1 اقْتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمْ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ مُعْرِضُونَ
Адамдарга алардын эсеп берээр маалы жакындады. Алар болсо бейкапар терс бурулууда.
1 اقْتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمْ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ مُعْرِضُونَ
Адамдарга алардын эсеп берээр маалы жакындады. Алар болсо бейкапар терс бурулууда.
2 مَا يَأْتِيهِمْ مِنْ ذِكْرٍ مِنْ رَبِّهِمْ مُحْدَثٍ إِلَّا اسْتَمَعُوهُ وَهُمْ يَلْعَبُونَ
Аларга Эгесинен жаңы зикр (дин) келген жок! Алар аны угуп эле жүрүшкөн жана да аны мазакка айлантышкан.
a. Биздин замандын жетинчи кылымында Мухаммед пайгамбарга жаңы дин келген жок. Аллахтын дини бирөө гана. Ал ислам дини. Демек, Адам атадан бери келе жаткан дин – бул Ислам дини гана. Бир нече дин болгон эмес, болбойт дагы. Анын ичинде Муса пайгамбардын да, Иса пайгамбардын да дини – ислам дини болгон. А Мухаммед(а.с.) кезектеги, бирок акыркы пайгамбар. Мындан кийин пайгамбар келбейт. Ошондой эле жаңы дин да келбейт. Бирок адамдар ар кайсы динди өздөрү ойлоп табышат. Албетте, бул туура эмес.
3 لَاهِيَةً قُلُوبُهُمْ وَأَسَرُّوا النَّجْوَى الَّذِينَ ظَلَمُوا هَلْ هَذَا إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ أَفَتَأْتُونَ السِّحْرَ وَأَنْتُمْ تُبْصِرُونَ
(Алар) бейкапар жүрөктөрү менен өз ара шыбыраша: “Чын эле бул силер өңдүү киши эмеспи? Кантип эле силер аны көрүп туруп сыйкырланып калдыңар?” (дешет).
a. Мухаммед (а.с.) тууралуу айтып жатышат
4 قَالَ رَبِّي يَعْلَمُ الْقَوْلَ فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
“Эгем асмандар менен жерде болгон сөздөрдүн баарын билет. Ал - Угуучу, Билүүчү”, – деди.
5 بَلْ قَالُوا أَضْغَاثُ أَحْلَامٍ بَلِ افْتَرَاهُ بَلْ هُوَ شَاعِرٌ فَلْيَأْتِنَا بِآيَةٍ كَمَا أُرْسِلَ الْأَوَّلُونَ
Алар: “Жок! Бул чаташкан түш. Жок! Албетте, ал аны өзү ойлоп тапты! Жок! Ал акын! Ал бизге мурунку пайгамбарларга берилген кереметтер менен келсин!” – дешти.
a. Каапырлар, мушриктер. b. Пайгамбардын айтып жаткандары. c. Куранды.
6 مَا آمَنَتْ قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا أَفَهُمْ يُؤْمِنُونَ
Биз жок кылган мурунку калаалардан эч кимиси ишенген эмес эле. Эми булар ишенеби?
7 وَمَا أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ إِلَّا رِجَالًا نُوحِي إِلَيْهِمْ فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Сага чейин Биз эркектерди гана аларга айан берип жөнөткөнбүз: Эгер билбесеңер, анда илим ээлеринен сурагыла.
a. Периштелерди эмес. b. Тоорат, Инжилди мыкты билген аалымдардан.
8 وَمَا جَعَلْنَاهُمْ جَسَدًا لَا يَأْكُلُونَ الطَّعَامَ وَمَا كَانُوا خَالِدِينَ
Биз алардын денесин тамак татпагыдай жана аларды түбөлүккө өлбөс кылган эмеспиз.
9 ثُمَّ صَدَقْنَاهُمُ الْوَعْدَ فَأَنْجَيْنَاهُمْ وَمَنْ نَشَاءُ وَأَهْلَكْنَا الْمُسْرِفِينَ
Андан соң Биз аларга берген убадабызды чынга чыгарып, каалагандарыбызды куткардык жана чектен чыккандарды ойрон кылдык.
10 لَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ كِتَابًا فِيهِ ذِكْرُكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Биз силерге насааты бар Китепти жөнөттүк. Акыл калчабайсыңарбы?
11 وَكَمْ قَصَمْنَا مِنْ قَرْيَةٍ كَانَتْ ظَالِمَةً وَأَنْشَأْنَا بَعْدَهَا قَوْمًا آخَرِينَ
Биз канчалаган калааларды жок кылдык. Алар адашкан заалымдар болушкан. Биз алардан соң башка элдерди пайда кылдык.
12 فَلَمَّا أَحَسُّوا بَأْسَنَا إِذَا هُمْ مِنْهَا يَرْكُضُونَ
Биздин кыйратуубузду сезген мезгилде, алар андан качып жөнөшөт.
13 لَا تَرْكُضُوا وَارْجِعُوا إِلَى مَا أُتْرِفْتُمْ فِيهِ وَمَسَاكِنِكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْأَلُونَ
Качпагыла! Силерге берилген молчулукка жана турак-жайыңарга кайра кайтып келгиле – мүмкүн силер суралаарсыңар.
14 قَالُوا يَا وَيْلَنَا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ
Алар: “О биз куруп калалы! Чындыгында биз заалымдардан болгон экенбиз!” – дешет.
15 فَمَا زَالَتْ تِلْكَ دَعْوَاهُمْ حَتَّى جَعَلْنَاهُمْ حَصِيدًا خَامِدِينَ
Алардын өздөрүнө кыйроону тилөөсү, Биз аларды орулуп-бастырылган эгин талаасындай кылганга чейин токтободу.
a. Биз балээ жиберип кырып салганга чейин.
16 وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاءَ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَاعِبِينَ
Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагыларды ойноп жараткан жокпуз.
17 لَوْ أَرَدْنَا أَنْ نَتَّخِذَ لَهْوًا لَاتَّخَذْنَاهُ مِنْ لَدُنَّا إِنْ كُنَّا فَاعِلِينَ
Эгерде Биз көңүл ачууну кааласак, анда аларды өз алдыбыздан деле жаратып алар элек.
a. Түбөлүк ааламдагы башка нерселерден деле.
18 بَلْ نَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَى الْبَاطِلِ فَيَدْمَغُهُ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌ وَلَكُمُ الْوَيْلُ مِمَّا تَصِفُونَ
Жок! Биз акыйкат менен жалганды кыйратабыз, ал аны быркыратып жок кылат. Силерге шерик кошконуңар үчүн азап болсун!
19 وَلَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَنْ عِنْدَهُ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ
Ага асмандар менен жердегилердин баары таандык. Анын алдындагылар текеберденишпейт жана ибадат кылуудан чарчашпайт.
20 يُسَبِّحُونَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ
Алар Аны түндө жана күндүзү чарчабастан аруулашат.