бөлүм Мааида - المائدة

41 يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ لَا يَحْزُنْكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ مِنَ الَّذِينَ قَالُوا آمَنَّا بِأَفْوَاهِهِمْ وَلَمْ تُؤْمِنْ قُلُوبُهُمْ وَمِنَ الَّذِينَ هَادُوا سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ سَمَّاعُونَ لِقَوْمٍ آخَرِينَ لَمْ يَأْتُوكَ يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ مِنْ بَعْدِ مَوَاضِعِهِ يَقُولُونَ إِنْ أُوتِيتُمْ هَذَا فَخُذُوهُ وَإِنْ لَمْ تُؤْتَوْهُ فَاحْذَرُوا وَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ فِتْنَتَهُ فَلَنْ تَمْلِكَ لَهُ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا أُولَئِكَ الَّذِينَ لَمْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يُطَهِّرَ قُلُوبَهُمْ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Эй, Аллахтын элчиси! Каапырчылыкка шашылгандар жана тил учунан: “Ыйман келтирдик” ,– деп жүрөктөрү ишенбегендер сени кайгыга салбасын. Иудейлердин арасында жалганды (абдан берилип) уккандары бар. Алар эч качан сага келбеген адамдардын сөзүн (ишенип) угушат. Алар Сөздүн ордун алмаштырышып: “Эгер силерге ушул нерсе берилсе аны алгыла, ал эми берилбесе сак болгула”, – дешет. Аллах кимдин адашуусун кааласа, аны Аллахтан эч ким коргоп кала албайт. Алар – жүрөктөрүн Аллах тазалоону каалабаган адамдар. Аларга дүйнөдө шерменделик, Акыретте улуу азап (бар).

a. Мухаммед (а.с.) b. Иудейлердин c. Иудейлер Курандын өздөрүнүн напсисине дал келген жерлерин алып, адам колу менен өзгөртүүлөргө дуушар болгон Тооратка же өз напсилерине дал келбесе, аны пайдаланбоону Мухаммед алейхи саламга сунуш кылышкан

42 سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ أَكَّالُونَ لِلسُّحْتِ فَإِنْ جَاءُوكَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ أَوْ أَعْرِضْ عَنْهُمْ وَإِنْ تُعْرِضْ عَنْهُمْ فَلَنْ يَضُرُّوكَ شَيْئًا وَإِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ

Алар – жалганга кулак салып, арам нерсеге соргок болгондор. Эгер алар сага (даттанып) келишсе, ортолорундагы маселе бойунча (шарийатка ылайык) өкүм чыгар, же алардан жүз үйүр. Сен алардан бет бурсаң деле алар сага эч бир зыйан кыла алышпайт. Эгер алардын ортосунда өкүм чыгарсаң, адилеттүүлүк менен өкүм чыгар. Акыйкатта, Аллах – адилеттүүлөрдү сүйөт.

a. Алардын ортосуна жаралган талаштуу маселе бойунча

43 وَكَيْفَ يُحَكِّمُونَكَ وَعِنْدَهُمُ التَّوْرَاةُ فِيهَا حُكْمُ اللَّهِ ثُمَّ يَتَوَلَّوْنَ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ وَمَا أُولَئِكَ بِالْمُؤْمِنِينَ

Алардын алдында Аллахтын өкүмү Тоорат турса, кантип алар сага баш ийгиси келсин? Бирок баш ийсе деле кийин алар баарынан баш тартышат жана чындыгында эле алар – ыймандуулардан эмес.

44 إِنَّا أَنْزَلْنَا التَّوْرَاةَ فِيهَا هُدًى وَنُورٌ يَحْكُمُ بِهَا النَّبِيُّونَ الَّذِينَ أَسْلَمُوا لِلَّذِينَ هَادُوا وَالرَّبَّانِيُّونَ وَالْأَحْبَارُ بِمَا اسْتُحْفِظُوا مِنْ كِتَابِ اللَّهِ وَكَانُوا عَلَيْهِ شُهَدَاءَ فَلَا تَخْشَوُا النَّاسَ وَاخْشَوْنِ وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلًا وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

