101 إِنَّ الَّذِينَ سَبَقَتْ لَهُمْ مِنَّا الْحُسْنَى أُولَئِكَ عَنْهَا مُبْعَدُونَ
Акыйкатта, Бизден жакшылык өткөн адамдар андан алыс болушат.
a. Тозоктон.
101 إِنَّ الَّذِينَ سَبَقَتْ لَهُمْ مِنَّا الْحُسْنَى أُولَئِكَ عَنْهَا مُبْعَدُونَ
Акыйкатта, Бизден жакшылык өткөн адамдар андан алыс болушат.
a. Тозоктон.
102 لَا يَسْمَعُونَ حَسِيسَهَا وَهُمْ فِي مَا اشْتَهَتْ أَنْفُسُهُمْ خَالِدُونَ
Алар анда анын дабышын да угушпайт жана алардын напси эмнени кааласа ошонун арасында түбөлүккө болушат.
a. Көңүлү.
103 لَا يَحْزُنُهُمُ الْفَزَعُ الْأَكْبَرُ وَتَتَلَقَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ هَذَا يَوْمُكُمُ الَّذِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ
Аларды чоң коркунуч кайгыртпайт жана периштелер тосуп чыгышат: “Бул силерге убада кылынган Күн” (дешет алар).
104 يَوْمَ نَطْوِي السَّمَاءَ كَطَيِّ السِّجِلِّ لِلْكُتُبِ كَمَا بَدَأْنَا أَوَّلَ خَلْقٍ نُعِيدُهُ وَعْدًا عَلَيْنَا إِنَّا كُنَّا فَاعِلِينَ
Ошол Күндө Биз асманды жазылган барак оролгондой түрөбүз. Биз алгачкы жаратууну кантип кылган болсок, аны убадабыз бойунча кайрадан ишке ашырабыз. Акыйкатта, Биз кылуучубуз.
105 وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِي الزَّبُورِ مِنْ بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ
Эскертүүбүздөн соң Забурда: “Жакшы пенделерим жерге мураскор болушат”, – деп жаздык.
a. Тоорат. b. Даудга (а.с.) түшүрүлгөн китеп. c. Такыба – таза.
106 إِنَّ فِي هَذَا لَبَلَاغًا لِقَوْمٍ عَابِدِينَ
Акыйкатта, мында (Аллахга) сыйынган коом үчүн кабар бар.
a. Куранда.
107 وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ
Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк.
108 قُلْ إِنَّمَا يُوحَى إِلَيَّ أَنَّمَا إِلَهُكُمْ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَهَلْ أَنْتُمْ مُسْلِمُونَ
“Акыйкатта, Силердин Кудайыңар – жалгыз Кудай экендиги мага кабар кылынды. Силер мойун сунуп мусулман болосуңарбы?” - дегин.
109 فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُلْ آذَنْتُكُمْ عَلَى سَوَاءٍ وَإِنْ أَدْرِي أَقَرِيبٌ أَمْ بَعِيدٌ مَا تُوعَدُونَ
Эгерде алар баш тартышса, айт: “Силердин баарыңа бирдей эле кабарладым. Бирок, силерге убада кылынган нерсе жакынбы, же алыспы, биле албаймын;
110 إِنَّهُ يَعْلَمُ الْجَهْرَ مِنَ الْقَوْلِ وَيَعْلَمُ مَا تَكْتُمُونَ
Акыйкатта, Ал ачык сүйлөгөндү да, жашырганыңарды да билип турат.
111 وَإِنْ أَدْرِي لَعَلَّهُ فِتْنَةٌ لَكُمْ وَمَتَاعٌ إِلَى حِينٍ
Мен силер үчүн мүмкүн бул сыноо жана бир мөөнөткө чейинки пайдалануу экендигин биле албаймын.”
112 قَالَ رَبِّ احْكُمْ بِالْحَقِّ وَرَبُّنَا الرَّحْمَنُ الْمُسْتَعَانُ عَلَى مَا تَصِفُونَ
“Оо, Эгем! Акыйкаттык менен өкүм кыл! Биздин Эгебиз Мээримдүү! Силер сыпаттап жаткан нерсеге каршы Андан гана жардам суроо ылайык”, – деди (ал).
a. “Аллахнын баласы бар” – деп айткандары.