бөлүм Муминуун - المؤمنون

81 بَلْ قَالُوا مِثْلَ مَا قَالَ الْأَوَّلُونَ

Балким, алар мурунку элдер айтканды эле айтышат.

a. Меккенин мушриктери – сълъкъттъргъ сыйынгандар.

82 قَالُوا أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ

Алар айтышат: “Биз өлүп, топурак жана сөөк болгонубузда, чын эле кайта тирилебизби?

83 لَقَدْ وُعِدْنَا نَحْنُ وَآبَاؤُنَا هَذَا مِنْ قَبْلُ إِنْ هَذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ

Бизге жана биздин ата-бабаларыбызга бул небак убада кылынган. Бул байыркылардын гана жомогу”.

84 قُلْ لِمَنِ الْأَرْضُ وَمَنْ فِيهَا إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

“Эгер силер билсеңер, Жер менен анын үстүндөгүлөр кимге таандык?” – дегин.

85 سَيَقُولُونَ لِلَّهِ قُلْ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Алар: “Аллага”, – дешет. “Анда эмнеге эстебейсиңер?” – дегин.

86 قُلْ مَنْ رَبُّ السَّمَاوَاتِ السَّبْعِ وَرَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ

“Жети асмандын жана Улуу Арштын Эгеси ким?” – деп сура.

87 سَيَقُولُونَ لِلَّهِ قُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Алар: “Алла”, – дешет. “Анда да коркпойсуңарбы?” – дегин.

88 قُلْ مَنْ بِيَدِهِ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيْهِ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

“Эгер силер билсеңер, бардык нерселердин үстүнөн бийлик кимде? Ал өзү коргоочу болуп, ага эч ким коргоочу боло албаган ким?” – дегин.

89 سَيَقُولُونَ لِلَّهِ قُلْ فَأَنَّى تُسْحَرُونَ

Алар: “Алла”, – дешет. “Анда эмнеге алдандыңар?” – дегин.

90 بَلْ أَتَيْنَاهُمْ بِالْحَقِّ وَإِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

Ооба, Биз аларга чындыкты алып келдик. А алар болсо жалганга чыгарышууда.

91 مَا اتَّخَذَ اللَّهُ مِنْ وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَهٍ إِذًا لَذَهَبَ كُلُّ إِلَهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ

Алла Өзүнө уул алган эмес. Аны менен бирге (башка) кудай болгон эмес. Эгер андай болбосо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетээр эле жана бир-биринин үстүнөн чоңдук кылат эле. Алла алар сыпаттап жаткан нерселерден аруу, таза.

a. Баласы жок.

92 عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ

(Ал) кайыпты да, ачыкты да билип турат. Ал алар шерик кошуп жаткан шериктерден бийик.

93 قُلْ رَبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ

“Эгем! Эгер зарыл болсо, Сен аларга убада кылынгандарды мага көргөзсөң,” – дегин.

94 رَبِّ فَلَا تَجْعَلْنِي فِي الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Оо Эгем! Мени заалым коомдун арасында калтыра көрбө!

95 وَإِنَّا عَلَى أَنْ نُرِيَكَ مَا نَعِدُهُمْ لَقَادِرُونَ

Акыйкатта, Биз сага, аларга убада кылынгандарды көргөзүүгө кудуреттүүбүз.

96 ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ السَّيِّئَةَ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَصِفُونَ

Жамандыкты жакшылык менен артка кайтар. Биз, алардын эмне менен сыпаттап жатышканын жакшы билебиз.

97 وَقُلْ رَبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ

“Эгем! Шайтандардын азгырыктарынан коргоону биз Сенден издейбиз”, – дегин.

98 وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَنْ يَحْضُرُونِ

Алардын мени ороп калуусунан, Эгем өзүң менен сактанам.

99 حَتَّى إِذَا جَاءَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ رَبِّ ارْجِعُونِ

Алардын бирине өлүм келген кезде, ал: “Оо, Эгем! Мени артка кайтара көр!” – деп айтат.

100 لَعَلِّي أَعْمَلُ صَالِحًا فِيمَا تَرَكْتُ كَلَّا إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَائِلُهَا وَمِنْ وَرَائِهِمْ بَرْزَخٌ إِلَى يَوْمِ يُبْعَثُونَ

“Мүмкүн, мен калтырган дүйнөдө жакшылыктарды иштермин”. Жок! Бул өзү айтып келген эле сөз. Алардын артында алар тирилчү күнгө чейин тосмо бар.