Чындыгында, Биз Тооратты түшүрдүк. Анда нур жана туура жол бар. Аллахка мойун сунган пайгамбарлар аны менен өкүм кылат, жана Аллахтын Китебин коргоого милдеттендирилген “Ал-роббанийлер” жана “ал-ахбаарлар”, ушуну менен өкүм кылат. Алар ага күбөгө өтүшөт. Адамдардан коркпогула, Менден корккула жана Менин айаттарымды арзыбас баага сатпагыла. Кимде-ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – каапырлар.

a. Иудей дининин поптору b. Иудей дининин шарийатын мыкты билгендер

45 وَكَتَبْنَا عَلَيْهِمْ فِيهَا أَنَّ النَّفْسَ بِالنَّفْسِ وَالْعَيْنَ بِالْعَيْنِ وَالْأَنْفَ بِالْأَنْفِ وَالْأُذُنَ بِالْأُذُنِ وَالسِّنَّ بِالسِّنِّ وَالْجُرُوحَ قِصَاصٌ فَمَنْ تَصَدَّقَ بِهِ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَهُ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

Анда аларга: жанга – жан, көзгө – көз, мурунга – мурун, кулакка – кулак, тишке – тиш жана жараатка да тең келген өч алуу жаздык. Кимд-ким анын кунун кечсе, ал күнөөдөн тазартылат. Ошондуктан, кимде-ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор – заалымдар.

a. Тооратта b. Жандын, же жаракаттын кунун

46 وَقَفَّيْنَا عَلَى آثَارِهِمْ بِعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ وَآتَيْنَاهُ الْإِنْجِيلَ فِيهِ هُدًى وَنُورٌ وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ التَّوْرَاةِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ

Пайгамбарлардын жолу менен (жүрүп), өзүнүн алдындагы Тооратты тастыктоочу кылып Марйам уулу Исаны жибердик. Ага ишинде тууралык, нур болгон алдындагы Торатты тастыктоочу, ошондой эле сактануучулар үчүн туура жол, насыйат түрүндө Инжилди бердик.

47 وَلْيَحْكُمْ أَهْلُ الْإِنْجِيلِ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فِيهِ وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

Инжил ээлери андагы Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылышсын. Кимде-ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса – ошолор бузукулар.

48 وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِنًا عَلَيْهِ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنَ الْحَقِّ لِكُلٍّ جَعَلْنَا مِنْكُمْ شِرْعَةً وَمِنْهَاجًا وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَكِنْ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Биз сага Китепти Чындык менен андан мурдагы китептерди тастыктоочу, аларга күбө болуучу катарында түшүрдүк. Алардын ортолорунда Аллахтын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Өзүңө келген Чындыктан ажырап, алардын тилине кирбе. Силердин ар бириңер үчүн бир жол-жобо (жазып) койдук. Эгер Аллах кааласа баарыңарды бирдей коом кылып коймок. Бирок жиберилген жол-жоболор аркылуу силерди сынамакчы. Жакшылык иштерде жарышкыла. Бараар жериңер – Аллахтын алды. Ал силердин талашкан нерсеңерден кабар берет.

a. Куран менен b. Шариат, эреже c. Маселен, ким мусулман болуп өмүр кечирет, ким каапырлыкты тандап алат – ал ар кимдин өз иши

49 وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ

Алардын ортолорунда Аллахтын сага түшүргөнү менен өкүм кыл. Алардын каалоолорун ээрчибе. Сага Аллах түшүргөн кээ бир өкүмдөрдү алардын бузуусунан сак бол. Алар жүз үйүрүшсө, аларды Аллах күнөөлөрү себептүү кайгыга учуратууну каалайт деп билгин. Чындыгында, адамдардын көпчүлүгү бузукулар.

a. Алардын көңүлү каалаган нерселерди

50 أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Алар наадандык доорунун өкүмдөрүн издешеби? Анык ыйманга келген эл үчүн Аллахтан жакшы өкүм чыгаруучу ким?!

