бөлүм Тооха - طه

61 قَالَ لَهُمْ مُوسَى وَيْلَكُمْ لَا تَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ كَذِبًا فَيُسْحِتَكُمْ بِعَذَابٍ وَقَدْ خَابَ مَنِ افْتَرَى

(Муса) аларга: «Азапка түшкүрлөр! Аллага жалган жалаа жаппагыла. Болбосо силерди азап менен жок кылат. Чындыгында, ким жалаа жапса, ал толук зыйанга учурайт»,–деди.

62 فَتَنَازَعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ وَأَسَرُّوا النَّجْوَى

Алар өз ара тартышып, жашыруун кеңешишти.

a. Фараондор

63 قَالُوا إِنْ هَذَانِ لَسَاحِرَانِ يُرِيدَانِ أَنْ يُخْرِجَاكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ بِسِحْرِهِمَا وَيَذْهَبَا بِطَرِيقَتِكُمُ الْمُثْلَى

Алар: «Бул экөөсү – сыйкырчылар. Сыйкырлары аркылуу силерди журтуңардан чыгарат, ыйык диниңерди жок кылууну каалашат»,–дешти.

a. Муса менен Харун

64 فَأَجْمِعُوا كَيْدَكُمْ ثُمَّ ائْتُوا صَفًّا وَقَدْ أَفْلَحَ الْيَوْمَ مَنِ اسْتَعْلَى

(Фараон): «Ошондуктан бардык сыйкырларыңарды жыйнап, катарыңар менен келгиле. Чындыгында, бүгүн ким үстөм болсо, ошол ийгиликке жетет!», – деди.

65 قَالُوا يَا مُوسَى إِمَّا أَنْ تُلْقِيَ وَإِمَّا أَنْ نَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَلْقَى

Алар: «Эй, Муса! Тайагыңды (жерге) ташта, болбосо оболу биз таштайлы», – дешти.

66 قَالَ بَلْ أَلْقُوا فَإِذَا حِبَالُهُمْ وَعِصِيُّهُمْ يُخَيَّلُ إِلَيْهِ مِنْ سِحْرِهِمْ أَنَّهَا تَسْعَى

(Муса): “Жок, силер таштагыла!”,–деди. Ошол замат алар таштаган жиптери менен тайактары сыйкырлангандыктан, Мусага карай (сойлоп) келе жаткан жылан болуп элестеди.

67 فَأَوْجَسَ فِي نَفْسِهِ خِيفَةً مُوسَى

Ошондо Муса көөдөнүндө бир кооптонууну сезди.

68 قُلْنَا لَا تَخَفْ إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعْلَى

(Биз): “Коркпо! Сен үстөмдүк кыласың!”,–дедик.

69 وَأَلْقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلْقَفْ مَا صَنَعُوا إِنَّمَا صَنَعُوا كَيْدُ سَاحِرٍ وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُ حَيْثُ أَتَى

“Оң колуңдагыны (тайакты) ташта! Алардын жасагандарын жутуп алат. Алардын жасаганы, чындыгында, сыйкырчынын гана айла-амалдары. А сыйкырчы кайака барбасын (Алладан) кутула албайт!”, – дедик.

70 فَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سُجَّدًا قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ هَارُونَ وَمُوسَى

Ошондо бардык сыйкырчылар сеждеге жыгылышып: “Муса менен Харундун Эгесине ыйман келтирдик”,–дешти.

71 قَالَ آمَنْتُمْ لَهُ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ إِنَّهُ لَكَبِيرُكُمُ الَّذِي عَلَّمَكُمُ السِّحْرَ فَلَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ فِي جُذُوعِ النَّخْلِ وَلَتَعْلَمُنَّ أَيُّنَا أَشَدُّ عَذَابًا وَأَبْقَى

(Фараон сыйкырчыларга): “Мен силерге уруксат берүүдөн мурун (Аллага) ыйман келтирдиңерби?! Чындыгында, ал (Муса)– силерге сыйкыр үйрөткөн чоңуңар экен. Эми, албетте, колуңарды да, буттарыңарды да кайчылаштыра кесемин. Анан силерди курма дарактарынын бутактарына асамын. Ошондо кимибиздин азабыбыз катуу да, туруктуу да экенин билесиңер”,–деди.

