61 أُولَئِكَ يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَهُمْ لَهَا سَابِقُونَ
алар жакшылыктарга умтулууда башкалардан озуп кетүүнү каалашат.
61 أُولَئِكَ يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَهُمْ لَهَا سَابِقُونَ
алар жакшылыктарга умтулууда башкалардан озуп кетүүнү каалашат.
62 وَلَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا وَلَدَيْنَا كِتَابٌ يَنْطِقُ بِالْحَقِّ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Биз инсанга анын алы жеткенди гана жүктөйбүз, Бизде акыйкатты гана сүйлөгөн Китеп бар жана аларга адилетсиздик кылынбайт.
a. Жакшы-жаман, сооп-к\нъъ иштери жазылган амал китеби.
63 بَلْ قُلُوبُهُمْ فِي غَمْرَةٍ مِنْ هَذَا وَلَهُمْ أَعْمَالٌ مِنْ دُونِ ذَلِكَ هُمْ لَهَا عَامِلُونَ
Бул тууралуу алардын жүрөктөрү караңгылыкта. Алардын мындан башка да жасап жаткан (күнөөлүү) иштери бар.
a. Куран. b. Сабатсыздыкта.
64 حَتَّى إِذَا أَخَذْنَا مُتْرَفِيهِمْ بِالْعَذَابِ إِذَا هُمْ يَجْأَرُونَ
Биз алардын байларын жазага тартсак, алар жардам сурап зарлашат.
65 لَا تَجْأَرُوا الْيَوْمَ إِنَّكُمْ مِنَّا لَا تُنْصَرُونَ
Бүгүн зарлабагыла. Чындыгында силерге Бизден жардам жок.
66 قَدْ كَانَتْ آيَاتِي تُتْلَى عَلَيْكُمْ فَكُنْتُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ تَنْكِصُونَ
Менин айаттарым силерге жеткирилген. А силер кетенчиктеп,
67 مُسْتَكْبِرِينَ بِهِ سَامِرًا تَهْجُرُونَ
менменсинип, түнү бойу (сандырактап) сүйлөшкөн абалда таштап койосуңар.
a. Куранга маани бербей таштап койосуёар.
68 أَفَلَمْ يَدَّبَّرُوا الْقَوْلَ أَمْ جَاءَهُمْ مَا لَمْ يَأْتِ آبَاءَهُمُ الْأَوَّلِينَ
Алар бул сөзгө (Куранга) ой чаптырышпайбы? Же аларга оболку ата-бабаларына келбеген нерсе келдиби?
69 أَمْ لَمْ يَعْرِفُوا رَسُولَهُمْ فَهُمْ لَهُ مُنْكِرُونَ
Же алар өз пайгамбарын тааныбай, аны артка кайтара башташтыбы?
70 أَمْ يَقُولُونَ بِهِ جِنَّةٌ بَلْ جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ وَأَكْثَرُهُمْ لِلْحَقِّ كَارِهُونَ
Же алар: “Аны жинди” – дешеби? (Жок!) Ал чындык менен келген, бирок алардын көбү чындыкты жек көрүшөт.
71 وَلَوِ اتَّبَعَ الْحَقُّ أَهْوَاءَهُمْ لَفَسَدَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ وَمَنْ فِيهِنَّ بَلْ أَتَيْنَاهُمْ بِذِكْرِهِمْ فَهُمْ عَنْ ذِكْرِهِمْ مُعْرِضُونَ
Эгерде чындык алардын каалоолоруна ээрчисе, албетте, асмандар менен жерлер жана алардагылар бузулуп кетээр эле. (Жок!) Аларга Биз эскертме бердик. Бирок алар андан баш тартышууда.
a. Куран.
72 أَمْ تَسْأَلُهُمْ خَرْجًا فَخَرَاجُ رَبِّكَ خَيْرٌ وَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Сен алардан акы сурадыңбы? Эгеңдин акысы мыкты. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы.
73 وَإِنَّكَ لَتَدْعُوهُمْ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.
74 وَإِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ عَنِ الصِّرَاطِ لَنَاكِبُونَ
Акыйкатта, каапырлар акырет жашоосуна ишенбей, жолдон тайууда.
75 وَلَوْ رَحِمْنَاهُمْ وَكَشَفْنَا مَا بِهِمْ مِنْ ضُرٍّ لَلَجُّوا فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
Эгерде Биз аларга ырайымдуулук кылып, аларды кырсыктан куткарсак, алар өз адашууларын улантып, сокур түрдө кете беришээр эле.
76 وَلَقَدْ أَخَذْنَاهُمْ بِالْعَذَابِ فَمَا اسْتَكَانُوا لِرَبِّهِمْ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ
Биз аларды жазаладык. Бирок алар өздөрүнүн Эгесине баш ийишпеди жана Андан суранышпады.
77 حَتَّى إِذَا فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَابًا ذَا عَذَابٍ شَدِيدٍ إِذَا هُمْ فِيهِ مُبْلِسُونَ
Биз аларга катуу азаптын эшигин ачканыбызда, алар үмүтсүздүккө кабылышты.
78 وَهُوَ الَّذِي أَنْشَأَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ
Ал силер үчүн кулак, көз жана жүрөктү жараткан. Силер аз шүгүр кыласыңар!
79 وَهُوَ الَّذِي ذَرَأَكُمْ فِي الْأَرْضِ وَإِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Ал силерди жер жүзүнө тараткан жана силер Ага карай чогуласыңар.
80 وَهُوَ الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ وَلَهُ اخْتِلَافُ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Ал тирилтет жана өлтүрөт, түндүн жана күндүздүн алмашуусу Ага таандык. Эмнеликтен акыл калчабайсыңар?