бөлүм Муминуун - المؤمنون

101 فَإِذَا نُفِخَ فِي الصُّورِ فَلَا أَنْسَابَ بَيْنَهُمْ يَوْمَئِذٍ وَلَا يَتَسَاءَلُونَ

Качан сурнай үнү жаңырган күнү, алардын ортосунда тууганчылыктар унутулат жана бир-биринен сурай алышпайт.

a. Сыймыктана алышпайт.

102 فَمَنْ ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Кимдин таразасы оор болсо, алар ийгиликке жетүүчүлөр.

a. Сооп амалдары къп болсо.

103 وَمَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ فِي جَهَنَّمَ خَالِدُونَ

Кимдин таразасы жеңил болсо, алар өздөрүнө өздөрү зыйан кылгандар. Алар тозокто түбөлүккө калышат.

a. Сооп амалдарды аз болсо.

104 تَلْفَحُ وُجُوهَهُمُ النَّارُ وَهُمْ فِيهَا كَالِحُونَ

От алардын беттерин күйгүзөт жана анда эриндери түрүлүп (кейпи кетет).

105 أَلَمْ تَكُنْ آيَاتِي تُتْلَى عَلَيْكُمْ فَكُنْتُمْ بِهَا تُكَذِّبُونَ

“Менин айаттарым окулганда силер аны жалганга чыгарбадыңар беле?” (делинет).

106 قَالُوا رَبَّنَا غَلَبَتْ عَلَيْنَا شِقْوَتُنَا وَكُنَّا قَوْمًا ضَالِّينَ

Алар айтышат: “Эгебиз! Биздин бактысыздыгыбыз үстөмдүк кылып, адашкан эл болдук.

107 رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْهَا فَإِنْ عُدْنَا فَإِنَّا ظَالِمُونَ

Эгебиз! Бизди бул жерден чыгар. Эгер биз кайрадан күнөө кылсак, анда биз заалымдардан болобуз”.

108 قَالَ اخْسَئُوا فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ

Ал: Ошол жакта алыс болгула! Мага сүйлөбөгүлө!

a. Тозокто.

109 إِنَّهُ كَانَ فَرِيقٌ مِنْ عِبَادِي يَقُولُونَ رَبَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ

Менин пенделеримдин бир бөлүгү: “Эгебиз! Биз ишенебиз, биздин күнөөлөрдү кечир! Бизди мээримиңе бөлө. Сен мээримге бөлөөчүлөрдүн эң мыктысысың”, – дегендер эле.

110 فَاتَّخَذْتُمُوهُمْ سِخْرِيًّا حَتَّى أَنْسَوْكُمْ ذِكْرِي وَكُنْتُمْ مِنْهُمْ تَضْحَكُونَ

Силер аларды шылдыңга алдыңар. А түгүл аныңар Мени эстөөнү такыр унуттурду.

a. Шылдыё.

111 إِنِّي جَزَيْتُهُمُ الْيَوْمَ بِمَا صَبَرُوا أَنَّهُمْ هُمُ الْفَائِزُونَ

Бүгүн Мен аларды сабыр кылганы үчүн сыйладым, алар ийгиликке жеткендерден болушту.

112 قَالَ كَمْ لَبِثْتُمْ فِي الْأَرْضِ عَدَدَ سِنِينَ

Алла: “Силер жерде канча убакыт болдуңар?” – деп сурайт.

a. Алла пенделеринен сурайт. Пенделер бул д\йнъдъ ж\р\п, б\тк\л ъм\р\ ушунчалык тез ъткън\н билбей калышат.

113 قَالُوا لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ فَاسْأَلِ الْعَادِّينَ

Алар: “Биз бир күн, же жарым күндөй эле болдук. Бирок, эсептеп жүргөндөрдөн сурагыла”, – дешет.

114 قَالَ إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا لَوْ أَنَّكُمْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Ал айтат: “Эгер билсеңер, силер аз эле убакыт болдуңар,

115 أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ

Биз силерди жөн эле (ойноп) жаратып, силер Бизге кайра кайтпайбыз”, – деп ойлодуңарбы?

116 فَتَعَالَى اللَّهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ

Алла бардык нерселерден жогору турган Акыйкат, Өкүмдар. Андан башка кудай жок. Ал Улуу Арштын Эгеси!

117 وَمَنْ يَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ لَا بُرْهَانَ لَهُ بِهِ فَإِنَّمَا حِسَابُهُ عِنْدَ رَبِّهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْكَافِرُونَ

Ким эч кандай далили жок кудайларга Алла менен бирге табынса, анын эсеп-кысабы Эгесинин алдында. Каапырлар ийгиликке жете алышпайт.

118 وَقُلْ رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ

“Эгем! Мени кечир жана ырайымыңа бөлө! Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың”, – дегин.