бөлүм Муминуун - المؤمنون
41
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ بِالْحَقِّ فَجَعَلْنَاهُمْ غُثَاءً فَبُعْدًا لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Аларга акыйкаттык менен катуу чыккан үн жетти. Аларды таштандыдай кылдык. Заалым коомго кыйроо жетсин!
42
ثُمَّ أَنْشَأْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ قُرُونًا آخَرِينَ
Андан соң Биз башка муунду жараттык.
43
مَا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَأْخِرُونَ
Эч бир коом белгиленген мөөнөттөн ашып да же андан кечигип да калбайт.
44
ثُمَّ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا تَتْرَى كُلَّ مَا جَاءَ أُمَّةً رَسُولُهَا كَذَّبُوهُ فَأَتْبَعْنَا بَعْضَهُمْ بَعْضًا وَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ فَبُعْدًا لِقَوْمٍ لَا يُؤْمِنُونَ
Андан соң пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жөнөттүк. Ал коомго алардын пайгамбарлары ар жолу келген сайын, аларды жалганга чыгарышты. Биз биринин артынан башкасын ойрондоп, аларга үлгү-насаат кылдык. Ишенбеген коомго узактык болсун!
45
ثُمَّ أَرْسَلْنَا مُوسَى وَأَخَاهُ هَارُونَ بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Андан соң Биз Мусаны, анын бир тууганы Харунду Биздин айкын далилдерибиз менен жөнөттүк.
46
إِلَى فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا عَالِينَ
Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө, алар текеберленишти. Алар бой көтөргөн коом эле.
47
فَقَالُوا أَنُؤْمِنُ لِبَشَرَيْنِ مِثْلِنَا وَقَوْمُهُمَا لَنَا عَابِدُونَ
Алар: “Эли бизге кул болгон, өзүбүзгө окшогон эки кишиге чын эле баш ийебизби?
48
فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُوا مِنَ الْمُهْلَكِينَ
Алар ал экөөнү жалганга чыгарышты жана кыйрагандардан болушту.
49
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ
Биз Мусага Китеп бердик. “Мүмкүн алар туура жолго түшөөр”,
50
وَجَعَلْنَا ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ آيَةً وَآوَيْنَاهُمَا إِلَى رَبْوَةٍ ذَاتِ قَرَارٍ وَمَعِينٍ
Биз Марйамдын уулун жана анын энесин белги кылдык жана аларга тегиз дөңсөөдөн булактуу жай бердик.
51
يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ
Эй, элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла! Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн.
52
وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ
Чындыгында, силердин үммөтүңөр бир эле эл. Мен силердин Эгеңермин. Менден корккула!
53
فَتَقَطَّعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ زُبُرًا كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ
Алар өздөрүнүн бир динин түрдүү топторго ажыратып алышты. Ар бир топ өздөрүндөгүгө гана кубанууда.
54
فَذَرْهُمْ فِي غَمْرَتِهِمْ حَتَّى حِينٍ
Аларды өздөрүнүн адашуусунда бир нече мөөнөт калтыра тур.
55
أَيَحْسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُمْ بِهِ مِنْ مَالٍ وَبَنِينَ
Ырас эле алар ойлошобу: Аларды Биз байлык жана уулдар менен колдоп,
56
نُسَارِعُ لَهُمْ فِي الْخَيْرَاتِ بَلْ لَا يَشْعُرُونَ
жакшылыктар менен сыйлаганы жатыптырбызбы? (Жок!) Балким алар сезишпейт.
57
إِنَّ الَّذِينَ هُمْ مِنْ خَشْيَةِ رَبِّهِمْ مُشْفِقُونَ
Акыйкатта, Эгесинин алдында коркунучтан калтырагандар,
58
وَالَّذِينَ هُمْ بِآيَاتِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ
алар Эгесинин айаттарына ишенишет,
59
وَالَّذِينَ هُمْ بِرَبِّهِمْ لَا يُشْرِكُونَ
алар Эгесине шерик кошушпайт,
60
وَالَّذِينَ يُؤْتُونَ مَا آتَوْا وَقُلُوبُهُمْ وَجِلَةٌ أَنَّهُمْ إِلَى رَبِّهِمْ رَاجِعُونَ
алар берилүүгө тийишин беришет. Эгесине кайтып баруудан жүрөктөрү калтырайт,