бөлүм Анбия - الأنبياء

61 قَالُوا فَأْتُوا بِهِ عَلَى أَعْيُنِ النَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَشْهَدُونَ

Алар: “Аны элдин көз алдына алып келгиле. Мүмкүн алар күбөлүккө өтүп беришээр”, – дешти.

62 قَالُوا أَأَنْتَ فَعَلْتَ هَذَا بِآلِهَتِنَا يَا إِبْرَاهِيمُ

Алар: “Эй, Ибрахим! Биздин кудайларга бул ишти сен кылдыңбы?” – дешти.

63 قَالَ بَلْ فَعَلَهُ كَبِيرُهُمْ هَذَا فَاسْأَلُوهُمْ إِنْ كَانُوا يَنْطِقُونَ

Ал: “Жок! Муну булардын эң чоңу кылды. Эгер сүйлөй алса, алардан сурап көргүлө!” – деди.

a. Сөлөкөттөрдүн

64 فَرَجَعُوا إِلَى أَنْفُسِهِمْ فَقَالُوا إِنَّكُمْ أَنْتُمُ الظَّالِمُونَ

Алар өздөрүнө өздөрү кайрылып: “Силер өзүңөр адашкансыңар”, – дешти.

65 ثُمَّ نُكِسُوا عَلَى رُءُوسِهِمْ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا هَؤُلَاءِ يَنْطِقُونَ

Андан соң алар кайрадан каапырдыгына кайтышып: “Алар сүйлөй албасын сен билесиң да?!” – дешти.

66 قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُكُمْ شَيْئًا وَلَا يَضُرُّكُمْ

(Ибрахим): “Силер чын эле Аллахнын ордуна силерге эч кандай жардам да, зыйан да келтире албай турган нерселерге табынасыңарбы(?),

67 أُفٍّ لَكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

силерге жана силердин Аллахнын ордуна сыйынганыңарга – “түф-ф”! Эмнеге акылыңарга келбейсиңер?” – деди.

68 قَالُوا حَرِّقُوهُ وَانْصُرُوا آلِهَتَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ فَاعِلِينَ

Алар: “Эгер бул ишке жарасаңар, аны өрттөгүлө жана кудайларыңарга жардам бергиле”, – дешти.

69 قُلْنَا يَا نَارُ كُونِي بَرْدًا وَسَلَامًا عَلَى إِبْرَاهِيمَ

Биз: “Эй от! Ибрахимге салкын жана саламат бол”, – дедик.

70 وَأَرَادُوا بِهِ كَيْدًا فَجَعَلْنَاهُمُ الْأَخْسَرِينَ

Алар ага каршы айла-амал кылышты, а Биз аларды зыйан тартуучулардан кылдык.

71 وَنَجَّيْنَاهُ وَلُوطًا إِلَى الْأَرْضِ الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا لِلْعَالَمِينَ

Аны жана Лутту куткарып, Биз ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (жайгаштырдык).

a. Палестина жана Ханаан жерин өз кучагына алган байыркы гүлдөгөн Арамейа жана Сирийа аймактарынан...

72 وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ نَافِلَةً وَكُلًّا جَعَلْنَا صَالِحِينَ

Ага Исхакты жана кошумча Йакупту бердик. Алардын баарын таза-такыбалардан кылдык.

73 وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا وَأَوْحَيْنَا إِلَيْهِمْ فِعْلَ الْخَيْرَاتِ وَإِقَامَ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءَ الزَّكَاةِ وَكَانُوا لَنَا عَابِدِينَ

Аларды Биздин буйругубуз бойунча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз окуп, зекет берүүгө жашыруун айан бердик. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту.

a. Буйрук.