51 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

Эй, момундар! Иудейлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-бири менен дос. Силерден ким алар менен достошсо, анда ал – алардан. Аллах заалым (адилетсиз) коомду туура жолго баштабайт.

a. Анда ал Кыйаматта ошолор менен чогуу азапталат

52 فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ

Жүрөктөрүндө дарты бар мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн): “Бизге бир балээ келишинен коркобуз”, – деп алардын арасында чуркап жүргөндөрүн көрөсүң. Аллах (мусулмандарга) бир жеңиш берген, же Өзү тараптан бир буйрук келген кезде алар жүрөктөрүндө жашыргандарына өкүнүшөт.

a. Дилинде Исламга болгон кеги, кара ниети, арам ойу болгон Абдулла инбу Убай сыйактуулар... b. Мусулмандардын арасында жүргөнү менен, же тигилер (иудейлер жана христиандар), же булар (мусулмандар) менен болуу зарылдыгына акылдары жетпей, арсар абалда жүрүшөт. Анткени мунафыктардын ыйманы алсыз…

53 وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ

Ыйман келтиргендер: “Силер менен биргебиз” – деп Аллахтын аты менен мыкты ант бергендер ушулар эмес беле? – деп айтышат. Алардын амалдары жойулуп, зыйанга учуроочулардан болушту.

a. Момундар ошондо мунафыктардын бети ачылган абалдарына таң калышат...

54 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ ذَلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Эй, момундар! Силерден кимде-ким дининен чыкса (алардын ордуна) Аллах жакшы көргөн, алар да Аллахты жакшы көргөн коомду жаратат. Алар момундарга жумшак, каапырларга катуу (болушат). Аллах жолунда согушуп, жемелөөчүлөрдүн жемесине калуудан коркушпайт. Бул – Аллахтын жакшылыгы. Аны Өзү каалаганына берет. Аллах – Кең Пейил, Билүүчү!

a. Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин, бутпарастардын

55 إِنَّمَا وَلِيُّكُمُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ رَاكِعُونَ

Чындыгында, силердин досуңар – Аллах жана Анын элчиси, намазды толук аткарып, зекет берген, рүкү кылуучу момундар.

a. Кошумча (напил) намаз окуучу момундар

56 وَمَنْ يَتَوَلَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا فَإِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمُ الْغَالِبُونَ

Кимде-ким Аллахты, Анын элчисин жана момундарды дос тутса – чындыгында, Аллахтын тобу – ошолор жеңишке жетүүчүлөр.

57 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَكُمْ هُزُوًا وَلَعِبًا مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَالْكُفَّارَ أَوْلِيَاءَ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурда китеп берилгендерден силердин диниңерди шылдыңдап, ойун кылгандарды жана каапырларды дос тутпагыла. Эгер момун болсоңор – Аллахтан корккула.

58 وَإِذَا نَادَيْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ اتَّخَذُوهَا هُزُوًا وَلَعِبًا ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ

(Аларды) намазга чакырсаңар аны ойун көрүп, келекелешет. Бул – алардын акыл калчабаган эл экендигинен улам.

a. Каапырларды… b. Азан айтсаңар

59 قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ هَلْ تَنْقِمُونَ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلُ وَأَنَّ أَكْثَرَكُمْ فَاسِقُونَ

“Эй, китеп ээлери! Бизди Аллахка жана өзүбүзгө, ошондой эле бизден мурдагыларга түшүрүлгөнгө ыйман келтиргенибиз үчүн жек көрүп жатасыңарбы? Чындыгында, силердин көпчүлүгүңөр – бузукулар!”,–дегин.

60 قُلْ هَلْ أُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَلِكَ مَثُوبَةً عِنْدَ اللَّهِ مَنْ لَعَنَهُ اللَّهُ وَغَضِبَ عَلَيْهِ وَجَعَلَ مِنْهُمُ الْقِرَدَةَ وَالْخَنَازِيرَ وَعَبَدَ الطَّاغُوتَ أُولَئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ

“Силерге Аллахтын алдында мындан да оор жаза бар экендиги тууралуу кабар берейинби?” – деп айткын. Аллахтын каргышына жана каарына калгандардын айрымдарын (Аллах) маймылга, чочкого айландырган жана алар Таагутка сыйынгандар. Мына ошолордун жайы жаман жана туура жолдон адашкандар!

a. Таагутка – Шайтан, иудейлер сыйынган торпок, буддар ж.б.у.с. Аллахтан башка нерселерге сыйынуу...