72 قَالُوا لَنْ نُؤْثِرَكَ عَلَى مَا جَاءَنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالَّذِي فَطَرَنَا فَاقْضِ مَا أَنْتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا

Алар: “Бизге келген далилдерден (кереметтерден) улам бизди Жаратуучудан сени артык көрө албайбыз. Эмне өкүм бере турган болсоң, дароо бер. Албетте, сен ушул (убактылуу) дүйнөдө гана өкүм жүргүзө аласың.

a. Алладан

73 إِنَّا آمَنَّا بِرَبِّنَا لِيَغْفِرَ لَنَا خَطَايَانَا وَمَا أَكْرَهْتَنَا عَلَيْهِ مِنَ السِّحْرِ وَاللَّهُ خَيْرٌ وَأَبْقَى

Чындыгында, биз кетирген каталарыбызды жана сен бизди жасоого зордогон сыйкырларыбызды кечирүүсү үчүн Эгебизге ыйман келтирдик. Анткени, Алла – Эң Мыкты, Кечиримдүү!

a. Аллага

74 إِنَّهُ مَنْ يَأْتِ رَبَّهُ مُجْرِمًا فَإِنَّ لَهُ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَى

Ким Эгебизге күнөөкөр абалда келсе, албетте, ал үчүн Тозок бар. Ал жерде ал жашай да, өлө да албайт.

75 وَمَنْ يَأْتِهِ مُؤْمِنًا قَدْ عَمِلَ الصَّالِحَاتِ فَأُولَئِكَ لَهُمُ الدَّرَجَاتُ الْعُلَى

Ким Ага ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган абалда келген болсо, мына ошолорго жогорку даражалар бар:

a. жүрүп Анын алдына

76 جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَذَلِكَ جَزَاءُ مَنْ تَزَكَّى

Алдынан дарыйалар агып турган Адн бактары (ошолор үчүн). Алар ал жерде түбөлүккө калышат. Бул – тазалангандын сыйлыгы.

a. Бейиштин аты

77 وَلَقَدْ أَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِي فَاضْرِبْ لَهُمْ طَرِيقًا فِي الْبَحْرِ يَبَسًا لَا تَخَافُ دَرَكًا وَلَا تَخْشَى

(Биз Мусага): “Пенделеримди түндөсү алып чыгып кет. Аларга деңизден кургак жол жаса. Алардын кууп жетишинен (жана чөгүп кетүүдөн да) коркпо!”,–деген кабар жибердик.

a. Исраил урпактарын b. Фараондун аскерлеринин

78 فَأَتْبَعَهُمْ فِرْعَوْنُ بِجُنُودِهِ فَغَشِيَهُمْ مِنَ الْيَمِّ مَا غَشِيَهُمْ

Ошондо аларды кууган Фараон менен анын аскерлерин деңиз каптады (чөктүрдү).

79 وَأَضَلَّ فِرْعَوْنُ قَوْمَهُ وَمَا هَدَى

Фараон өз элин адаштырып, туура жолго салбаган эле.

80 يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ قَدْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ عَدُوِّكُمْ وَوَاعَدْنَاكُمْ جَانِبَ الطُّورِ الْأَيْمَنَ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَى

Эй, Исраил урпактары! Силерди душмандарыңардан куткарып, Тур тоосунун оң жагын силерге убада кылдык. Силерге ”манна”, “салваа” аттуу тамактарды (асмандан) түшүргөнбүз.

a. Чөлдө калган кезиңерде b. Асмандан Алла тарабынан түшүрүлгөн тамак c. канаттуу