бөлүм Тооха - طه

121 فَأَكَلَا مِنْهَا فَبَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ وَعَصَى آدَمُ رَبَّهُ فَغَوَى

Ошондо алар экөө андан жешти да, дароо уйаттуу жерлери көрүнүп калды. Ошондуктан экөө Бейиштин жалбырактарынан жамына башташты. Ошентип, Адам Эгесине күнөөкөр болуп, жолдон тайды.

a. Алла жешке тыйуу салган дарактын жемишинен

122 ثُمَّ اجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَتَابَ عَلَيْهِ وَهَدَى

Андан кийин Эгеси аны Өзүнө жакындатып, тообосун кабыл кылып, Туура Жолго салды.

123 قَالَ اهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى

Бир-бириңе душман болгон бойунча (Бейиштен) баарыңар түшкүлө. Эгер экөөңө Мен тараптан бир тууралык келип, ким туура жолума түшсө, ошондо ал адашпайт да, бактысыз да болбойт.

a. Адам Ата менен Обо Энеге

124 وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

Ал эми ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыйаматта сокур кейипте жыйнайбыз.

a. Курандан b. Алланын сансыз жакшылыктарын көрбөгөн, көргүсү да келбеген, тескерисинче баарын чанып: “Мен бардык ийгиликтерге өзүмдүн акылдуулугумдан жетип жатам!” – деген каапырларды Кыйамат Күнү Махшар майданына

125 قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَى وَقَدْ كُنْتُ بَصِيرًا

Ал: “О Эгем! Мени эмнеге сокур кылып тирилттиң? Чындыгында, мен (дүйнөдө) көрчү эмес белем?”,–дейт.

126 قَالَ كَذَلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا وَكَذَلِكَ الْيَوْمَ تُنْسَى

(Алла): “Мына ушундай. Анткени сага айаттарыбыз келген эле. Ошондо сен аларды унуткансың. Ошол сыйактуу, бүгүн сен да унутта каласың”,– деп айтат.

a. Курандын айаттарын (б.а. аткарган эмессиң, амал кылган эмессиң...) b. Чангансың,

127 وَكَذَلِكَ نَجْزِي مَنْ أَسْرَفَ وَلَمْ يُؤْمِنْ بِآيَاتِ رَبِّهِ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَشَدُّ وَأَبْقَى

Чектен чыгып, Эгеңдин айаттарына ыйман келтирбеген адамды да ушундай жазалайбыз. Албетте, акырет азабы ары катуу, ары түбөлүктүү.

a. Курандагы

128 أَفَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِأُولِي النُّهَى

Аларды өз журттарында мурда болуп өткөн өздөрүнөн мурункулардын (кайгылуу) өрнөктөрү Жолго салбадыбы? Чындыгында эле мына ушуларда акыл ээлери үчүн сабактар бар.

a. Ошол өткөн тарыхта

129 وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَكَانَ لِزَامًا وَأَجَلٌ مُسَمًّى

Эгер Эгең тарабынан берилген убада, же белгиленген мөөнөт болбогондо, албетте, анда алардын иштери бүткөн болот эле.

a. Анда алардан сурагын Кыйаматка калтырбастан эле күнөө кылары менен дароо жок кылып, кыйратып турмакпыз

130 فَاصْبِرْ عَلَى مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا وَمِنْ آنَاءِ اللَّيْلِ فَسَبِّحْ وَأَطْرَافَ النَّهَارِ لَعَلَّكَ تَرْضَى

Ошондуктан алардын айткандарына сабыр кыл. Күндүн чыгышынан жана Күндүн батышынан мурун Эгеңди макта, (Аны) аруула! Кечки убактарда жана күндүздүн эки тарабында да (Эгеңди) аруула. Балким, ыраазылыкка бөлөнөөрсүң.

a. Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин b. Күнү бойу: Түшкө чейин да, түштөн кийин да

131 وَلَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَى مَا مَتَّعْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِنْهُمْ زَهْرَةَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا لِنَفْتِنَهُمْ فِيهِ وَرِزْقُ رَبِّكَ خَيْرٌ وَأَبْقَى

Биз алардын кээ бирөөнө сыноо үчүн берген жыргал дүйнө жашоосуна суктанба. Эгеңдин берүүчү ырыскысы – эң мыкты, түбөлүктүү.

a. Бейиште

132 وَأْمُرْ أَهْلَكَ بِالصَّلَاةِ وَاصْطَبِرْ عَلَيْهَا لَا نَسْأَلُكَ رِزْقًا نَحْنُ نَرْزُقُكَ وَالْعَاقِبَةُ لِلتَّقْوَى

/й-бүлөңдү намазга буйруп, ага сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз. Сага Биз ырыскы беребиз. Жакшы акыбет – такыбаларга.

a. Намазга

133 وَقَالُوا لَوْلَا يَأْتِينَا بِآيَةٍ مِنْ رَبِّهِ أَوَلَمْ تَأْتِهِمْ بَيِّنَةُ مَا فِي الصُّحُفِ الْأُولَى

Алар: “Эгесинен бир керемет келтирбейби?”, – деп айтышат. Аларга мурунку китептерде даана далилдер келбеди беле?

134 وَلَوْ أَنَّا أَهْلَكْنَاهُمْ بِعَذَابٍ مِنْ قَبْلِهِ لَقَالُوا رَبَّنَا لَوْلَا أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًا فَنَتَّبِعَ آيَاتِكَ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَذِلَّ وَنَخْزَى

Эгер биз аларды андан мурда бир азап менен ойрон кылсак, анда алар: “(Эгебиз) бизге бир элчи жиберген болсо, кор болуп жана шорго малынуудан мурун Анын айаттарына ээрчимекпиз”, – дешчү.

135 قُلْ كُلٌّ مُتَرَبِّصٌ فَتَرَبَّصُوا فَسَتَعْلَمُونَ مَنْ أَصْحَابُ الصِّرَاطِ السَّوِيِّ وَمَنِ اهْتَدَى

( Эй, Мухаммед!) Аларга: “Баарыбыз айагын күтөбүз. Силер да күткүлө. Жакында кимдер туура жолдун ээси экени, ким туура жолду тапкандыгын билесиңер”, – деп айткын.

a. Азыр, бул дүйнөдө кылып жаткан амалдарыбыздын b. натыйжасын c. Кыйамат Күнү