكُمْ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمْ عَلَى فَتْرَةٍ مِنَ الرُّسُلِ أَنْ تَقُولُوا مَا جَاءَنَا مِنْ بَشِيرٍ وَلَا نَذِيرٍ فَقَدْ جَاءَكُمْ بَشِيرٌ وَنَذِيرٌ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Эй, китеп ээлери! “Бизге кубантуучу жана эскертүүчү келбеди”, - дебешиңер үчүн элчилердин арасы үзгүлгөндөн кийин силерге элчибиз келген. Чындыгында, силерге кубантуучу жана эскертүүчү келди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү!

a. Исадан (а.с.) кийин Мухаммед (а.с.) чейин 600 жылга жакын убакыт өткөн, ушул узак убакыт ичинде христианчылык мурдагы түрүнөн абдан өзгөрүп кеткен болчу b. Мухаммед (а.с.) тууралуу айтылууда

20 وَإِذْ قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَعَلَ فِيكُمْ أَنْبِيَاءَ وَجَعَلَكُمْ مُلُوكًا وَآتَاكُمْ مَا لَمْ يُؤْتِ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ

Бир кездерде Муса өз элине: “Эй, элим! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын унутпагыла! Өз араңардан пайгамбарларды чыгарып, силерди падыша кылды. Ошондой эле силерге ааламда эч кимге берилбеген жакшылыкты берди.