бөлүм Муминуун - المؤمنون

21 وَإِنَّ لَكُمْ فِي الْأَنْعَامِ لَعِبْرَةً نُسْقِيكُمْ مِمَّا فِي بُطُونِهَا وَلَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ كَثِيرَةٌ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ

Акыйкатта, малдарда силер үчүн үлгүлөр бар. Алардын ичиндегини ичиребиз. Аларда силер үчүн көп пайда бар, алардан азыктанасыңар.

a. С\тт\. b. Эти, майы, териси, ж\н\, м\й\з\.

22 وَعَلَيْهَا وَعَلَى الْفُلْكِ تُحْمَلُونَ

Аларда жана кемелерде жүрөсүңөр.

23 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَى قَوْمِهِ فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк. Ал: “Эй, элим! Аллага сыйынгыла, андан башка кудай жок. Эми коркпойсуңарбы?” – деди.

24 فَقَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ مَا هَذَا إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يُرِيدُ أَنْ يَتَفَضَّلَ عَلَيْكُمْ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَنْزَلَ مَلَائِكَةً مَا سَمِعْنَا بِهَذَا فِي آبَائِنَا الْأَوَّلِينَ

Анын коомунун жетекчилери болгон каапырлар: “Бул силерге эле окшогон киши. Ал силердин үстүңөрдөн үстөмдүккө жетүүнү каалоодо. Эгер Алла кааласа, периштелерди жөнөтөөр эле. Бул өңдүүнү биз ата-бабаларыбыздан уккан жок элек.

a. Мурдакы.

25 إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ بِهِ جِنَّةٌ فَتَرَبَّصُوا بِهِ حَتَّى حِينٍ

Бул акылы айный түшкөн бир киши. Бир аз убакытка чейин күтө тургула”, – дешти.

26 قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ

Ал: “Эгем! Мага жардам кыл! Алар мени жалганга чыгарышты” – деди.

27 فَأَوْحَيْنَا إِلَيْهِ أَنِ اصْنَعِ الْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا فَإِذَا جَاءَ أَمْرُنَا وَفَارَ التَّنُّورُ فَاسْلُكْ فِيهَا مِنْ كُلٍّ زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ وَأَهْلَكَ إِلَّا مَنْ سَبَقَ عَلَيْهِ الْقَوْلُ مِنْهُمْ وَلَا تُخَاطِبْنِي فِي الَّذِينَ ظَلَمُوا إِنَّهُمْ مُغْرَقُونَ

Ага Биз кабар бердик: “Биздин көзөмөлүбүз жана кабарлообуз менен кеме жаса. Биздин буйругубуз келип, тандыр кайнап, суу атылганда, ар бир жыныстагы (айбандардан) жуптарды жана үй-бүлөңдү, өздөрүнө каршы буйрук өткөндөрдөн башкаларды алып, кемеге түш. Жана Менден заалым болгондор үчүн (кечирүүнү) суранба, анткени алар сууга чөктүрүлөт.”

a. Алардын жок болушу буйрукта болгон.

28 فَإِذَا اسْتَوَيْتَ أَنْتَ وَمَنْ مَعَكَ عَلَى الْفُلْكِ فَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي نَجَّانَا مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Сен жана сени менен бирге болгондор кемеге жайгашкан кезде: Аллага мактоо! Ал Бизди заалым коомдон куткарды” – деп айт.

29 وَقُلْ رَبِّ أَنْزِلْنِي مُنْزَلًا مُبَارَكًا وَأَنْتَ خَيْرُ الْمُنْزِلِينَ

“Эгем! Мени кут даарыган – жакшы жайга түшүр, сен жай берүүчүлөрдүн эң мыктысысың!” – дегин.

a. Кемени алып барып токтотуп жана жайгаша турган жакшы жер.

30 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ وَإِنْ كُنَّا لَمُبْتَلِينَ

Акыйкатта, мында белгилер бар. Чындыгында, Биз сынаган элек (Нухтун коомун).

a. Нухтун коомун, Алла Таала сынап, аларга пайгамбар жиберип, туура жолго чакырткан. Алар Нухка ишенбей, шылдыёдашкан.

31 ثُمَّ أَنْشَأْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ قَرْنًا آخَرِينَ

Алардан соң Биз башка бир коомду жараттык.

32 فَأَرْسَلْنَا فِيهِمْ رَسُولًا مِنْهُمْ أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Аларга өздөрүнөн пайгамбар жөнөттүк: “Аллага сыйынгыла! Силерге Андан башка кудай жок. Эми сактанбайсыңарбы?”

33 وَقَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِهِ الَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِلِقَاءِ الْآخِرَةِ وَأَتْرَفْنَاهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا مَا هَذَا إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يَأْكُلُ مِمَّا تَأْكُلُونَ مِنْهُ وَيَشْرَبُ مِمَّا تَشْرَبُونَ

Акыретти жалганга чыгарышкан, Биз аларга бул дүйнө менен ырахаттана турууну берген, каапырлардан болгон коомдун ичиндеги башчылары айтышты: “Бул жөн эле силерге окшогон киши, ал силер жегениңерди жейт, ичкениңерди ичет;

34 وَلَئِنْ أَطَعْتُمْ بَشَرًا مِثْلَكُمْ إِنَّكُمْ إِذًا لَخَاسِرُونَ

эгер силер өзүңөргө окшогон кишиге баш ийсеңер, албетте зыйан тартасыңар;

35 أَيَعِدُكُمْ أَنَّكُمْ إِذَا مِتُّمْ وَكُنْتُمْ تُرَابًا وَعِظَامًا أَنَّكُمْ مُخْرَجُونَ

ал силер өлүп топурак менен сөөк болгондон кийин (кайра тирилип) чыгарыңарды чын эле убада кылабы?

36 هَيْهَاتَ هَيْهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ

Силерге убада кылынгандар узаак, узаак!

37 إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ

Бул дүйнө гана бар. Биз өлөбүз жана жашайбыз, бирок биз кайрадан тирилбейбиз.

38 إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا وَمَا نَحْنُ لَهُ بِمُؤْمِنِينَ

Ал жөн эле киши. Ал Аллага жалган жалаа жаап жатат, биз ага ишенбейбиз”.

39 قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ

Ал: “Эгем! Мага жардам кыл. Алар мени жалганчы кылышты”, – деди.

a. Худ (а.с.).

40 قَالَ عَمَّا قَلِيلٍ لَيُصْبِحُنَّ نَادِمِينَ

Ал: “Жакын арада алар өкүнүүчүлөрдөн болушат”, – деди.

a. Алла.