74 وَلُوطًا آتَيْنَاهُ حُكْمًا وَعِلْمًا وَنَجَّيْنَاهُ مِنَ الْقَرْيَةِ الَّتِي كَانَتْ تَعْمَلُ الْخَبَائِثَ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمَ سَوْءٍ فَاسِقِينَ

Лутка Биз даанышмандык жана илим бердик. Аны бузукулукка баткан калаадан куткардык. Анткени, алар жаман иш жасаган бузуку коом эле.

a. Содом, Гоморра калааларынан

75 وَأَدْخَلْنَاهُ فِي رَحْمَتِنَا إِنَّهُ مِنَ الصَّالِحِينَ

Биз аны ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени, ал жакшылардан.

76 وَنُوحًا إِذْ نَادَى مِنْ قَبْلُ فَاسْتَجَبْنَا لَهُ فَنَجَّيْنَاهُ وَأَهْلَهُ مِنَ الْكَرْبِ الْعَظِيمِ

Мурун Нух да Бизге үн салган. Биз ага жооп кылып, анын үй-бүлөсүн улуу кайгыдан куткардык.

a. Аллахдан суранып дуба кылган.

77 وَنَصَرْنَاهُ مِنَ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمَ سَوْءٍ فَأَغْرَقْنَاهُمْ أَجْمَعِينَ

Аны айаттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан коргодук. Анткени алар өтө жаман адамдар болгондуктан, Биз аларды чөктүрүп ийдик.

78 وَدَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ إِذْ يَحْكُمَانِ فِي الْحَرْثِ إِذْ نَفَشَتْ فِيهِ غَنَمُ الْقَوْمِ وَكُنَّا لِحُكْمِهِمْ شَاهِدِينَ

Дауд менен Сулайман алардын коомунун малдары майкандап салган эгин талаасына байланыштуу өкүм чыгарып жатышканда, Биз өкүмдөрүнө күбө болуп турдук.

a. Тебелеп, тепсеп b. Окуйа мындайча болот: Бир адамдын койлору экинчи бир кишинин эгин талаасына кирип, тебелеп, көп зыйанга учуратат. Зыйан тарткан киши Дауд (а.с.)га арызданып келет. Дауд (а.с.) тараптарды катыштырып, ишти териштирет да, койлордун баарын эгини тебеленгенге берүүгө чечим кылат, анткени тебеленген эгиндин болжолдуу наркы койлордун жалпы санына туура келет. Бирок Сулайман (а.с.) атасынан чечимди кайра карап, өзгөртүп: койлорду зыйан тартканга бир жылга гана берүүнү, а эгин талаасын кайрадан иштетүү үчүн койлордун ээсине бердиртүүнү, бул арада эгини тебеленген киши койлордун козуларын, жүнүн жана сүтүн толук өзүнө пайдаланып алып калууга укуктуу болуусун, ал эми койлордун ээси эгин талаасын иштетип, эгин эгип калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсүн жана бир жылдан кийин ар ким өзүнүкүн өзү алуусуна чечим чыгаруусун суранат. Ошентип иш калыс чечилип, эки тарап тең ыраазы болот. Мындай акылмандуулук, албетте Аллах тарабынан Сулайман (а.с.)га берилген эле.

79 فَفَهَّمْنَاهَا سُلَيْمَانَ وَكُلًّا آتَيْنَا حُكْمًا وَعِلْمًا وَسَخَّرْنَا مَعَ دَاوُودَ الْجِبَالَ يُسَبِّحْنَ وَالطَّيْرَ وَكُنَّا فَاعِلِينَ

Биз Сулайманга бул тууралуу түшүндүрдүк. Алардын ар бирине Биз даанышмандык жана илим бердик. Даудка аны менен бирге Бизди арууласын үчүн тоолорду жана куштарды баш ийдирдик. Муну Биз кылдык.

80 وَعَلَّمْنَاهُ صَنْعَةَ لَبُوسٍ لَكُمْ لِتُحْصِنَكُمْ مِنْ بَأْسِكُمْ فَهَلْ أَنْتُمْ شَاكِرُونَ

Биз ага согушта силер коргоонууңар үчүн соот (кийим) жасоону үйрөттүк. Силер шүгүр кылбайсыңарбы?

a. Темирден жасалган