бөлүм Анбия - الأنبياء

21 أَمِ اتَّخَذُوا آلِهَةً مِنَ الْأَرْضِ هُمْ يُنْشِرُونَ

Чын эле алар өздөрүнө жерден кудай таап алыштыбы? Алар өлгөндү тирилте алышабы?

a. Сөлөкөттөр – жалган кудайлар.

22 لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا فَسُبْحَانَ اللَّهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ

Эгерде асмандар менен жерде Аллахдан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетээр эле. Арштын Эгеси болгон Аллах алардын сыпаттаган нерселеринен таза.

23 لَا يُسْأَلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْأَلُونَ

Ал (Аллах) эмне кылганы суралбайт, а алар суракка алынат.

24 أَمِ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ هَذَا ذِكْرُ مَنْ مَعِيَ وَذِكْرُ مَنْ قَبْلِي بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ الْحَقَّ فَهُمْ مُعْرِضُونَ

Же алар Аллахдан башкаларды кудай (кылып) алыштыбы? “Далилдериңерди келтиргиле! Бул (Куран) мени менен болгондорго жана мага чейин болгондорго эскертүү”, – дегин. Жок! Алардын көпчүлүгү акыйкатты билишпейт жана терс бурулушат.

25 وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا نُوحِي إِلَيْهِ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا أَنَا فَاعْبُدُونِ

Биз сага чейин да: “Менден башка Кудай жок, Мага гана сыйынгыла!” – деп айтпай туруп, бир да пайгамбар жөнөтпөдүк.

26 وَقَالُوا اتَّخَذَ الرَّحْمَنُ وَلَدًا سُبْحَانَهُ بَلْ عِبَادٌ مُكْرَمُونَ

Алар: “Мээримдүү Өзүнө уул алды”, – дешти. Ал кемчиликтерден аруу! Жок. Алар (Анын) ардактуу пенделери гана.

a. Периштелер

27 لَا يَسْبِقُونَهُ بِالْقَوْلِ وَهُمْ بِأَمْرِهِ يَعْمَلُونَ

Алар Андан сөздө өтүп кете алышпайт. Анын буйругу менен гана иш кылышат.

a. Алар өздөрүнө өздөрү буйрук беришпейт. Аларга Жараткан өзү гана буйрук берет.

28 يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يَشْفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ارْتَضَى وَهُمْ مِنْ خَشْيَتِهِ مُشْفِقُونَ

Ал аларга чейинки болгондорду да, андан кийинки боло турганды да билип турат, а алар кудайдын алкышына татыгандардан башка, эч кимге ортомчу боло алышпайт. Алар Андан коркконунан калтырашат.

29 وَمَنْ يَقُلْ مِنْهُمْ إِنِّي إِلَهٌ مِنْ دُونِهِ فَذَلِكَ نَجْزِيهِ جَهَنَّمَ كَذَلِكَ نَجْزِي الظَّالِمِينَ

Алардын арасынан кимиси: “Андан башка мен Кудаймын!” – деп айта алат? Ким антсе, аны Биз тозокко жөнөтөбүз. Адашкан заалымдарды Биз мына ушинтип жазалайбыз.

30 أَوَلَمْ يَرَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًا فَفَتَقْنَاهُمَا وَجَعَلْنَا مِنَ الْمَاءِ كُلَّ شَيْءٍ حَيٍّ أَفَلَا يُؤْمِنُونَ

Чын эле каапырлар асмандар менен жер бирге болгондугун, а Биз аларды бөлгөнүбүздү жана бардык жандууларды суудан жараткандыгыбызды көрүшпөйбү? Эми алар ыйман келтиришпейби?

31 وَجَعَلْنَا فِي الْأَرْضِ رَوَاسِيَ أَنْ تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًا سُبُلًا لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ

Биз жер үстүндө алар аны менен бирге термелбесин үчүн бекем туруучу тоолорду жайгаштырдык жана алар туура жолдо баруусу үчүн капчыгайларды жараттык.

32 وَجَعَلْنَا السَّمَاءَ سَقْفًا مَحْفُوظًا وَهُمْ عَنْ آيَاتِهَا مُعْرِضُونَ

Асманды сакталган шып кылдык. Алар Анын айаттарынан баш тартышууда.

33 وَهُوَ الَّذِي خَلَقَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ

Ал түн менен күндүздү, Күн менен Айды жараткан. Баарысы асман алкактарында сүзүшөт.

a. Орбиталарында. Күндүн да орбитасы бар экендиги аныкталды.

34 وَمَا جَعَلْنَا لِبَشَرٍ مِنْ قَبْلِكَ الْخُلْدَ أَفَإِنْ مِتَّ فَهُمُ الْخَالِدُونَ

Биз сага чейин эч кимге түбөлүктүүлүктү берген жокпуз. Кантип эле сен да өлсөң, алар түбөлүк өлбөс болуп калышсын.

35 كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ وَنَبْلُوكُمْ بِالشَّرِّ وَالْخَيْرِ فِتْنَةً وَإِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

Ар бир жан ээси өлүмдү татат. Биз силерди жакшылык менен да, жамандык менен да сынап көрөбүз жана Бизге кайтарыласыңар.

36 وَإِذَا رَآكَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَذَا الَّذِي يَذْكُرُ آلِهَتَكُمْ وَهُمْ بِذِكْرِ الرَّحْمَنِ هُمْ كَافِرُونَ

Ыймансыз каапырлар сени көргөн кезде, шылдыңдашып: “Силердин кудайларыңар жөнүндө айтып жаткан ушулбу?” – дешет. Мээримдүүнү эскерүүдө алар каапырлык кылышат.

37 خُلِقَ الْإِنْسَانُ مِنْ عَجَلٍ سَأُرِيكُمْ آيَاتِي فَلَا تَسْتَعْجِلُونِ

Инсан шашма болуп жаратылган. Мен силерге белгилеримди көрсөтөмүн, Мени шаштырбагыла!

38 وَيَقُولُونَ مَتَى هَذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Эгер сен чын болсоң (айтчы), анда бул убадалар качан аткарылат?” – дешет.

39 لَوْ يَعْلَمُ الَّذِينَ كَفَرُوا حِينَ لَا يَكُفُّونَ عَنْ وُجُوهِهِمُ النَّارَ وَلَا عَنْ ظُهُورِهِمْ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ

Эгерде каапырлар беттерин, аркаларын оттон коргой албаган жана аларга эч жардам да көрсөтүлбөй турган кезди билген болсочу!

40 بَلْ تَأْتِيهِمْ بَغْتَةً فَتَبْهَتُهُمْ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ رَدَّهَا وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ

Ооба! Ал аларга капысынан келет да, аларды таң калтырат, алар аны кайтара да алышпайт жана аларга мөөнөт да берилбейт!