бөлүм Муминуун - المؤمنون

1 قَدْ أَفْلَحَ الْمُؤْمِنُونَ

Чындыгында, момундар – ийгиликке жетишти.

2 الَّذِينَ هُمْ فِي صَلَاتِهِمْ خَاشِعُونَ

Алар намаздарында коркуу менен (окушат).

a. Алладан.

3 وَالَّذِينَ هُمْ عَنِ اللَّغْوِ مُعْرِضُونَ

Маанисиз иштерден (сөздөрдөн) жүз үйрүшөт,

4 وَالَّذِينَ هُمْ لِلزَّكَاةِ فَاعِلُونَ

алар зекетин да беришет,

5 وَالَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَافِظُونَ

уйаттуу жерлерин сакташат,

a. К\нъъл\\ ишке жумшабайт.

6 إِلَّا عَلَى أَزْوَاجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ

жубайлары менен күңдөрүнөн башкалардан; булар үчүн алар жемеге алынбайт;

a. Бул к\нъъ эмес.

7 فَمَنِ ابْتَغَى وَرَاءَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْعَادُونَ

ким мындан артыкты издесе, алар чектен чыккандар;

8 وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ

Алар аманатын сакташат жана убадаларын аткарышат;

9 وَالَّذِينَ هُمْ عَلَى صَلَوَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ

намаздарын дайыма окушат.

a. Намаздар ъз убагында жана кунт койуп, чын ниеттен окулуусун билдирет.

10 أُولَئِكَ هُمُ الْوَارِثُونَ

Ошолор мураскорлор болушат.

11 الَّذِينَ يَرِثُونَ الْفِرْدَوْسَ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Алар Бейишке мураскор болушат да, анда түбөлүккө калышат.

12 وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ سُلَالَةٍ مِنْ طِينٍ

Биз инсанды тандалма чоподон жараттык.

13 ثُمَّ جَعَلْنَاهُ نُطْفَةً فِي قَرَارٍ مَكِينٍ

Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык.

14 ثُمَّ خَلَقْنَا النُّطْفَةَ عَلَقَةً فَخَلَقْنَا الْعَلَقَةَ مُضْغَةً فَخَلَقْنَا الْمُضْغَةَ عِظَامًا فَكَسَوْنَا الْعِظَامَ لَحْمًا ثُمَّ أَنْشَأْنَاهُ خَلْقًا آخَرَ فَتَبَارَكَ اللَّهُ أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ

Андан соң тамчыдан уйуган кан жараттык, уйуган кандан бир үзүм (бир чайнам) этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыктысы Алла улук болду!

15 ثُمَّ إِنَّكُمْ بَعْدَ ذَلِكَ لَمَيِّتُونَ

Андан соң силердин өлөөрүңөр анык.

16 ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تُبْعَثُونَ

Андан соң Кыйамат күнүндө тирилтилесиңер.

17 وَلَقَدْ خَلَقْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعَ طَرَائِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ الْخَلْقِ غَافِلِينَ

Силердин үстүңөргө жети асманды жараттык. Жаратууда Биз бейкапар болбодук.

18 وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً بِقَدَرٍ فَأَسْكَنَّاهُ فِي الْأَرْضِ وَإِنَّا عَلَى ذَهَابٍ بِهِ لَقَادِرُونَ

Биз асмандан өлчөм менен жаан жаадырып, аны жерге жайгаштырабыз. Биз аны токтотуп да койо алабыз.

19 فَأَنْشَأْنَا لَكُمْ بِهِ جَنَّاتٍ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ لَكُمْ فِيهَا فَوَاكِهُ كَثِيرَةٌ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ

Биз аны менен силердин курма, жүзүм багыңарды өстүрөбүз, буларда силер үчүн көптөгөн жемиштер бар, андан жейсиңер.

20 وَشَجَرَةً تَخْرُجُ مِنْ طُورِ سَيْنَاءَ تَنْبُتُ بِالدُّهْنِ وَصِبْغٍ لِلْآكِلِينَ

Тур тоосуна дарак өстүрдүк. Андан жегендер үчүн май жана татымал өсөт.

a. Инжир. b. Зайтун майы ар т\рд\\ татымалдарга, тамактарга кошулуу \ч\н, сыйпоочу майларды дайардоо \ч\н колдонулат.