41 وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَحَاقَ بِالَّذِينَ سَخِرُوا مِنْهُمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Сага чейинки пайгамбарларды да шылдыңдашкан, бирок шылдыңдагандардын шылдыңдаган нерселери өз баштарына жеткен.
41 وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَحَاقَ بِالَّذِينَ سَخِرُوا مِنْهُمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Сага чейинки пайгамбарларды да шылдыңдашкан, бирок шылдыңдагандардын шылдыңдаган нерселери өз баштарына жеткен.
42 قُلْ مَنْ يَكْلَؤُكُمْ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ مِنَ الرَّحْمَنِ بَلْ هُمْ عَنْ ذِكْرِ رَبِّهِمْ مُعْرِضُونَ
“Силерди түндө жана күндүзү Мээримдүүдөн ким сактай алат?” –дегин. Ооба, алар өз Эгесин эскерүүдөн баш тартышат.
43 أَمْ لَهُمْ آلِهَةٌ تَمْنَعُهُمْ مِنْ دُونِنَا لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَ أَنْفُسِهِمْ وَلَا هُمْ مِنَّا يُصْحَبُونَ
Чын эле алардын Бизден сактай турган кудайлары барбы? Алар өздөрүнө өздөрү жардам кыла албайт жана Бизден да коргоно алышпайт.
a. Сөлөкөттөр, жалган кудайлар.
44 بَلْ مَتَّعْنَا هَؤُلَاءِ وَآبَاءَهُمْ حَتَّى طَالَ عَلَيْهِمُ الْعُمُرُ أَفَلَا يَرَوْنَ أَنَّا نَأْتِي الْأَرْضَ نَنْقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَا أَفَهُمُ الْغَالِبُونَ
Ооба, Биз аларга жана алардын аталарына узак жашоодо жакшы үлүш бергенбиз. Чын эле алар Биздин буйругубуз менен жерди ар тарабынан кыскартканыбызды көрүшпөйбү? Ошондо алар жеңүүчү болушабы?
a. Ислам Мединанын айланасында таралып, Меккенин айланасынан кысып келген. b. Меккенин мушрик каапырлары.
45 قُلْ إِنَّمَا أُنْذِرُكُمْ بِالْوَحْيِ وَلَا يَسْمَعُ الصُّمُّ الدُّعَاءَ إِذَا مَا يُنْذَرُونَ
“Мен силерге жашыруун кабарды гана эскертүүчүмүн”, – дегин. Бирок, дүлөйлөр эскертилгендеги чакырыкты угушпайт.
a. Аллахнын буйругун угуп туруп амал жасабаса дүлөй деп эсептелет.
46 وَلَئِنْ مَسَّتْهُمْ نَفْحَةٌ مِنْ عَذَابِ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ يَا وَيْلَنَا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ
Аларга Эгеңден азаптын эпкини жеткен кезде, алар: “Оо биз куруп калалы! Биз адашкан экенбиз”, - дешет.
47 وَنَضَعُ الْمَوَازِينَ الْقِسْطَ لِيَوْمِ الْقِيَامَةِ فَلَا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْئًا وَإِنْ كَانَ مِثْقَالَ حَبَّةٍ مِنْ خَرْدَلٍ أَتَيْنَا بِهَا وَكَفَى بِنَا حَاسِبِينَ
Биз Кыйамат Күнү үчүн туура таразаларды жайгаштырабыз. Бир да жан зулум кылынбайт. А эгерде сары кычынын данынын салмагындай эле (амал) болсо, анысын келтирер элек. Биз толук жетээрлик эсепчибиз.
a. Сары кычы – эгиндин арасына чыгуучу сары гүлдүү отоо чөп (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн).
48 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى وَهَارُونَ الْفُرْقَانَ وَضِيَاءً وَذِكْرًا لِلْمُتَّقِينَ
Биз мурун Муса менен Харунга Фурканды, нурду такыбалар үчүн эскертме катары бердик.
a. Жакшы-жаманды ажыратуучуну (Тооратты). b. Тооратты.
49 الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ بِالْغَيْبِ وَهُمْ مِنَ السَّاعَةِ مُشْفِقُونَ
Алар Эгесин көрбөй туруп коркушуп, Кыйамат Күнүнөн кооптонушат.
50 وَهَذَا ذِكْرٌ مُبَارَكٌ أَنْزَلْنَاهُ أَفَأَنْتُمْ لَهُ مُنْكِرُونَ
Бул (Куран) Биз силерге түшүргөн кут даарыган эскертме. Чын эле силер аны четке кагасыңарбы?
51 وَلَقَدْ آتَيْنَا إِبْرَاهِيمَ رُشْدَهُ مِنْ قَبْلُ وَكُنَّا بِهِ عَالِمِينَ
Биз мурун Ибрахимге туура жолду ыроолодук жана Биз аны билгенбиз.
52 إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِ مَا هَذِهِ التَّمَاثِيلُ الَّتِي أَنْتُمْ لَهَا عَاكِفُونَ
Ал атасына жана өз коомуна: “Бул силер табынып жаткандар эмне деген айкелдер?”, – деген эле.
53 قَالُوا وَجَدْنَا آبَاءَنَا لَهَا عَابِدِينَ
Алар: “Биздин аталарыбыз да аларга табынганын биз билебиз”, – дешти.
54 قَالَ لَقَدْ كُنْتُمْ أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Ал: “Силер да, силердин аталарыңар да анык адашууда болуп келишкен”, – деди.
55 قَالُوا أَجِئْتَنَا بِالْحَقِّ أَمْ أَنْتَ مِنَ اللَّاعِبِينَ
Алар: “Чын эле акыйкат менен келдиңби, же сен ойун-тамаша кылуучулардансыңбы?” - дешти.
56 قَالَ بَلْ رَبُّكُمْ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ الَّذِي فَطَرَهُنَّ وَأَنَا عَلَى ذَلِكُمْ مِنَ الشَّاهِدِينَ
“Ооба, силердин Эгеңер – асмандар менен жердин Эгеси, аларды Ал жараткан. Мен болсо бул тууралуу күбө болуучумун”, – деди.
57 وَتَاللَّهِ لَأَكِيدَنَّ أَصْنَامَكُمْ بَعْدَ أَنْ تُوَلُّوا مُدْبِرِينَ
“Аллахнын ысымына ант! Мен силер алардан алыстаган кезде силердин сөлөкөттөрүңөргө каршы айла-амал табамын”.
a. Идолдор. Ойлоп таап, колго жасалган жалган кудайлар, ар нерсенин түспөлдөрү.
58 فَجَعَلَهُمْ جُذَاذًا إِلَّا كَبِيرًا لَهُمْ لَعَلَّهُمْ إِلَيْهِ يَرْجِعُونَ
Ал, мүмкүн ушуга кайрылышаар (деп), алардын эң чоңунан башкасынын баарын талкалап салды.
a. Сөлөкөттөрдүн (идолдордун).
59 قَالُوا مَنْ فَعَلَ هَذَا بِآلِهَتِنَا إِنَّهُ لَمِنَ الظَّالِمِينَ
Алар: “Биздин кудайларыбызга бул ишти ким кылды? Ал нагыз заалым экен!” – дешти.
60 قَالُوا سَمِعْنَا فَتًى يَذْكُرُهُمْ يُقَالُ لَهُ إِبْرَاهِيمُ
Алар: “Биз Ибрахим аттуу жаш жигиттин аларды айыптаганын уккан элек”, – дешти.