бөлүм Анбия - الأنبياء

81 وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ عَاصِفَةً تَجْرِي بِأَمْرِهِ إِلَى الْأَرْضِ الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا وَكُنَّا بِكُلِّ شَيْءٍ عَالِمِينَ

Сулайманга анын буйругу менен Биз кут даарыткан жерге жүрсүн (соксун) деп катуу шамалды баш ийдирдик. Биз бардык нерселерди билебиз.

82 وَمِنَ الشَّيَاطِينِ مَنْ يَغُوصُونَ لَهُ وَيَعْمَلُونَ عَمَلًا دُونَ ذَلِكَ وَكُنَّا لَهُمْ حَافِظِينَ

Суу түбүнө чумкуй турган жана андан башка иштерди кыла турган шайтандарды (жиндерди ага баш ийдирдик). Аларды өзүбүз сактаган элек.

83 وَأَيُّوبَ إِذْ نَادَى رَبَّهُ أَنِّي مَسَّنِيَ الضُّرُّ وَأَنْتَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ

Айуп Эгесине (жалбарып) үн салды: “Мага бир балээ келди, а Сен боорукерлердин боорукерисиң!”

84 فَاسْتَجَبْنَا لَهُ فَكَشَفْنَا مَا بِهِ مِنْ ضُرٍّ وَآتَيْنَاهُ أَهْلَهُ وَمِثْلَهُمْ مَعَهُمْ رَحْمَةً مِنْ عِنْدِنَا وَذِكْرَى لِلْعَابِدِينَ

Биз тараптан ырайым иретинде, пенделерге эскерме үчүн, анын тилегин кабыл кылып, андан балээлерди кетирдик, ага өз үй-бүлөсүн жана мурункусун эселентип бердик.

a. Сабак болуусу үчүн.

85 وَإِسْمَاعِيلَ وَإِدْرِيسَ وَذَا الْكِفْلِ كُلٌّ مِنَ الصَّابِرِينَ

(Эстегин) Ысмайыл, Ыдрыс, Зул-Кифл баарысы сабырдуулардан эле.

86 وَأَدْخَلْنَاهُمْ فِي رَحْمَتِنَا إِنَّهُمْ مِنَ الصَّالِحِينَ

Алардын баарын Биз ырайымыбызга бөлөдүк. Анткени алар жакшылардан эле.

87 وَذَا النُّونِ إِذْ ذَهَبَ مُغَاضِبًا فَظَنَّ أَنْ لَنْ نَقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَى فِي الظُّلُمَاتِ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ

Зун-Нунду (эсте). Биздин аларга алыбыз жетпейт деп ойлоп, ал ачуулана кетип калган эле. Ал караңгылыктарда Бизге жалынды: “Сенден башка Кудай жок! Сен аруусуң! Албетте, мен адашкандардан болдум!”

a. Йунус (а.с.) жүнүндө сөз болууда. b. Ассирийадагы Ниневийа шаарынын күнөөлүү иштерди кылып жаткан коомуна. c. Түндүн караңгылыгы, деңиздин караңгылыгы жана киттин ичиндеги караңгылык.

88 فَاسْتَجَبْنَا لَهُ وَنَجَّيْنَاهُ مِنَ الْغَمِّ وَكَذَلِكَ نُنْجِي الْمُؤْمِنِينَ

Биз аны уктук жана аны кайгыдан куткардык. Момундарды ушинтип куткарабыз.

89 وَزَكَرِيَّا إِذْ نَادَى رَبَّهُ رَبِّ لَا تَذَرْنِي فَرْدًا وَأَنْتَ خَيْرُ الْوَارِثِينَ

Закарийа Эгесине: “Эгем, Сен мураскорлордун эң мыктысысың, мени жалгыз калтырба”, – деп жалынды.

a. Мураскорсуз.

90 فَاسْتَجَبْنَا لَهُ وَوَهَبْنَا لَهُ يَحْيَى وَأَصْلَحْنَا لَهُ زَوْجَهُ إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ

Биз ага да жооп кылып, Йахйаны бердик жана анын айалын (төрөөгө) жарамдуу кылдык. Акыйкатта, алар жакшы иштерге шашылышкан, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар Бизге мойун сунуп, баш ийишкен.

a. Жогорку пайгамбарлар.

91 وَالَّتِي أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهَا مِنْ رُوحِنَا وَجَعَلْنَاهَا وَابْنَهَا آيَةً لِلْعَالَمِينَ

Ал (Марйам) өз абийирин сактаган эле, Биз ага Өз рухубуздан үйлөдүк, аны жана уулун бүткүл ааламдар үчүн белги кылдык.

a. Жебрейил (а.с.) аркылуу. b. Иса (а.с.)ды. c. Керемет.

92 إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ

Акыйкатта үммөтүңөр бир эле үммөт. Мен силердин Эгеңермин. Мага гана сыйынгыла!

a. Бардыгыңардын диниңер бирөө эле.

93 وَتَقَطَّعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ كُلٌّ إِلَيْنَا رَاجِعُونَ

Алар өз иштеринде ажырап-бөлүнүштү. Баарысы Бизге кайтарылат.

94 فَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا كُفْرَانَ لِسَعْيِهِ وَإِنَّا لَهُ كَاتِبُونَ

Ким жакшы иштерди жасап момун болсо, анын аракети жокко чыгарылбайт. Биз аныкын жазып койобуз.

a. Периштелер жазып койот.

95 وَحَرَامٌ عَلَى قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا أَنَّهُمْ لَا يَرْجِعُونَ

Биз ойрондогон калаалардын жашоочулары кайра кайтуусу тыйуу салынган,

a. Биз аларды Кыйаматка тирилгенге чейин кайрадан келбегидей кылып ойрондодук.

96 حَتَّى إِذَا فُتِحَتْ يَأْجُوجُ وَمَأْجُوجُ وَهُمْ مِنْ كُلِّ حَدَبٍ يَنْسِلُونَ

Йажуж, Мажуж ар бир дөбөдөн агылып келгенге чейин.

97 وَاقْتَرَبَ الْوَعْدُ الْحَقُّ فَإِذَا هِيَ شَاخِصَةٌ أَبْصَارُ الَّذِينَ كَفَرُوا يَا وَيْلَنَا قَدْ كُنَّا فِي غَفْلَةٍ مِنْ هَذَا بَلْ كُنَّا ظَالِمِينَ

Ошентип, убада кылынган чындык жакын келет, каапырлардын көздөрү алайып: “Оо куруп калалык! Биз мындан капарсыз жана заалым болгон экенбиз” – дешет.

98 إِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ حَصَبُ جَهَنَّمَ أَنْتُمْ لَهَا وَارِدُونَ

Акыйкатта, силер жана Аллахнын ордуна силердин табынып жаткандарыңар тозок үчүн отун гана. Силер ага киресиңер.

99 لَوْ كَانَ هَؤُلَاءِ آلِهَةً مَا وَرَدُوهَا وَكُلٌّ فِيهَا خَالِدُونَ

Эгерде алар кудайлар болсо, анда ага киришпес эле. Алар анда түбөлүккө калышат.

a. Сөлөкөттөр. b. Тозокко.

100 لَهُمْ فِيهَا زَفِيرٌ وَهُمْ فِيهَا لَا يَسْمَعُونَ

Алар анда онтолошот, а тигилер эч нерсе угушпайт.

a. Сөлөкөттөргө сыйынгандар.